Садыр ЖАПАРОВ: “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы!»

Садыр ЖАПАРОВ: “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы!»

Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги бүгүн, 23-сентябрда президент Садыр Жапаровдун кезектеги маегин жарыялады. Мамлекет башчы кызыктуу маек куруп бериптир: Баткен окуясы, чек ара, куралдуу күчтөрдүн абалы, даярдыгы, Кумтөр, кадр маселеси, Путин жана Алмазбек Атамбаев тууралуу…

Алмазбек Атамбаев тууралуу…

— Сот иштери бүткүчө мен кийлигише албайм. Азыр чыгарып жиберүүгө укугум да жок. Кой-Таш окуясы боюнча сот иши бүткөндөн кийин гана менин чыгарууга укугум пайда болот. Кечээ жакында Рустам балам: «Ата, Алмазбек Атамбаевдин балдарын кабыл алып коюнузчу, суранып атышат. Биз деле Атамбаевге кире албай канча чуркаганбыз. Биз алардын катасын кайталабай эле коелучу» деп, Атамбаевдин балдарын ээрчитип келиптир. «Аа балам, сен да менден бетер боорукер экенсин да» деп ичимден күлүп койдум. Балдарын кабыл алдым. Түшүндүрдүм. “Сот иштери бүтсүн, андан кийин менин укугум” дедим. Биз мамлекет катары мыйзамдардын ар бир беренесин сыйлашыбыз керек.

Кадр маселеси жана Акылбек Жапаров тууралуу…

— Ким кандай иштеп жатканы президент катары мага даана көрүнүп турат. Албетте, кемчиликтер бар, бирок, «Көч бара-бара түзөлөт» дейт. Иштей албаган кадрларды четинен алмаштырып жатабыз. Эскилери да бар. Ушул жерден жалпы журтчулук бир нерсени так билип коюшу керек. Эсиңиздердеби, Октябрь окуясынан кийин жалаң жаштарды алып келе баштагам. Жарым жылга жакын иштешти. Тажрыйба болбогондон кийин өздөрү да кыйналат экен, мамлекетти да кыйнайт экен. Министр болгондордун арасында “штаттык расписание” деген эмне экенин билбегендер болду. Анан кантип килейген министрликти башкарат? Күнөскана ачып, бадыраң өстүрүп алса эле «ии, мен министр болууга даяр экем» деп ойлобош керек. Министрлик бир теплица менен эле чектелбейт.

Ал эми эски кадрларды, Акылбек Жапаровду баш кылып иштеп бергиле деп өзүм чакырып келдим. Так сүйлөшүп алдык. “Буга чейин кандай иштегениңер, эмне кылганыңар мени кызыктырбайт. Мындан аркы мени менен иштеген ишиңер таза болбосо капа болбогула, бир гана эмгек акыга иштейсиңер, бир сом уурдасаңар же жеке кызыкчылыгыңарга пайдалансаңар камаласыңар” деген келишим бар ортобузда.

Акылбек Үсөнбековичке: “Экөөбүздүн тең фамилиябыз – Жапаров. Фамилиябызды булгабайлы. Тарыхта ак тамгалар менен жазылып калалы. Балдарыбызды жер каратпайлы”, — деп айтып атам.

Жаман команда болсок, бир жылда бюджетти 280 миллиарддан 411 миллиардка кантип көтөрөт элек? Кантип эмгек акыларды 3 эсеге көтөрөт элек? Кантип жөлөкпулдарды көтөрөт элек? Кантип армиябызды күчтөп алат элек?

“Курал-жарак жана жаңы технологияларды сатып алабыз, бергиле”, — десек, өнөктөш өлкөлөрдүн жетекчилери: “Мурда бекер бергилечи деп суранып жүрчү элеңер. Азыр акчаны кайдан таап атасыңар?”, — деп таң калып сурап атышат.

Начар команда болсок, итке минген бойдон олтура берет элек. Мектептерди салбайт элек. Жалпы республика боюнча 37 мектеп, 3 бала бакча бүттү. Жылдын аягына чейин дагы 48 мектеп, 8 бала бакча, 1 саламаттык сактоо имараттары курулуп бүтөт, буюрса.

Жолдор асфальтталып жатат. Быйыл 600 километрге жакын жолду асфальт кылып атабыз.

Ошондуктан, «айланасын тазалаш керек» деген дежур сөздөн алыс боло тургулачы. Жаштарды алып келип койсок, тажрыйба топтогончо жөн эле эки-үч жыл убакытты жоготуп коебуз. Азыр аз-аздан ар кайсы жумуштарга тажрыйба топтошсун деп Улуттук кадрдык резервден тандап алып, жаштарды аралаштырып жатабыз. Акырындык-акырындык менен чоң кызматтарга көтөрүп, бара-бара жашартабыз.

Ооба, аймактардагы өкүлдөрдүн, жергиликтүү бийликтегилердин, анча-мынча министрлер арасында жакшы иштей албай жаткандар бар. Оңолбосо, алмаштырабыз.

Азыр баары менин көзөмөлүмдө. Ар бир кыймыл-аракетин карап, отчёт алып турам. Эл-журттан суранарым, мага ишенип, беш жыл президент кылдыңарбы, аягына чейин ишенгиле. Беш жылдан кийин жыйынтык чыгарасыңар.

Анан блогер, акылдуусунуп акыл үйрөткөн жаштардан суранарым, акыл үйрөтпөй эле койсоңор. Айрымдары ансыз деле жасалып жаткан иштерди «минтип койбойсуңбу же тигинтип койбойсуңбу» деп акыл үйрөтүп киришет, өзүнөн сурасаң же жогорку билими, же тажрыйбасы жок. Сүйлөсө эле Москва, Лондондон кеп кылат. Анан эле интернетте олтуруп алып, акыл үйрөтүшөт. Баткен боюнча канча акыл үйрөтүштү. Анын баары ансыз деле жасалып бүткөн же жасалып жаткан иштер болчу.

 «Алтындарыбыз уурдалып жатат» деген кептер тууралуу

— Өткөндө эле айттым эле, учурдан пайдаланып, дагы бир жолу айтып коеюн. Жогорку Кеңеш тиешелүү комиссия түзүп, текшерип келгенге толук укугу бар. Эч ким бут тоспойт. Төрагага айтам, комиссия түзүшсүн. Текшерип келип, жалпы элге чын экен же калп экен деп жарыя кылып коюшсун. Комиссияга коомчулуктун өкүлдөрүнөн дагы кошуп алышсын. Алтындын «А» тамгасын түшүнбөгөн блогер чалыштарды сөзсүз кошуп алышсын. Билип алышса, анан ар кандай сөздөр токтойт эле.

Мен айтып коеюн, тонналаган алтынды биякка коелу, 1 кг алтын уурдаган болсо, жакыным же досум экенине карабай каматам. Уурдаганын он эселеп кайтартабыз. Андыктан, мен президент болуп турганда «алтын уурдалат» деген түшүнүктөн таптакыр эле алыс болгула.

 “Кабар” маалымат агенттиги

P.S. Президенттин маегинин толугун бул ШИЛТЕМЕден окуй аласыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.