Данияр ИСАНОВ: «Чындык деп чыңырган, калыстык деп кармашка түшкөн – Мелис Эшимканов болчу…»

Данияр ИСАНОВ: «Чындык деп чыңырган, калыстык деп кармашка түшкөн – Мелис Эшимканов болчу…»

Эсен болуп, эстей жүр!

РЕДАКЦИЯДАН: 15-сентябрь. Дал ушул күнү «Жаштык жарчысы», «Асаба», «Агым» гезиттеринде башкы редактор болгон, президенттик шайлоодо талапкер (2000-жылы), Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты (2005-жылы) болгон белгилүү саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Эшимканов Мелис Асаналиевич көз жумган. Сөөгү 18-сентябрда «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлган. Андан бери 11 жыл өтүптүр. Аттиӊ арман, көзү тирүү болгондо 9-декабрда 60 жашка чыкмак экен…

60 жылдыгын утурлай, белгилүү журналист Данияр Исанов Мелис агабыз тууралуу 19 мүнөттүк даректүү тасма даярдап, эссе жазыптыр. 

КОҢГУРОО

(Эссе)

 Чыгаан журналист жана саясатчы МЕЛИС ЭШИМКАНОВдун бейнесине сүртүмдөр

Өзүн өзү издеп машакатка түшүү. Акыйкатты аңдайм деп азапка батуу…

Аң-сезимде жүрүп жаткан өзгөрүүнү, жан дүйнөгө түшкөн бүлүктү, коомдо болуп аткан бурулуштардын булагы кайдан келүүдө деп түйшөлүп, айланаңдагылардын көбүнүн куру намыс менен ар намысты айырбаштап алгандарын карап туруп канкакшап айтуу…

Анан да саясат дегендин өзөгүн эмне түзөт? Саясатчы кандай болушу кажет? Көз талытып, кол жоорутуп эмгектенбей туруп курулай кыялга жетеленип эрдемсинүүнүн арты эмнелерге алпарат?

 * * *

 Улуу жалгыздык. Улуу жымжырттык…

Сөз оролу келгенде хандан-бектен тайманбай ачуу чындыкты айтып, коомго талбай коңгуроо кагуу…

Коңгуроо эгер ордунан козголбосо, айланага добуш салбаса, анда анын неси коңгуроо?! Демек, коңгуроону да кага билген, коомго анын үнүн жеткирем деп жаналакетке түшкөн адам да керек. Акыйкатында, коңгуроону коомго козголоңчул адам гана кагат.

Козголоңчул дегенибиз, коомдун сезимин селт эттиргенге жарашы шарт. Өз ою, өз жолу бар, өзгөлөрдөн өзгөчөлөнгөн жан гана коом ичинде жарк этип жанат. Аң-сезимге бурулуш жасап, атпай журтка акыйкатты айтам деп машакатка түшкөн, коркунучтуу жолдор менен басып, коркуу сезимин четке сүргөн адам көпчүлүктүн эсинде калаары бышык.

Эче миңдеген журналисттер бар, бири-бирин кайталайт, бириникин бири көчүрөт.    Бирининин пикирин бири улайт. Жазганы супсак. Калеми мокок. Кепке чоркок…

Чыныгы журналист өз алдынча чыйыр салып, жалпы элге жаңычылдыкты алып келгенде гана эл арасына терең сиңет. Андай эле, мындай эле дейбиз, бирок, бир чындыкты айта кетүү парз. Коомчулук арасында кандай гана түркүн кеп, түрдүү айыңдар айтылбасын баары бир кыргыз журналистикасында чагылгандай чартылдап, чагылган сындуу бүткүл окурмандарын селт эттире калеминин күчү менен багындырып, буркан-шаркан түшкөн ички кубаты, көпчүлүктү өзүнө имере алган харизмасы, сөзгө чечендиги, саясий оюндарда оппоңой эле упай топтоп чоң утуштарга ээ болгону менен жарк этип жашап, жалп этип өмүрдөн эрте өтсө да ысымы тарыхта түбөлүк өчпөс болуп калган инсан, ал – Мелис Эшимканов!

