«ПолитКлиника» иликтөөсү: «Тажикстан Кыргызстанга биринчи болуп кол салган!» Бөлүшөбүз, туугандар!

«ПолитКлиника» иликтөөсү: «Тажикстан Кыргызстанга биринчи болуп кол салган!» Бөлүшөбүз, туугандар!

Былтыр апрелдин соңку күндөрүнда, майдын башында — тажик тарап өлкөбүздүн чегин басып кирип, Өрүкзарлуу Баткенибизге кол салган болчу. Мына, ушул 14-сентябрда саат 08.00дө «куралдуу агрессиясын» кайрадан көрсөтүп,»ок атуучу куралдарды жана миномөтторду колдонуу менен бир эле учурда беш багытта» — Баткен районундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча ок жаадырып, чыккынчылык менен кол салды. Эми болсо, карандай калпты учуруп, арам ой-ниеттерин, күнөөнү — бейпил жаткан Кыргызстанга оодара салып жанталашып жалган маалыматтарды таратып жатышат. Бирок — жалгандын өмүрү кыска! Биз эч качан эч кимге катылган эмеспиз, катылгандын катыгын берген элбиз! Тажик жеринде жарандык согуш тутанганда, абалдан пайдаланып арам ойлогон эмеспиз, ынтымакка данакер болуп, достук колун сунганбыз… 

Бизге сабак болсун, тарых — жаңылыштыктарды кечире бербейт. Капилет баскан душман огунан көз жумган мекендештерибиз, бир боорлорубуздун өмүрлөрү жөн кыйылган болбосун! Биримдик, ынтымак, акылмандуулук, сабырдуулук, жетик ой жүгүртүү менен ӨЛКӨБΥЗДΥ ниети бузуктарга тепсетпейли! 

Эми, биздин бир вазийпабыз — маалымат берүү экен. Учурда абал кандай, айта кетели…

 ӨКМ: «136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды»

Биздин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Баткен облусунан 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга эвакуацияланды. Лейлекте 13, Сүлүктүдө 8, Кадамжайда 8, Кызыл-Кыяда 2, Баткен шаарында 8, Баткен районунда 8 имаратта —  жалпысынан алганда, Баткен облусу боюнча 47 убактылуу жай ачылып, ал жерлерге 4461 жаран жайгаштырылган. 164,846 тонна гумжардам жеткирилип, анын 47,902 тоннасы Маргун, Лейлек айыл аймактарына жөнөтүлгөн. Азыр бардыгыбыздын жүрөгүбүз «Баткеним» деп согуп, өлкөнүн бардык дубандарында гуманитардык жардамдарды чогултуу пункттары уюштурулуп, кабыл алуу жүрүүдө… Интернет адыңына, социалдык баракчаларга чыгып калып жаткан маалыматтар боюнча, учурда мекен чегинде турган уулдарыбызга, балдарыбызга — алар өтүнгөн, айткан нерселердин баарын элибиз чогултуп жатат… 

ПРЕЗИДЕНТ: «Чек ара маселеси — өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе»

Айтмакчы, учурда ажобуз кандай чараларды көрдү, тажик тараптын кол салуусу маалында Ташкенттеги ШКУнун саммитинде жүрдү эле, тажик президентине жолугуп катуу айта алдыбы, Мекен тагдырын оозандыбы деп кыйла талкуу болду эле… өлкө президенти Садыр Жапаров бүгүн «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жалпы элге — кыргызстандыктарга кайрылуу жасады:

Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу калайык-журт! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тилекке каршы, Баткен жергебизде коогалаңдуу окуя — курал-жарак колдонулган жана кан төгүүлөргө алып келген чыр-чатак кайталанды.

Кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн бул-куралдуу чыр-чатакта мекендештерибиз курман болду.
Мен Мекенибиздин чегинде курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, ата энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту.
Жаткан жерлери жайлуу болсун, Жараткан бейишинен орун берсин! Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем.
Урматтуу агайын-туугандар, курман болгон ар бир жараныбыз — жалпы кыргызстандыктардын сыймыктуу уул- кыздары.
Ошондуктан, эл-журтубузга дагы кайрат айтаар элем. Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем.
Манас атабыздын каны айланган ар бир азаматыбыз үстөккө-босток атылып аткан октон жалтанбай, чек арадан артка чегинип бербей, бекем туруп беришти.
Мына ушундай эр жигиттерибиз турганда Кыргызстандын аймактык бүтүндүгү бекем сакталат деп ишенем.
Бул куралдуу кагылышта жалаң эле биздин жарандарыбыз өлүмгө кирептер болгон жок. Ыкчам маалыматтарга ылайык, тажик тарап дагы оор жоготууларга учурады.
Урматтуу агайын- туугандар, өткөн тарыхка көз чаптырсак, чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатактар менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугуна күбө болобуз.
Бирок, кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз.
Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз!
Сиздерге белгилүү, Өзбекстан Республикасы менен чек ара тилкерибиздин баары такталды, аларды кагазга түшүрүп, тариздөө маселелери гана калды.
Ал эми кыргыз-тажик-чек арасын тактоо маселелери дагы деле күн тартибинде турат.
Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара маселеси — өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе.
Ошентсе да биз кыргыз-тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз.

