55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (Тизме)

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды (Тизме)

Марат ТОКОЕВ: «Сынагыбызга демөөрчүлөр чыга турган болсо, биз ыраазы гана болобуз!»

55 сөздөн турган кыска чыгармаларга сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Мындай маалымат Кыргыз маданият борборунун (кыргыз маданиятын сактап, өнүктүрүүнү каалагандардын блогу) «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырылды. Маалыматка караганда,
сынакка жалпысынан 35 автор катышып, 72 чыгарма түшкөн.
Сынакты уюштурган белгилүү акын, котормочу Марат Токоевдин айтымында, бул жакшы көрсөткүч. «55 сөздөн турган чыгарма кыргыз адабиятындагы жаңы жанр экенин жана да каналыбыз жаш жана ага жараша окурмандары да азырынча анчалык деле көп эмес экенин эске алсак, бул жакшы көрсөткүчтөр. Сынакка кызыгып, катышып берген баардык чыгармачыл инсандарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Ушундай сынактар кийин да өткөрүлүп турмакчы. Анда да негизги сыйлык — сынактын жыйынтыгы боюнча даярдала турган ЭЛЕКТРОНДУК болот. Кийин ал китеп адабиятка кызыккан аудитория арасында кеңири таркатылат. Каалаган адам аны бекер жүктөп ала алат. Бул биздин кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө, кыргыз тилиндеги электрондук китептердин санын өстүрүүгө кылган салымыбыз болот.
Эгер сынагыбызга демөөрчүлөр чыга турган болсо, биз ыраазы гана болобуз! Демөөрчүнүн ысымы сынакка катышкан ар бир чыгарманын алдында жазылып турат»,-дейт Марат агабыз.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Калыстар тобу: Жыргалбек Касаболотов, Мезгил Исатов, Марат Токоевдун жыйынтыгы менен сынактагы орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:
Зинакан Пасаңова “Муусапырлар” (https://t.me/kyskanuska55/144) чыгармасы менен (№72);
Кайыргүл Абдырахманова “Оксолин” (https://t.me/kyskanuska55/56) чыгармасы менен (№10);
Асеин Маданбеков “Сакталган өмүрлөр” (https://t.me/kyskanuska55/128) чыгармасы менен (№56).
Авторлор аталган каналдын “АРДАК ТАКТАСЫНА” жазылып, сынактын жыйынтыгы боюнча даярдала турган электрондук китепке киригизилет.
Мындан тышкары, 20 мыкты чыгарманын автору аныкталган. Алар:
“Маркетинг” (https://t.me/kyskanuska55/131) (№59), автору Гүлнар ЭМИЛ
“Мезгил” (https://t.me/kyskanuska55/43) (№2), автору Абдыкерим МУРАТОВ
“Кайырчы” (https://t.me/kyskanuska55/63) (№15), автору Кубан САПАРАЛИЕВ
“Карыз” (https://t.me/kyskanuska55/122) (№50), автору Надира АБЛАСОВА
“Куткаруучу” (https://t.me/kyskanuska55/133) (№61), автору Аида САДЫКОВА
“Ууру” (https://t.me/kyskanuska55/132) (№60), автору Аида САДЫКОВА
“Кыз” (https://t.me/kyskanuska55/137) (№65), автору Айсалкын СООРОНБАЕВА
“Кыялдар” (https://t.me/kyskanuska55/143) (№71), автору Гүлзада ТУРДАЛИЕВА
“Беш карыш жер” (https://t.me/kyskanuska55/53) (№9), автору Рахат АМАНОВА
“Бир кап ун” (https://t.me/kyskanuska55/127) (№55), автору Асеин МАДАНБЕКОВ
“Шаштырган ажал, бузулган эреже” (https://t.me/kyskanuska55/136) (№64), автору Айсалкын СООРОНБАЕВА
“Аян” (https://t.me/kyskanuska55/57) (№11), автору Айгүл МАТИЕВА
“Дос” (https://t.me/kyskanuska55/66) (№16), автору Эркинбек КАМАЛОВ
“Кесел кой” (https://t.me/kyskanuska55/115) (№44), автору Асеин МАДАНБЕКОВ
“Убакыт” (https://t.me/kyskanuska55/116) (№45), автору Надира АБЛАСОВА
“Акын аял” (https://t.me/kyskanuska55/141) (№69), автору Гүлзада ТУРДАЛИЕВА
“Сүрөттүн аты — «Таарыныч» (https://t.me/kyskanuska55/47) (№5), автору Абдыкерим МУРАТОВ
“Муундар ажырымы” (https://t.me/kyskanuska55/94) (№30), автору Кубан САПАРАЛИЕВ
“Акы” (https://t.me/kyskanuska55/100) (№33), автору Элеонора КЫДЫРОВА
“Өрт” (https://t.me/kyskanuska55/112) (№41), автору Гүлзада ОСОКЕЕВА
Уюштуруучулардын айтымында, бул аталган чыгармалар дагы сынактын жыйынтыгы боюнча даярдала турчу электрондук китепке киргизилет.
Сынакты уюштурган Токоев Марат агабызга ийгилик каалайбыз. Жеңүүчүлөрдү жеңиши менен куттуктайбыз!
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.