 * * *

Эл ырыскысына кол салбагыла!

  • Мамлекеттик мүлккө кол салгандар аёсуз жазалансын! – деп айгай салышып, каратаман элдин канын соргондорду букара журт баам салбады…
  • Коммунизмге бир кадам гана калды! – дегендер, аныгында кыялдагы бейишти өзүлөрү үчүн курушкан эле.

Мына ушундай көрүнүштөрдү, саясаттын казаны кандайча кайнап, кимдер курмандыкка чабылып, кимдер убайымга батып атышканын советтик өлкө ичинде искусство өкүлдөрүнүн айрым бирлери гана баам салып байкашканы болбосо, көптөрү ооз көптүрүп ураалаган ураандарга шыкак берип, кирпичтей китептерди, жалаяктай макалаларды жаза беришти.

Сексенинчи жылдардын жаштары мурунку муундардан айырмаланып советтик системанын тамырына доо кетирип аткан көрүнүштөрдү, эл турмушун эмне кемирип атканын, жалган убада, жалган отчёт, бөрк ал десе баш алгандын кесепети, идеологиянын аркасы менен элдин башын маң кылуу аракеттерин акыйкат издеп азапка батышкан эргүүсү мол кинорежиссёр Андрей Тарковский, жазуучу жана кинорежиссёр Василий Шукшин, коомдун жарасын сынга алып сыздаган акын Владимир Высоцкийдин эмгектерине сугарылган жаштардын арасында кыргыздын бир өткүр уулу өсүп жетилип келатты. Ал, бала күнүнөн журналистикага аралашып, кийин бүткүл кыргыз калкына төбөсү көрүнүп,  эгемен Кыргызстандын тарыхында эркиндикти, теңдикти жар салган Мелис Эшимканов эле. Деги эле 1970-1980-жылдардын илим-билимге умтулган баамчыл жаштары генсектердин жана анын айланасындагы кошоматчыларынын калың элдин алакандарын кызуу чаптырып ырахат алышаарын, кулдай иштетип туруп, курулай кыялдарга жетелеп атышканын терең түшүнүшкөн.

 * * *

Табият койнунда дүйнөнү таанып, табият койнунда жан дүйнөсүнө бүлүк түшүп, кай бирде ээнсиреген аска-зоо арасынан күнүмдүк бүтпөгөн тириликти мойнуна эртелеп артып, таңдан кечке мал жайгандан, кой кайтаргандан тажап, анан калса ата-энесинен оолак араңжан жаралган баланын жанын ажалдан арачалап өз энесиндей өстүргөн Күкү энеси, тагыраагы, атасы Асанаалынын бир тууган агасынын катаал мүнөзүнө каныгып, колунда жети жашка дейре жетилип, ошол Ат-Башынын “Кызыл-Туусу” аркылуу көз ачып көркөмдүктү көрүп, тели-теңтуштары жок көбүнесе жымжырттыктын койнунда калып жеткинчек кезин өткөргөн Мелис – аныгында азаптуу турмуштун даамын эртелеп таткан.

Качан мектеп босогосун аттаар кезде гана ордо калаада турушкан ата-энесинин колуна келген Мелис жымжырт жаткан жаратылыш койнунан ажырап, күжүлдөгөн, күүлдөгөн, күрү-гүү түшкөн шаардын шар турмушу менен бет келди. Ошентип а деп ааламды аска-зоо ичинде көз ачып таанып, анан заматта калаанын каалгасын түртө кирген тестиер табиятынан зирек болгону үчүн мектеп босогосун аттаары менен алдыңкы окуучуларга айланып чыга келди.

