Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү журт бололу!»

 Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү журт бололу!»

23- сентябрь — Мамлекеттик тил күнү. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады.

Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен  чын дилимден куттуктайм.

Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз.

Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз үч жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.

Мамлекеттик тилибиз — өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды.

Өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө салым кошом деген Кыргызстандын ар бир атуулу мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүүгө милдеттүү. Мамлекеттик тилди кадырлап-сыйлоо, үйрөнүү, коомдук турмушубуздун бардык чөйрөсүндө кеңири колдонуу жарандарыбыздын маданий деңгээлин көрсөтөт эмеспи.

“Тилдин ээси – эл” деп, залкар атабыз Түгөлбай Сыдыкбеков белгилегендей, жалпы элдик аракет, бир тилекке бириккен улуттук мүдөө гана тилибиздин толук кандуу иштешине жана өркүндөшүнө өбөлгө түзөт.

Биздин тилек – өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, иштейли деген табигый талап. Ошондуктан, баарыбыз эң ириде эне тилибизге кызмат кылуубуз менен элибизге ак санаган адал эмгек өтөөрүбүздү терең түшүнүшүбүз керек.

Кадырлуу мекендештерим, дүйнөдө теӊдеши жок „Манас“ эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун! Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү журт бололу!

Мамлекеттик тилибиздин макамын жогорулатуу керек!

Мамлекеттик тил мыйзамынын иштеп жатканына бүгүн 33 жыл болду. 1989-жылдын 23-сентябрында кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы ыйгарылган. Коңшу мамлекет Казакстандан мамлекеттик тил макамын озунуп алдык, бирок, алардан артта калдык. Бул ачуу чындык. Бизде дагы деле эне тилибиз өнүгө элек. Дагы деле орус тилине басым көп жасалат. Мамлекеттик иш кагаздары, жыйналыш, пресс-конференция, пресс-релиздер, бардыгы орус тилинде… Мекемелердин жетекчилери даталуу күндө эле эне тилибизге күйүмүш болуп, катуу сүйлөйт, а иш жүзүндө эч нерсе жок. Кайран гана, кыргыз тилибиз!
Кыргыз тили дүйнөдөгү башка мамлекеттик тилдердей эле көз карандысыз, өз алдынча тилдин статусун 33 жыл мурда алгандыктан ар бир жаран мыйзамды сыйлап, мамлекеттик тилди билүүгө тийиш! Бүткүл дүйнөгө кыргыз мамлекети белгилүү болуш үчүн мамлекеттик тилибиздин макамын жогорулатуубуз керек деп ойлойм!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.