ВИДЕО — «Балам Тажикстанда колго түшүп калдыбы?..» Сыздаган эне элге, бийликке кайрылды

ВИДЕО — «Балам Тажикстанда колго түшүп калдыбы?..» Сыздаган эне элге, бийликке кайрылды

Сауле ИМАНАЛИЕВА: «Балам он күндөн бери дайынсыз…»

Баткендеги жаңжалдан кийин офицер-лейтенант Дастан Анарбеков дайынсыз болууда…. Апасы Сауле Иманалиеванын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин, он күндөн (17-сентябрдан) бери же тириги, же өлүгү жок.

Сыздаган эне ыйлап журналисттерге уулу тууралуу буларды айткан: «17-сентябрда Аманбаев айыл өкмөтүнөн кишилер келип, «балаңыз каза болуп калды…» деп жаман кабар угузуп кетишти… Кайним «тизмени күтө туралы» деп калды. Кудай жалгап, баламдын фамилиясы эч бир тизмеде жок болуп чыкты. Анан жолдошум 19-сентябрда туугандар менен Баткенге жөнөп кетти. Заставадан киргизбей коюшуптур. Бронжилет алып чыгып: «Сиздин балаңыздыкы, ДНК тапшырыңыз» дешиптир. ДНКнын жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгат экен. Ага чейин канча убакыт бар, аябай көп… Баламды эртерээк табыш керек! Балам тирүү. Тажикстанда колго түшүп калдыбы, же бир жерге жарадар болуп жыгылып калдыбы, же эс тутумун жоготуп коюп бирөө жарымдыкында жатабы, ким билет!? Табышып коюңуздар, кыргыз элим! Тоок жоголсо деле издейт экен го. Бу жерде адам, менин балам жоголуп жатат«.

Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана УКМКга кайрылышкан. Аргасы кеткен эне кайрадан бийликке кайрылды:

Дастан Анарбеков 21 жашта, ал Талас облусундагы Кара-Буура районунун Аманбаев айылында 2001-жылы туулган. Быйыл Бишкекте Аскер институтун кызыл диплом менен аяктап, офицер-лейтенант наамын алган. Окууну аяктагандан кийин Баткен облусуна жөнөтүлгөн.

Бул маселе бүгүн парламентте да көтөрүлдү…

Дайынсыз болуп жаткан Дастан Анарбеков боюнча маселе бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинде көтөрүлдү. Анда депутат Дастанбек Жумабеков буларды айтты: “Ата-энеси кайгырып, сарсанаа болуп уулун күтүп жатат. Ушул маселе боюнча эмне иш жүрүп жатат? Күч органдары жыйынтык маалымат берип койсо...”. Бул маселе боюнча комитеттин атынан протоколдук тапшырма берилмей болду.

Кайдыгер карабайлы, кыргыз элим!

Канча күндөн бери сыздап, ыйлап, жардам сурап келаткан эненин кайрылуусуна кайдыгер карабайлы, кыргыз элим! Энеге жардамыңыздар ушул болсун, бийликке болгон кайрылуусун пост кылып бөлүшүп коюңуздар! Ошондо президент Садыр Жапаров менен УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиевге эненин зар какшаган үнү жетээр…

62 жараныбыздан айрылдык…

Кыргызстанга капысынан кол салуудан  62 жараныбыздан айрылдык. Алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын саны 200гө жакындады.

Эске сала кетсек, 25-сентябрда Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушкан. Жыйынтыгында протокол кабыл алынып, эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгон. Мындай чечимге эл нааразы болуп, бекетти алып салууга каршы экендерин билдиришүүдө…

Бүгүн, 27-сентябрда Баткен облустук администрациясынын алдына Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан айыл тургундары чогулушту. Алар облус башчысы Абдыкерим Алимбаев жолугуп, Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу маалымат берүүсүн талап кылышты.

Белгилей кетсек, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен окуясын Кыргызстан «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атоодо… Бул боюнча дагы кеп кылабыз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.