Кызыл-Аскер тараптагы тели-теңтуштары арасында Мелис башка балдардан өзгөчөлөнүп тураар эле. Дарыгерлердин үй-бүлөсүндө өскөн Мелис мугалимдердин берген билиминен тышкары өз алдынча окуп, дагы көптү билсем экен деп дегдеп, колуна тийген китептерди аңтарды. Сюжет кубалабай чыгарманын идеясы эмне, жазуучу эмне айткысы келип атат деген суроого жооп издеп, убаракерчиликке батты. Дал ошондой күндөрдө ары-бери урунган өспүрүм бардык эле эркектер сындуу сөздү түшүнбөгөн өзү курдуу алыс-жакын жашаган аймактагы уландар менен акыйкат үчүн күрөшкөндө окуп билгени жардамга келбесе билектеги күчүн колдонуп, жемин жедирбеген тың чыкты.

Бу дүйнөдө кокустук деген бар. Ошол кокустуктун аркасы менен Мелис калем кармап, журналистиканын босогосун аттады. Атасы Асанаалы кесиби дарыгер болсо да ар нерседен кабардар, китеп дүйнөсүнө жакын, сөздү кадырлаган жан болгондуктан окумуштуу жана сынчы Салижан Жигитов жана башка акын-жазуучулар менен баарлашканды сүйгөндүктөн, алар үйүнө көп катташар эле. Дал ошондой күндөрдүн биринде Асанаалынын үйүндө батирде турган акын Анатай Өмүрканов конок катары жакын санаалашы, тележурналист Асанбек Иманбаевди ээрчите келет. Бир оокумда дасторкон үстүндө олтуруп ойго баткан Асанбек Иманбаев алдында турган төртүнчү класстын окуучусунун окууга дилгирлигин, чыйрак чыгып келатканын баамдап калганбы, айтор, “Кыргыз телевидениесине” алып баруучулукка балдар керек болуп атканын айтып, эртеси өзү менен кошо Мелисти телевидениеге ээрчите келет. Ошентип бала болуп туруп теленин босогосун аттаган Мелис өзү эми мындан аркы бүткүл өмүрү сөз менен, анан турмуштагы чоң күрөштөр менен байланышаарын дилинде баамдады.

Солдон оңго карай, биринчи катарда: Мелис Эшимканов, Талант Конокбаев. Экинчи катарда: Азимжан Ибраимов, Бакы Орунбеков, Султан Раев, Каныбек Иманалиев, Мамат Сабыров

Телевидениеде жүрүп диктордук кесиптин сырларын өздөштүрдү. Балдар үчүн даярдалган берүүлөрдү алып барды. 5-класста окуп жатканда “кыргыз адабияты” сабагынан эркин темада дил баян жазууга кезек келет. Айтматовдун “Ак кеме” повести боюнча ойлорун ак кагазга түшүргөн Мелистин ошол дил баянын мектептеги кыргыз тили жана адабияты сабагынан берген эжейи эч кимге айтпастан “Кыргызстан пионери” гезитине жөнөтүп жиберет. Күтүүсүз жерден макаласы жарык көргөнүн көрүп алып кубанычы койнуна батпаган Мелис эжейине кантип ыраазычылыгын айтаарын билбей, андан кийин да ошол кездеги колдон түшпөй окулган “Жаш Ленинчи” журналы, “Кыргызстан пионери” жана “Ленинчил  жаш”гезиттерине чакан макалаларды байма-бай жазып жарыялай баштайт. Мектептеги коомдук иш-чаралардан сырткары спорттун “күрөш”, “бокс” жана “футбол өңдүү түрлөрүнө катышып, ийгиликтерди жаратат. Өспүрүм чакта каны кызыган Мелис Кызыл-Аскердин тентектерине кошулуп, өзү теңдүү балдардын таламын талашты. Сөздү түшүнбөгөн дөдөйлөргө муштум гана керек экен деп чоң казаттарга түштү. Бирде бирөөнүн көзүн көгөрттү. Бирде өзүнүкү көгөрдү. Мектептеги ийгиликтери менен мугалимдерин сүйүнтсө, көчөдөгү тентектиги менен “банданын башчысы” аталып үйүндөгүлөрүнүн зээнин кейитти. Акыры, бу акыйкат дегениң оңой олжо эмес экен деди.

