Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Зөөкүрлүккө чекит койгула, бурадарлар!»

Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Зөөкүрлүккө чекит койгула, бурадарлар!»

Бурул КАЛЧАБАЕВА: «Бир жыйынтыкка келбесек болбой калды!»

Жазуучулар союзунун мүчөсү, белгилүү драматург Бурул Калчабаева «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу бийликке кайрылды:
— Урматтуу Президент Садыр Жапаров!
Урматтуу Камчыбек Ташиев!
Урматтуу Курманкул Зулушев!
Урматтуу Талант Мамытов!
УКМКанын кызматкерлерине, сотторго үй курганды токтотуп (алар эч кимге кор болбойт), биринчи кезекте ар бир аймакка же борборго мигранттын балдары үчүн мектеп-интернат кургула!
Балдар, айрыкча кыздарыбыз кордолуп жатат.
Мыкты тарбиячыларды, мугалимдерди чогулткула.
Ата-энелер балдары үчүн ата-энесине, ага-жеңесине жөнөткөн акчаны, ошол балдарынын өз эсебине которсун.
Бир жыйынтыкка келбесек болбой калды!
Дагы канча секелек кордолот?
Балдарга мамлекет тарабынан колдоо, көзөмөл болбосо жеткен чегине жеттик окшойт.
СССР доорунда мыктылардын көбү интернатта жатып окуп, таалим тарбия алаган.
Бул бүгүн замандын талабы болуп турат.
Зөөкүрлүккө чекит койгула, бурадарлар!

Колу артка жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулуп өлтүрүлгөн окуучу кыз…

 

Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон окуучу кыз тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматынын бүгүн, 5-сентябрда билдирүү таратты. Ал толугу менен төмөндө:
— 2022-жылдын 4-сентябрында, саат 15:25 чамасында Кадамжай РИИБге телефон аркылуу Кадамжай районунун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада багында белгисиз аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы маалымдалган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, төмөнкүлөр аныкталган. Кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал, Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургуну 2008-жылы туулган кыз К.А. экендиги аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту (Адам өлтүрүү) менен каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын тургундары 1997-жылы туулган М.Ш. 1995-жылы туулган Г.Д., жана 1998-жылы туулган А.у.С. аттуу жарандар кармалып убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Г.Днын үйүнө  тинтүү жүргүзүлүп,  “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү унаа далил катары алынган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Коомчулуктун талабы!

Кийинки күндөрү жашы жете элек секелек кыздарды кордогон, зордуктаган, өлтүргөн мыкаачылар көбөйүп баратат. Ошондон улам, коомчулук андай педофилдерге өлүм жазасын талап кылууда. Бир ай мурун эле бир жашы жете элек 13 жаштагы кызыбыз зордукталган. Бул маселе боюнча да коомчулук бийликке кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.
Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр (2021-жылы) кооптуу мамлекет катарына кирген.
Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.