Руслан Бекназаров диний экстремизмге байланыштуу камалды. Атасынын айтымында…

Руслан Бекназаров диний экстремизмге байланыштуу камалды. Атасынын айтымында…

Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров диний экстремизмге байланыштуу камалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМдин маалыматы боюнча Бекназаров…

Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматында мындай деп жазылган: «ИИМдин Тергөө кызматы социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат. Мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбукта Кыргызстандын аймагында ишмердигине тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин «экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу» беренеси менен катталган. Кылмыш ишинин алкагында 1981-жылы туулган жаран Р. Б. ИИМдин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Кылмыш жаза-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, ал Бишкек ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда».

Атасынын айтымында…

Азимбек Бекназаров «Азаттыкка» буларды айткан: «Русланды бүгүн эртең менен саат 8дер чамасында милициянын он чакты атайын кызматкери үйүнө бастырып кирип, колун кайрып кармап кетишкен. Андан кийин анын үйүн толук тинтип, колуна урунган китеп, дисктерди алып кетишиптир. Менин Аксы окуясына байланыштуу дисктерим да бар болчу, аларды да алып кетишиптир. Суракка чакырган мындай болбойт, бул түздөн-түз кармоо болуп саналат. Бул эскертүү. Бирок менин бийликке каршы сүйлөгөнүмдү эч ким токтото албайт. Ал үчүн өлүмгө барганга да даярмын. Бирок булар мени чөгөлөтө албайт. Бул саясат. Менин уулум буга моралдык жактан даяр болчу. Ал өзүнүн актыгын тастыктап алат. Аны сындырууга да аракет кылышат. Анткени булардан баарын күтүүгө болот».

Руслан Бекназаров кандай кызматтарда иштеген?

Руслан Бекназаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков бийлигинде президенттик аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт болуп иштеген, кийин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүндө башчы болуп эмгектенген. Былтыр (2021-жылы) парламенттик шайлоого «Азаттык» партиясынын тизмеси менен катышкан. Жакында эле мамлекеттик кызматка барган, тагырагы, Бишкектеги Свердлов районунун акиминин орун басары болуп ушул жылдын июнь айында дайындалган.

Ал эми атасы Азимбек Бекназаров  Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп 2019-жылы дайындалган. Быйыл август айында президент Садыр Жапаровдун буйругу менен кызматтан бошотулган.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.