Кичинесинен эле Мелистин жан дүйнөсүндө айлана-чөйрөсүн өзүнө тартып турган кандайдыр бир сыйкырдуу күч бар эле. Ал, ошол эч кимге окшошкусу келбегени менен, анан эч кимдикине окшош эмес ойду таамай айтып жеткиргени менен башкалардан айырмаланып турчу. Керек кезде чукугандай сөз тапчу. Тапандыгы менен тааныштарын таңыркатчу. Керек кезде какшык, керек кезде юмор, керек кезде жан кашайткан ачуу чындык менен оюн таасын жеткирчү. Улуу жалгыздыкты, улуу жымжырттыкты көксөгөнү менен адам ар качан кыймылда гана болуп, кыйын чакта жанды тиштеген өжөр жана өлөрман болушу керек экенин аңдады. Акыры, өзүнүн табиятында катылган курчтугу, терең анализ жасай билген тубаса шыгы аркасында Мелис – Мелис Эшимкановго айланып чыга келди.

1979-жылы ордо калаадагы №50чү мектепти аяктаган соң Физприбордо бир жылдай иштеп, эмгектен такшалды. 1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин кыргыз филологиясы факультетиндеги журналистика бөлүмүнөн билим алып чыгып, Кыргыз телерадиокомитетинде кыргыз жана орус тилдеринде диктор, кабарчылыктан тартып редакторлукка жетти. Анан, 1988-жылы 26 жашында Биринчи Май райондук кеңешине депутат болуп шайланган Мелис Эшимканов – кайра куруу жана ачык-айкындуулуктун аркасы менен Прибалтика өлкөлөрүндө башталган козголоңдорго жеринде барып таанышып, окуянын жүрүшүнө күбө болуп кайтты. Саясатка эрте жашынан аралашкан Эшимканов буга дейре темир чеңгел менен башкарылып келген тоталитардык системанын акыры түбү бир күнү ураарын эртелеп баамдады.

1991-жылы ВЛКСМдин Борбордук Комитетинин мүчөлөрү тарабынан мурдагы “Ленинчил жаш” – кийин “Жаштык жарчысы” деп аталган чакта башкы редакторлукка шайланды. Союз солкулдап, кайра куруунун шарапаты менен акыры зор держава кулады. Бул бизге жакшы болдубу же жаман болдубу? Эмнеси болсо да, элибиздин бактысы бар экен, миң жылдар бою бабалар эңсеген эркиндиктин туусу күтүлбөгөн жерден тийип, оңой олжого ээ болдук.

* * *

Эгемендикке ээ бололек кезде эле “Ленинчил жаш” гезитинин короосунда жүрүп жетилген, анан “Жаштык жарчысы” үчүн “асмандан түшкөн редактор” атанган Мелис эми редакциянын башында туруп гезитти оң жолго коюуга, уюштуруу иштерине бүткүл дитин бурду. Өз алдынча олтуруп ойго баткан Мелиске гезит үчүн дагы бир нерсе жетпей жаткандай туюлду. Гезиттин ар бир барактарында буга чейин башка бир да басылмаларда жок, ар башка аталыштардагы рубрикакаларды ойлоп таап, курч жана актуалдуу макалаларды талбай жарыялоону, анан да “Жаштык жарчысына” жаңы ысымды ыйгарууну туура көрдү. Акыры бир нече айлардан кийин гезит “Асаба” деп жарыкка келип, жалпы журттун назарына коюлду. “Асаба” жарыкка келээри менен жумурай журттун колунан түшпөгөн сүйүктүү басылмага айланды. “Асабанын” ичинде эскиче ойлонгон, эски түшүнүктөн арылалбаган жазмакерлерди эмес, калеми чыйрак, чындыкты кашкайта айтып, акыйкатка жар салган журналисттер топтолгон эле. “Асабачылар” адилеттик деп, акыйкат деп коомго коңгуроо кагышты.

