КАЙРЫЛУУ: «Сот тармагында бир жактуулукка жана компетентсиздикке жол жок!»

КАЙРЫЛУУ: «Сот тармагында бир жактуулукка жана компетентсиздикке жол жок!»

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков бүгүн, 15-сентябрда сот корпусуна  кайрылуу жасады. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.

Төраганын кайрылуусу:

Менин сиздерге кайрылуумдун себеби сот адилеттигин сапаттуу жүргүзүүгө дагы бир жолу көңүлүңөрдү бургум келет.

Белгилүү болгондой, сот Кыргыз Республикасынын атынан чечим чыгарат. Ал эми соттук акт мыйзамдуу  жана негиздүү болушу абзел. Ошол эле учурда соттун чечими процесстик мыйзамдардын талаптарына ылайык кабыл алынганда жана материалдык укук ченемдерин туура колдонуунун негизинде гана мыйзамдуу, негиздүү жана адилеттүү деп таанылат.

Соттук актынын сапатына сот адилеттигин ишке ашырууда далилдердин жол берилиши жана тиешелүүлүгү тууралуу талаптардын так сакталышы чоң таасирин тийгизет. Анткени мыйзамдын талаптарын бузуу менен алынган жана юридикалык күчү жок далилдер, атап айтканда, жазык сот өндүрүшүндө, жол берилгис болуп саналат жана иш боюнча чечимге негиз боло албайт.

Буга  байланыштуу “мыйзам тамгасын” так сактоонун маанилүүлүгүнө сиздердин көңүлүңүздөрдү бургум келет. Мыйзамда туура эмес соттун чечими үчүн жоопкерчиликке тартуу каралган.

Менин бул кайрылуум билип туруп сот адилеттигине жатпаган соттук чечим чыгарууга жол берилбеши  керек туурасындагы акыркы эскертүүм болсун. Эгерде мыйзамдардын жогоруда көрсөтүлгөн талаптары мурда аткарылбай, же болбосо туура эмес аткарылып келсе, эми мындай көрүнүшкө жол берилбейт! Ар бир адилетсиз чечим үчүн күнөөлүү адам даражасына жана ээлеген кызматына карабастан мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчиликти тартат. Сот тармагында бир жактуулукка жана компетентсиздикке жол жок! Судьянын өзү кынтыксыз, ал эми чечими үлгүлүү болушу керек!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.