Каргашалуу кагылышууда 24 адамдан ажырадык…

Бул каргашалуу окуя башы 14-сентябрда башталды… Кыргыз-тажик чек арасында  — биз кошуна тутунган тажик тараптан Баткендеги биздин айылдарды карай ок атылганы кабарланган. Ошондон абал чыңалып отуруп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетибизге (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда таң аткандан абал курчуганын, Тажикстан Кыргызстандын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз аймактарына ок жаадырып миномет менен аткылай баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күндүн кечине карата тараткан маалыматы боюнча кагылышууда, тилекке каршы, 24 мекендешибиз каза болуп, жараат алгандар саны жүздөн ашкан. Каза болгондордун айрымдарынын аты-жөндөрүн жакшы билгендер, жакындарын жоготкондор, дос-тааныштар маалымат катары жайгаштырып жатышат, расмий жарыялана элек. 

Кесиптешибиз Зулпукаар Сапанов куралдуу жаңжалда курман болгондор арасында чек ара кызматынын атайын багыттагы “Бөрү» отрядынын чалгынчы-фельдшери Баатырбек Райимкул уулу аттуу 42 жаштагы классташы окко учканын жазды. Маркумдун артында келинчеги, үч кыз, бир уулу калыптыр. Кичүүсү эки жашта эле экен, аттиң…

Он гүлүнүн бири ачыла электе, жадыраган 15 жаштагы көчөт кызыбыз Элзада Маннанова тажиктердин снарядынын сыныктары тийип каза болгон. Атасы Маликтин айтымында, снаряддын сыныгы кызына айылдаштары менен Маргун айылын көздөй качып баратканда тийген…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бообек Ажыкеевдун айтымында, куралдуу кагылышта куткаруу иштеринде жүргөн кызматкерлердин бири курман болгон. “Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бир адамды жоготтук. Өзүнүн кызматын аткарып жаткан жеринен каза болгон. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн” деген билдирүү берди министр…

А тажик тарап бар балээни салып коюп, эми биз тарапты — «Кыргызстан биринчи ок чыгарган» деп бет тырмалык кылууда…  Чоң саясатта оюндар эле болуп кетпесе, алардын жалганы, кара өзгөй жүзү — ааламга ачык эле көрүнүп турат. Так далилин аныктап берчү жагдайлар толтура. Андай аракеттин бирин — Тажикстан Баткенге биринчи болуп кол салганын — «ПолитКлиника» маалыматтык агенттиги иликтеп чыкты. Ал бул ШИЛТЕМЕде жана ушул сыяктуу «чыныгы агрессорлордун жүзүн ачкан» маалыматтарды максималдуу таратуу — баарыбыздын милдетибиз… 

Жаралуу чек ара маселесин бир да президент чечип, турукташтыра албай келет…

Башта айткандай, өткөндү эскертип эске салбасак болбойт: тажик тараптын былтыр —  2021-жылдын 29-апрелинде жүз алган куралдуу кол салуусунда — Баткен районунун Кызыл-Бел, Достук, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Көк-Терек жана Ак-Сай айылдары, Лейлек районунда Борбордук, Арка, Интернационал, Жаштык, Максат айылдары жабыркаган; Борбордук айылындагы май куюучу 27 бекет тыптыйпыл өрттөлүп, дүкөндөр тонолгон, бир канча мекендешибиздин өмүрү соолгон…

Ооба, учурда ааламдагы геосаясий абал жакшы эмес. Бизде — Кыргызстандын аймагында — эки тажик жана төрт өзбек эксклавы жайгашкан. Ошол жердеги тургундар арасында жерге, сууга, ошондой эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланышкан жаңжалдар чыгып келет. Андыктан чек ара чыры бүгүн же кечээ чыга калган жок. Узактан бери келаткан жаралуу маселе, чек ара чегиндеги элибизге ок жаадырмак түгүл, чекеге черттирбегидей кылып — бир да президентибиз чечип,  туруктуу бир абалга сала албай келатканы келаткан. Түшүнөбүз, лып деп чечиле калчу маселе эмес, өз машакаты, талаш-тартышы бар. Бирок дайыма эле чек арадагы абалды дайыма көзөмөлдө, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деген тил эмизмей менен мекен чеги тынч, элибиз бейкапар жашап калбайт… 

АНАН КУРАЛДУУ АГРЕССИЯ — ЖАЗЫКСЫЗ ЭЛИБИЗГЕ ОК АТУУ — КАЙТАЛАНБАШЫ КЕРЕК жана КАЙРА ЭЛЕ ЖООПКЕРЧИЛИКСИЗ КАЛБАШЫ КЕРЕК! 

Баарыбызга сабыр, эл амандыгын, МЕКЕНИБИЗДИН БΥТΥНДΥГΥН Кудай тааладан тилейбиз… 

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

P.S. МЕКЕНИБИЗДИН ЧЕГИНДЕГИ ООР КЫРДААЛ БОЮНЧА маалыматтык кызматыбызды сайтыбыздагы айрым техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам убагында көрсөтө албай жаттык. Андыктан, урматтуу окурман мекендештер, сиздерден кечирим сурайбыз. Биздин жүрөктө да — ӨРΥКЗАРЛУУ БАТКЕНИБИЗдеги ЭЛИБИЗДИН бейпил жашоосу!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.