* * *

“Асаба” – Ак Үйдө олтуруп өлкө жетекчисинин башын айланткан кошоматчыларга айгак болду. Чындык – өкмөттүк гезиттер аркылуу бурмаланып жатты. Мелис Эшимканов жана кесиптештери канчалык тоскоолдуктарга кабылса да, көпчүлүктүн үнүн өйдө жактагыларга жеткирүүнү көздөштү. Айдан айга нускасы арткан “Асабаны” эл издеп окушту. Редакция ичине ой жүгүртүүсү, кыял чабыты, бай фантазиясы менен Мелисти да, бир тууган иниси Эрнисти да тамшанткан, дүйнөнү башкача көрүп, башкача туйган чебер жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин, чындыкты көзгө сая көрсөткөн Салижан Жигитовдун да нускоолорунун, кеп-кеңештеринин пайдасы тийди.

“Асаба” – кыргыз демократиясынын туусун бийик көтөрдү. Өлкөбүздүн демократия аралчасы аталышына да зор салым кошкон басылмалардын башында турган “Асаба” коңшулаш жана алыскы мамлекеттер арасында да аңыз болуп айтылып атты. Мелис Эшимканов десе эл – акыйкатты, адилеттүүлүктү, демократияны түшүндү. Ал эми Ак Үй – “Асабадан” жаа бою качканы менен жата калып окуп: “бу санында Мелис дагы эмне балекетти жазып ийиптир” деп гезиттин ар бир санында жарыяланган макалалардан бери карай ар сүйлөмүн сыдыра окуп атышты.

Басылманын акыйкаттын “Асабасы” болушуна албетте, ириде тубаса уюштургуч, ар бир кызматкеринин муктаждыктарын чече билген менеджер, саясатта шахматта чебер ойногондой көзү жетик Мелис Эшимканов болбогондо, мындай бурулуш, мындай жаңылыктын коомдо орун алышы күмөн эле. Кыргызстан жаңыдан эгемендикке жеткен токсонунчу жылдардын башында эле Мелис айланасына калеми чыйрак, бай фантазияга эгедер, окумал, сөз баркын, сөздүн кадырын билген, ар бир сүйлөм үчүн түйшөлгөн чыгаан журналисттерди топтогону утуш болгон. Жазбаган адамды жазуучуга айланткан, талапты катуу коюп, таамайлыкты үйрөткөн жөндөм Мелисте бар эле.

Гезиттин сырткы жана ички жасалгасы, үзүктөй эле макалалары, керек кезде чыккан көлөмдүү публицистикалары, эң зарыл суроого жооп алган маанилүү маектери, коллаждары, каррикатуралары, алтургай коомго көз чаптырып олтуруп терең мааниге ээ болгон “Жолбүгүндөн” кыргыз саясаты каякка беттеп барат, мамлекеттеги кадр саясатынын кашаңдыгы, жең ичинен жеп-ичмейдин аягы барып эмнеге алып келээрин, айтор, толгон-токой суроолорго жооп издеген Алым Токтомушевдин аналитикасынан башталып, ар бир санда сан-түркүн сырды каткан, куйкум сөз менен заматта бутуна тургуза турчу мамлекетти чабал өлкөгө айлантып бараткан эси жок бийлик ээлерин какшык менен камчыга алган “Чокчолой баатыр”, “Куйкумтөр”, “Хасан Каскадроп”, “Хайль Сайракан”, “Кимбайке”, “Акторпок”, “Ала-Тоодон алтоо”, “Ат жалында”, “Жанмаанай”, “Майкечен маек” өңдүү бир катар рубрикалары, алигүнчө ошол кездеги гезиттин ар бир номурун күркөлөрдөн күтүшкөн окурмандарынын эсинде. “Асаба” мына ушундай чоң ийгиликтерге оңой-олтоң эле жете койбоду. Бийлик тарабынан далай аңдууларды, тинтүүлөрдү, акмаламайларды, соттон сотко сүйрөмөйлөрдү, коркутуп-үркүтүүлөрдү баштан кечирди.

