Айбек ДАЙЫРБЕКОВ: «Сыйлык татыктууларга берилбегенден кийин, аны жоюп эле салбайсыңарбы…»

Айбек ДАЙЫРБЕКОВ: «Сыйлык татыктууларга берилбегенден кийин, аны жоюп эле салбайсыңарбы…»
РЕДАКЦИЯДАН: Президент Садыр Жапаров кечээ, 2-сентябрда Эгемен күнүнө карата мамлекеттик сыйлыктарды, наамдарды тапшырды. Сыйлык ээлеринин арасында татыксыздар да бар экенин коомчулук социалдык тармактарга жазып чыгышты жана жазышууда… Өзгөчө
«Кыргыз Эл Баатыры» наамын алган УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев сынга кабылды. Бирок, элдин мындай сынына президент макул эмес. Анын айтымында, бул наамга кан досу татыктуу экен. «Жаңжалды токтотуп, эки элди элдештирүүнүн сап башында Камчыбек Ташиев турганын эч ким тана албайт»,-деди. Ал эми Камчыбек Ташиев бул наамды ыйгаруу ага күтүүсүз болгонун кубануу менен журналисттерге айтып, президентке ыраазычылык билдирген. Бул наамга чейин «Регион» телеканалы ага Июнь коогасы маалында жасаган иштерине байланыштуу «Кыргыз Эл Баатыры» наамы Камчыбек Ташиевге берилиши керектиги тууралуу атайын сюжет даярдаган.

Талант, маңдай тер жана интригалар…

Бүгүн, 3-сентябрда белгилүү кинорежиссер Айбек Дайырбеков сыйлык алгандардын баарын куттуктап, кемчиликсиз болбогонун баса белгилеп, «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй пост калтырды: 

— Кыргызстанда баардык ишмерлер жердешчилигине, кландарга, партияларга бѳлүнгѳнүнѳ карабай, чоң эки топко эле бѳлүнѳт: Биринчиси: таза иштеп, уурдабай, улуп-жулбай, ѳмүрүн ишине, мекенине байлагандар. Экинчиси – интригандар. Булар ар кимдин эшигин каккылап, сѳз ташып, атаандаштарын кѳѳ менен шыбап сыйлыктарды, кызматты алып жанын баккандар. Бул эки чоң күч, негизи, теңме-тең келет..
Сыйлыктар тапшырылган сайын 80 пайызы эмгеги үчүн алып, 20 пайыздайы тааныш-туунуш менен алчы эле. Бул жолу тескерисинче болуп калгандай. Ак жүргѳн байкелер, тараза ооп бараткансыйт. Таза жүргѳндѳр чалып сурай башташты, «искусствого, профессионализмге кайдыгер мамиледен тажадык, акчасын деле берет элек. Кимге бериш керек экен?» дей башташты. Андай нерсеге аралашып кѳрбѳгѳн мен дагы эмне деп жооп беришти билбейт экенмин.
Былтыр, кыргыз киносунун 80 жылдыгында 3 эле кинематографистке сыйлык берип коюшкан. Маданият министри Азамат Жаманкулов сѳз берди эле, «туура эмес болуп калды, кийинкисинде болгон күчүмдү жумшайын, кинематографисттер кѳп ийгиликтерге жетишип атасыңар» деп. Же кинону түшүнбѳйбү, же анын сѳзүн угушпайбы? Болбосо комиссияга какшап, тастыктап бере турган биринчи киши министр эмеспи? Кыргыз киносун ѳнүктүрѳ турган стратегиялык маанилүү бир канча долбоорду Маданият министрлиги дагы, Департамент дагы колдобой койгонун ѳзүнчѳ жазайын.
Баса, кинематографисттердин акыркы бир жылдагы эле ийгилигин айтып ѳтсѳм:
2021-жылдын 1-сентябрынан бери кыргыз кинолору эл аралык аренада 164 фестивалга катышып, 95 сыйлык алыптыр. 95! Булар мен билгендери гана. Алдыда тѳрт кино абройлуу, дүйнѳ жүзүндѳгу эң чоң фестивалдарга катышканы турат. Маданияттын башка кайсы тармагында ушундай ийгиликтер бар? Айтып койгулачы, бир мактангылачы! Мүмкүн билбей жүрѳбүз. Баардыгын чогултсаңар дагы мынча сыйлык бир жылда чыкпаса керек. Бул профессионалдык кинематограф жѳнүндѳ. Ал эми элдик кино дей турган болсок,
Кыргызстанга Хабиб сыяктууларды жума сайын алып келсеңер дагы алардын кѳрүүчүлѳрү кинонун кѳрүүчүлѳрүнѳ жетпейт. Миллиондогон адамдар үчүн эң жеткиликтүү – бул кино. Расмий статистика дагы бар. Ишенбесеңер карап койгула, Кыргызстанда жылына канча миллион адам кинотеатрлардан кино кѳрүп жатканын.

