Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталганын билдирди

Путин Орусияда жарым-жартылай мобилизация башталганын билдирди

Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда эртең менен орусиялыктарга кайрылып, өлкөдө жарым-жартылай аскердик мобилизация башталганын билдирди. Ал: «Ата мекенибизди коргоо жана анын бүтүндүгү үчүн жарым-жартылай мобилизациялоону колдоо зарыл деп эсептейм», – деди. Ошентип, мобилизациялык иш-чаралар бүгүн башталды.

Путин шаршемби күнү кол койгон тиешелүү жарлыкка ылайык, армияга аскердик кызмат өтөгөн запастагы жарандар гана чакырылат. Аларга келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскерлердин макамы, төлөмдөр жана социалдык кепилдиктер берилет.

Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу жарым-жартылай мобилизациянын алкагында армияга 300 миң киши чакырыларын билдирди. Айтымында, мобилизациянын жүрүшүндө студенттер армияга чакырылбайт – бул армияда кызмат өтөгөн жана аскердик адистиги барларга гана тиешелүү болот.

Шойгу бир нече айдан бери алгачкы жолу орус армиясынын Украинадагы жоготууларын расмий билдирди. Анын айтымында, февралдан бери Украинадагы согушта 5937 орус аскери өлгөн. Бул батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары берген сандардан, ошондой эле «Медаизона» жана «Би-Би-Си» басылмаларынын иликтөөлөрүндө айтылган жоготуулардан бир нече эсе аз. Басылмалар өз иликтөөлөрүндө ачык булактар аркылуу Украинада 6 миңден ашык орус аскери каза болгонун аныктап чыгышкан.

20-сентябрда Мамлекеттик думанын депутаттары Кылмыш кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырган. Өзгөртүүлөр менен кодекс «мобилизация», «аскердик абал» жана «согуш маалы» деген түшүнүктөр менен толукталып, армиядан качуу үчүн жаза күчөтүлүп, өз каалоосу менен туткунга түшүп бергендер, коргоо тармагындагы мамлекеттик буйрутмаларды аткаруудан баш тарткандар жана мародерлук кылгандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги киргизди.

Күн мурун Украинанын чыгышындагы жикчил республикаларда, ошондой эле Орусиянын көзөмөлүндөгү Херсон жана Запорожье облустарында Орусияга кошулуу тууралуу референдумдардын даталары дайындалганы белгилүү болду. Оккупациялык бийликтер добуш берүүнү 23-27-сентябрь күндөргө белгилешти.

Референдумдар Харьков облусундагы шаарлар орус аскерлеринен бошотулган украин армиясынын ийгиликтүү контрчабуулдары жүрүп жаткан маалда жарыяланды.

Орусия Украинага кол салгандан бери көптөгөн аскердик эксперттер Владимир Путин армиянын алдына койгон максаттарга кошумча мобилизациясыз жетүү мүмкүн эмес экенин айтып келишкен. Кремль буга чейин бир нече жолу жалпы мобилизация жарыяланбай турганын билдирген.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.