Эрнис Асек уулу, Алым Токтомушев, Мамат Сабыров, Жолдошбек Зарлыкбеков, Эсенбай Нурушев, Азимжан Ибраимов, Бакыт Орунбеков, Сүйүн Курманова, Шайлообек Дүйшеев, Каныбек Иманалиев, Султан Жумагулов, Төлөгөн Карыкеев, Бекташ Шамшиев, Баратбай Аракеев, Түгөлбай Казаков, Үсөн Касыбеков, Жаныш Кулмамбетов, Жаныбек Жанызак, Талант Конокбаев,

Кубат Оторбаев, Аскер Сакыбаева, Чолпон Орозобекова, Карамат Токтобаева, Жылдыз Мусабекова, Сурат Жылкычиев, Абдувахап Мониев, Алмаз Ташиев, Нурлан Мотуев, Зайырбек Ажыматов, Фаризат Асанкалый кызы, Замира Кожобаева, Шайырбек Эркин, Азамат Кыязов, Асыран Айдаралиев, Аслан Сартбаев, Төлөгөн Сулайманов, Керим Айдаров, Жеңишбек Эдигеев, Кенжебек Арыкбаев, Жамийла Таштанбекова... Мына ушул жоон топ журналисттер “Асаба”, «Агымды» бийик көтөрүп, ар сүйлөмү үчүн түйшөлгөн жазмакерлерден эле.

Рынок шартында өлкө ичинде эң алгачкылардан болуп кесиптештерине кам көрүп, алардын муктаждыктарын чечип, үй алып берип шарт түзө билүү дегенди да Мелис Эшимканов баштаганы ырас.

Оппозициянын өкүлдөрү саналган жаш саясатчылар да Мелистин гезити аркылуу заматта жумурай журтка таанылып чыга келишчү. “Асаба” жаш журналисттердин беделин гана көтөрбөстөн, жаш саясатчыларды да таптап, саясаттагы оюн кандай болорун, кандай чабуул коюп, керек учурда кантип чегиниш керек экендигин үйрөткөн өзүнчө бир чоң мектепке айланды. Азыркыдай убактыңды уурдаган интернети жок кезде кыргыз маалыматты “Асабадан” алып, чындыкты “Асабадан” таанычу. “Асаба” коомго мына дал ушундай кызмат өтөгөн. Кийин “Асабаны” бийлик жаап тынганда каржы жагынан кыйналып атып кол алдындагыларды ишсиз калтырбасам экен деп түйшөлгөн Мелис – Замира Сыдыкованын “Республика” гезитинен орун алып, калемгерлерине калем акы таап берип атты. 2001-жылы Мелис Эшимканов кайрадан “Асабадан” кем калбаган, окурманга жугумдуу макалалары менен кайра эле калк сүйүүсүнө арзыган “Агым” гезитин чыгарып, катарга жаш журналисттер Семетей Талас уулу менен Кубаныч Зайнидинов кошулду.

