Сот тутуму бир күндүк эмгек маянасын жабыркагандарга которду

Сот тутуму бир күндүк эмгек маянасын жабыркагандарга которду

Сот тутуму кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында болгон каргашалуу окуяда жабыркагандарга 3 миллион 917 миң 931 сом өлчөмүндө бир күндүк эмгек акы которду. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун демилгесин судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери толугу менен колдоп, Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышууларда үй-жайынан жана мүлкүнөн ажыраган мекендештерге жардам көрсөтүштү.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын эсебине төрт миллион сомго жакын акча которулду.

Белгилей кетүүчү жагдай, бир күндүк эмгек акыларын  Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьялары жана кызматкерлери, Сот департаменти, «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемеси, Сот адилеттигинин Жогорку мектеби, Сот приставдары жана сот аткаруучулар кызматы которушту.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.