Кыргызстандын бренди – киносу…

Же материалдык жактан колдой албайсыңар, же моралдык жактан колдой албайсыңар. Же кинематографисттер дагы жакшылыгыңарга барып ырдап берип, тоюңарда тамада болуп жүрсүнбү?
Кино тармагы – маданияттын эң чоң тармагы. Миңдеген адам кызмат ѳтѳйт, канча кино театрлар, студиялар бар. Канча үй-бүлѳ жанын багып келатат. Кыргызстан жѳнүндѳ канчалаган ѳлкѳ кино аркылуу тааныйт. Анан сыйлыка келгенде башка бир мекеме алган сыйлыктардын теңинен аз алып калышат.
Геннадий Базаров, Манас Мусаев, Темир Бирназаров, Эрнест Абдыжапаров, Садык Шер-Нияз, Эмил Борончиев сыяктуу, дагы кѳптѳгѳн ага-эжелерибиз татыктуу эмепи? Канча режиссер, оператор, сценаристтер, сүрѳтчүлѳр, монтажерлор, үн режиссерлору, аниматорлор, кийим боюнча сүрѳтчүлѳр, гримерлор, продюсерлер, экинчи состав жүрѳт. Анан итке сѳѳк ыргыткансып 2-3 сыйлык таштап койосуңар. Же, алардын дагы ѳлүшүн күтүп жүрѳсүңѳрбү? Кѳзү ѳткѳндѳн кийин берели деп?..
Эрнест Абдыжапаровго берсеңер дагы албайт. Ѳзүнѳн сурабай туруп алып барып бериш керек. Алып койчу деп сураныш керек. Кайдыгерлик мамиледен эбак тажап, принциптерин ѳзгѳрткѳн.

Отузунда орок орбогон кыркында кылыч чаппайт!

Баарыбыз сыйлаган кесиптеш агаларыбыз мындан жыйырма жыл мурун эле кээде арманын айтып калышчы эле: «Биз жаш кезде Болот Шамшиев, Тѳлѳмүш Океев сыяктуу залкарлар бизге кино тарттырышчу эмес, жол беришчи эмес» деп. Бүгүн ошол байкелер ѳздѳрү залкар болуп калгандарын сезбей, дагы деле тагдырына даттанып олтурушат, «силер жашсынар» деп 30-40 жаштагыларга бут тосуп. Азыркы жаштардын арасында мыктылар бар. 60 жаштан ашкан кээ бир Эл артисттери тарта элек кинону тартып койгондор бар. Жок, баары бир алар жаш. Биз тактыда олтурганда силер чүкѳ ойноп тургула деген психология. Байкелер, жаштарды кѳтѳрмѳлѳй турган силерсиздер. Маданият министрине, Президенттик аппараттагыларга айта турган сиздер эмеспи? Же жаштар дагы силердин ѳтүп кетишиңерди күтүш керекпи?
Сыйлыктарды тааныш-билиш менен берүүнүн кесепетин сезбей турасыздар. Бүгүн чуркап жүрүп сыйлык алгандар эртең ѳздѳрү сыйлыкты кимге берүүнү чече башташат. Кезеги келгенде алар дагы байке-жакесине берет. Ошентип жүрүп ансыз дагы далай нерсени талкаладыңар. Андан кѳрѳ жоюп эле салбайсыңарбы?
Баса, жогору жактагылар, тезирээк мушкерлердин баарына бирден үй алып бергилечи. Мүмкүн ошондон кийин маданият ѳкүлдѳрүнѳ кезек жетет. Жок дегенде искусство деп ѳмүрүн арнагандардын сѳѳгү ѳз үйүнѳн чыгып калсын…
Уландысы ажобузду уят кылып, кыргыз маданиятын тепселеген «шерменде» «шлягер» жѳнүндѳ болмокчу.
Айбек ДАЙЫРБЕКОВ

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.