* * *

Саясат менен сен алектенбесең, саясат сени менен алектенет дешет. Балким, бул кептин чындыгы бардыр!? Айтор, басылмасы адеп жарык көргөн күндөн бери чоң саясатка баш урган Мелис Эшимканов эгемен Кыргызстандын туңгуч ажосу Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясатын башта колдоп, ал тууралуу кесиптештери менен бирдикте китеп жазып жарыялашты. Алгач ажого карата ишеним артышты. Жаңыдан там-туң баскан өлкөнүн абалына боорлору ооруп, мамлекеттин алдыга жылышына өбөлгө бололу деген ниетте Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясатын колдошту. Бирок, ошол эле учурда мажирөө бийликтин, ишине илең-салаң мамиле жасаган кайдыгер аткаминерлердин чекесине чыккан чыйкан болуп чындыкты жазып, элдин үнүн бийликке жеткирип атты. Кийин Акаев бийлигинин жемкорлорго алы жетпеди. Жетмек турсун жемкорлордун колуна кол, бутуна бут болуп, табакташ боло баштаганын түшүнгөн Эшимканов – Акаев менен ачык күрөшкө чыкты. Кайрадан гезиттин ар бир номурунда чындык чыңырып чыга баштады. “Гүлдөп атабыз”, “өнүгүп атабыз” деп жалган отчётторго ынандырган ажонун тегерегиндегилер акыры Эшимканов менен президентти эрегиштиргенге, кайраштырганга маш болушту. Мамлекеттик телеканал жана өкмөттүк басылмалар аркылуу Эшимкановго карата каралоолор башталды. Коркутуп-үркүтүүлөр болду. Редакция ичин талкалап, соттон сотко сүйрөштү.

Мына ушундай көрүнүштөрдөн тажаган чакта Мелис өзү пир туткан жазуучусу, насаатчысы Кубатбек Жусубалиевдин жанына жетип, Алайдын тоосунда айланага көз чаптырды. Чарчаган кезде жанга тирек таппай, табият койнуна сүңгүдү.

– Улуу жалгыздыкта, Улуу акыйкат бар! – деди.

Бирок, үч-төрт ай өтпөй калаада калган ишин, кол алдындагы кесиптештерин ойлоп тынч алалбаган Мелис кайра эле шар аккан турмуш дайрасына бой урду.

Кайрадан саясат…

Кайрадан тиреш…

Кайрадан кармаш…

Бирде утту…

Бирде утулду…

* * *

      2005-жылы март төңкөрүшүнө дейре оппозициялык күчтөр менен бирдикте калың элдин арманын айтып-жазып, Акаев жана анын айланасындагыларга акыйкатты жеткире албады.

Акаев бийлиги кулады…

 * * *

      Кайрадан жаңы келген бийлик менен болгон тирешмей. Кайрадан кайым айтышуулар. Кайрадан чындык деп “Агымы” аркылуу агымга каршы сүзүп, акыйкатка жар салуу…

Бакиев бийлиги менен болгон тирешүүлөр чыңалып, өлкө кооптуу абалга келди. Эл өкүлү болуп шайланган Мелис Эшимканов трибунада туруп, жаңы бийликтин айланасындагыларынын кылык-жоруктарын сынга алды. Жакын санаалаштары менен бирдикте аянтка чыгып, президентке чындыкты жеткирүүнү көздөдү. Анан көп өтпөй оппозициячыл күчтөрдүн ортосуна жарака кетти. Ынтымак – ыдырады. Дал ошондой сааттарда Эшимкановду бийлик өлкөнү кыйын кезеңден чогуу чыгаралы деп сүйлөшүүгө чакырды. Бу саам бийлик менен кызматташуу – маанилүү деп түшүндү. Өлкө телеканалынын башчылыгына дайындалган Мелис Эшимканов – керек кезде мамлекеттеги туура эмес жүргүзүлүп аткан саясатты президенттин өзүнө жана айланасындагыларга жеткиргенге, КТРдин ичине реформа жүргүзүүгө күч үрөдү. 2009-жылы Максим Бакиев жетектеген “ЦАРИИ” же кыргызча айтканда “Өнүгүү жана инвестициялар боюнча борбордук агенттикке” ишке чакырылды. Анан, бардыгына дайын болгондой ортодо бир жыл аяк баспай, апрель айында Бакиев бийлиги кулады. Жаш уландар шейит кетти…

 * * *

      Катардагы журналисттен редакторлук, депутаттык, кийин мамлекеттик чоң кызмат – мына ушундай тепкичтерди багынткан Мелис 2010-жылдын апрель айынан кийин бир кездеги курбу-курдаштарынан, саясаттагы тилектештеринен, жакын санаалаштарынан окчундап, кайрадан Улуу жалгыздыкты көксөдү.

