УКМК Баткенде жихадчылар тобу колго түшүрүлгөнүн билдирди

УКМК Баткенде жихадчылар тобу колго түшүрүлгөнүн билдирди

Мекеменин маалыматына караганда, Кызыл-Кыя шаарындагы жихадчылар жамаатынын 29, 30 жана 41 жаштагы үч мүчөсү Кылмыш-жаза кодексинин “Куралды жана ок-дарыны мыйзамсыз жүгүртүү” деген 267-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түшүрүлдү.

Кармалгандардын бири “Абу Нур” кылмыштуу тобунун лидери, бири террордук материалдардын жайылтуучусу, ал эми үчүнчүсү жамааттын мүчөлөрүнүн дене тарбия даярдыгы үчүн жооптуусу экени, алар Сириядагы согушкерлерге каржылык жардам көрсөтүү үчүн бир жылдан бери адамдарды карактоо менен алектенип келгени аныкталды.

Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн жашаган жеринен түрдүү курал-жарак жана тыюу салынган китептер табылганы маалымдалды.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.