Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Сот кызматкерлери Баткенге бир күндүк эмгек акысын которот»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Сот кызматкерлери Баткенге бир күндүк эмгек акысын которот»

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот тутумунун жана жеке өзүнүн атынан каргашалуу окуяларда каза болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ошондой эле, ал куралдуу кагылыштан жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарына жардам катары сот кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын которорун билдирди. Бул тууралуу басма сөз кызматы бүгүн, 17-сентябрда кабарлады.

Каргашалуу кагылышууда 24 адамдан ажырадык

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылганы 14-сентябрда кабарланган. Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Чек ара кызматы Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда, эртең менен (саат 07:00дө) абал курчуганын, Тажикстан Кыргызстандын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз аймактарына ок ачканын, 06:30да миномет менен аткылай баштаганын билдирген.

ВИДЕО

Саламаттык сактоо министрлигинин 17-сентябрдын кечинде тараткан маалыматына караганда, кагылышууда 24 адам каза болуп, жараат алгандардын саны жүздөн ашкан. Каза болгондордун аты-жөндөрү расмий жарыялана элек.

Жакынын жоготкон туугандарыбыз окко учкан маркумдардын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялашууда. Кесиптешибиз Зулпукаар Сапанов куралдуу жаңжалда курман болгондор арасында чек ара кызматынын “Бөрү» атайын багыттагы отрядынын чалгынчы-фельдшери Баатырбек Райимкул уулу аттуу 42 жаштагы классташы окко учканын  жазып чыкты. Маркумдун артында келинчеги, үч кыз, бир уулу (кичүүсү эки жашта) калды.

15 жаштагы өспүрүм кызыбыз Элзада Маннановага тажиктердин снарядды тийип каза болгонун атасы Малик Маннанов журналисттерге тастыктаган. Маалыматка караганда, кызы айылдаштары менен Маргун айылын көздөй качып баратканда снаряддын сыныгы тийген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бообек Ажыкеевдун айтымында, куралдуу кагылышта куткаруу иштеринде жүргөн кызматкери курман болгон. “Кечээ Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бир адамды жоготтук. Өзүнүн кызматын аткарып жаткан жеринен каза болгон. Ал мыкаачылык менен өлтүрүлгөн”, — дейт министр.

Тажик тарап биз тарап — Кыргызстан биринчи ок чыгарган деп бет тырмалык кылышууда.  Бул боюнча «ПолитКлиника» маалыматтык агенттиги Тажикстан Баткенге биринчи болуп кол салганын иликтеп чыкты. Бул ШИЛТЕМЕде.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяда каза болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып. аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.