* * *

Кичинесинде Ат-Башынын аска-зоосу арасында табиятты таанып, анан шаар турмушунда жетилип, басма сөздө бараандуу журналист, публицист, демократ, көзгө көрүнгөн чоң саясатчыга айланган инсан – балким, айланасында жан адам жок жалгыз калганга жан дүйнөсү жабыркадыбы, айтор, ээн олтуруп баскан жолун электен өткөрдү.  Бардыгы көз алдына тартылды. Бала күнүндөгү тунук асман. Аркайган аска-зоо. Мал жайган адырлар. Жайкалган төрлөр… Шар аккан шаар турмушу. Мектептеги ийгилиги.

Спортко болгон умтулуусу. Кызыл-Аскердин тентектерине кошулуп, ата-энесин убайымга салганы. Банда башында туруп муштумунун айынан аз жерден абакка айдалып кете жаздаарда Салижан Жигитовдун аркасы менен аман калганы. Студенттик жылдар. Атасынан эрте ажырап, кан жутуп карайлаганы. Турмуштан алган соккулары. Коомдук иштер. Редактордук милдет. Ити чөп жеген ийгилик. Чоң саясат. Саясий жүрүштөр.       Акаев… Бакиев… Аларга айтылган ачуу кептер… Үй-бүлө. Алган жар. Бала-бакыра…  Улуу талаш. Улуу жүрүш… Улуу жалгыздык… Уңгу издейм деп – Улуу тоого сапар улоо…       Алайдан тапкан акылман… Баардыгы… Айтор, көп нерсени эстеп бирде көңүлү эргисе, көп нерсени эстеп көңүлү сыздады…

* * *

     P.S: Кандай болгон күндө да эгемен Кыргызстандын алгачкы жылдарында демократия деп коркпой-үркпөй коңгуроо каккан Мелис эле…

  • Козголоңчул эле…
  • Коомго дайым ызы-чуу салар эле! – дешет, аны сынга алгандар.

   А чындыгында, коомдо ошол көрүп туруп көрмөксөнгө салуудан өткөн коркунучтуу нерсе жоктур!?

      Өлкө там-туң кадам шилтеп, Акаевдин айланасын жалганчылар курчап алганда Чындык деп чыңырган, калыстык деп кармашка түшкөн да – Мелис Эшимканов болчу…

     Башкасын айтпаган күндө да, аныгы ушундай дегенибиз калыс баа болор.  Анткени, жаалага калып атса да жабыкпаган, муңга чөксө да мүңкүрөбөгөн сырттандык Мелисте эле. Кийин көздөй көргөн, көзүр туткан адамдары каратып туруп сатып кетишкенде кек сактабаган кең пейилдиги, кечиримдүүлүлүгү аркылуу Мелис ар качан утуштарга ээ болуп чыга келчү. 

       Кечиримдүүлүк дегендин өзү – Улуулук! 

      Ал эми жай турмушта Мелис жоро-жолдошторго шаңды сүйгөн, шаанини сүйгөн ачык-айрым, үйүндө балдары Төлөгөн менен Жылдызга, Адам менен Миэллага мээримдүү ата, алган жары Аселге таяныч-тирек эле.

      Кыска сапарда башка түшкөн далай апааттардан аман чыгып, түтүн болуп быкшыбай өрт болуп жанып жалынын элге чачкан Эшимканов — дал ушундай касиеттерге эгедер болчу.

Данияр ИСАНОВ

P.S. Кесиптешибиз Данияр Исанов алтындай болгон убактысын бөлүп, даректүү тасма даярдап, эссе жазып, Мелис Эшимканов агабыз менен баарлашпаса да, чогуу иштебесе да, аны жакындан билгендей бейнесин ачып бергендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. 

2 thoughts on “Данияр ИСАНОВ: «Чындык деп чыңырган, калыстык деп кармашка түшкөн – Мелис Эшимканов болчу…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.