Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы менен чек арадагы кагылышууну талкуулады

Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы менен чек арадагы кагылышууну талкуулады

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушту.

Жолугушууда Антониу Гутерриш Садыр Жапаровго БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясына катышуу үчүн келгенине кубанычта экенин белгилеп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалда мерт болгондор үчүн Садыр Жапаровго көңүл айтты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселесинин чечилишин чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.

Президент Садыр Жапаров БУУнун алкагында кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы Кыргызстандын БУУга мүчө болгонуна 30 жыл болгонун, бул аралыкта Кыргызстандын демилгеси менен көтөрүлгөн маселелер Башкы Ассамблеянын эл аралык күн тартибинин эң актуалдуу маселелерине айланганын белгиледи.

Кыргызстан БУУнун алдында жоопкерчиликтүү мүчө катары, өзүнө алган милдеттерин жана Уюмдун Уставын жактай турганын айтты.

Кыргызстандын президенти Баш катчы менен жолугушуу кыргыз-тажик чек арасындагы «негизсиз агрессиянын» фонунда өтүп жатканына өкүнүчүн билдирди.

14-15-16-сентябь күндөрү тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге ок атканын эске салды.

Садыр Жапаров Баш катчынын Кыргызстанга өзгөчө көңүл бөлүүсүнө жана көрсөтүп жаткан колдоосуна терең ыраазычылыгын билдирди.

20-cентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялар тууралуу маалымат берген.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады.

Анын алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ушундай эле мазмунда айыптаган билдирүү жарыялаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышта Кыргызстан 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери экени айтылды, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын 19-сентябрда расмий билдирди. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, 59 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Жараат алгандар, канча турак жай талкаланганы тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.

БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш 17-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен телефондон сүйлөшүп, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирген жана президент Жапаров менен жеке жолугушууга даяр экенин айткан.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.