Казакстандык журналист Баткенге акча чогултуп, жөнөттү

Казакстандык журналист Баткенге акча чогултуп, жөнөттү

«Азаттыктын” казак кызматынын маалыматына караганда, казакстандык журналист Назгүл Жарбулова кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан жабыркаган кыргызстандыктарга гуманитардык жардам үчүн акча чогултуп, 1 миллиондон ашык теңге (2100 АКШ доллар) топтоп, кыргызстандык ыктыярчыларга жөнөткөн. Анын эсебине  Армения, Орусия, Түркиядан “Кыргызстанга колдоо”, “Бир туугандарыбыз үчүн” деген кат менен акча которуулар болуп, бир миллион 656 миң теңге чогулган,

Жамандыкта кол сунган боордошторго ыраазычылык билдиребиз!

Каргашалуу кагылышууда 36 адамдан ажырадык…

Бул каргашалуу окуя башы 14-сентябрда башталды… Кыргыз-тажик чек арасында  — биз кошуна тутунган тажик тараптан Баткендеги биздин айылдарды карай ок атылганы кабарланган. Ошондон абал чыңалып отуруп, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетибизге (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда таң аткандан абал курчуганын, Тажикстан Кыргызстандын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз аймактарына ок жаадырып миномет менен аткылай баштаганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү маалыматы боюнча кагылышууда, тилекке каршы, 36 мекендешибиз каза болуп, жараат алгандар саны жүздөн ашкан.

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяларда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.