ВИДЕО — «Президенттин парламентти куурчак кылуу максаты жок» дейт Байсалов. Мирлан Самыйкожонун ачуу чындыгы…

ВИДЕО — «Президенттин парламентти куурчак кылуу максаты жок» дейт Байсалов. Мирлан Самыйкожонун ачуу чындыгы…

Мирлан САМЫЙКОЖО: «Парламенттин үстүндө эл менен кудай гана турат»

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеште чек арадагы окуялар боюнча бийликтин жоопкерчилик маселеси көтөрүлдү. Депутат Мирлан Самыйкожо трибунага чыгып, президентке, депутаттарга, элге кайрылды:

Парламенттин үстүндө эл менен кудай гана турат. Азыркы турушубузда парламенттин кудайлары көбөйүп бара жатат. Парламенттин төрүндө тайраңдап өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда жоо менен эмес, парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Ансыз деле жал куйругу кыркылган парламентти ого бетер басынтып, жаман көрсөтүү аракетин кылышып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү.

Урматтуу депутаттар, эч ким, эч качан эч кимдин этегине намаз окубашы керек! “Колум сынса сынсын, оюм сынбасын”, “парламентаризм деген жолум сынбасын”, “бутум сынса сынсын, духум сынбасын” деп иштейличи!

Урматтуу кыргызстандыктар, ар бир суроого жооп алышыңар керек. Анткени, «бүт милдетти өз мойнуна алып, жооп берет» деп президенттик башкарууну тандагансыңар. Демек, кечээги Баткендеги шалаакылыктын, кайдыгерликтен окко учкан кырчындай өмүрлөргө, күлү көккө сапырылып, каңырыгы түтөгөн калкка, кырчындай өмүрлөргө, карегинен кан, жүрөгүнөн зар өтүп, ботодой боздогон энелердин көз жашына, аталык мээриминен ажырган бөбөктөргө, бараарга багыты жок, башпаанек издеп, жонуна жүгүн артынып, жолго чыккан жарандарыбыздын тагдырына, чек аранын чечилбеген чырына, мындан аркы бүдөмүк, божомолдорго сөзсүз жооп берилиши керек!

Урматтуу Садыр Нургожоевич, чындык ачуу болот, чыдагыла! Парламент өз милдетин аткарып, аскердик абалыбызды чыңдоо жана алдын алуу иштери үчүн оңой эмес акча бөлдүрүп берген. Кана, ошол каражаттардын дайын-дареги? Алардын натыйжалуу же натыйжасыз пайдаланылганы боюнча эч ким жооп бере элек. Баткен окуясын алдын алуу боюнча бир жарым жыл мурун токтом чыгарып, учурдагы зарылчылыктарды камтып, аткарууга жөнөтпөдү беле. Кана ошонун аткарылышы? Ушунун баарына ким жооп берет? Чаржайыт иш алып барган чалгындоо ишинин чабалдыгына ким жооп берет? Биздин өлкөдө “төшөк чалгын”, “кустур чалгын” жана “контрабанда чалгын” эле жакшы иштейби?

Эдил БАЙСАЛОВ: «Депутаттардын сөзү оозунда, трибуна колунда»

Депутат Мирлан Самыйкожонун президентке кайрылуусуна Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу жооп берди. Толугу менен төмөндө:

Урматтуу депутат Мирлан Самыйкожонун сөзү Жогорку Кеңеш эч кимдин астында чөгөлөбөй турганын, үстүндө кудайбыз деген адамдар жок экенин, демократиябыздын дагы бир көрсөткүчү.

Саясий дискуссия, талаш-тартыш парламентте болушу керек жана ага жалпы элибиз дагы, бийлик дагы кызыктар. Ошол үчүн 2021-жылы бир мандаттуу жана партиялык ачык тизме аркылуу таза шайлоо өттү. Ал шайлоодо Мирлан Самыйкожо, Адахан Мадумаров, Сеид Атамбаев баштаган депутаттар шайланып келди. Президенттин парламентти куурчак кылуу максаты жок, ошондуктан партиясын дагы шайлоого чыгарган жок. Депутаттардын сөзү оозунда, трибуна колунда.
Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы менен өкмөт мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ара түшүнүшүү менен тыгыз иштешип жатат. Талаш-тартыш, эмоциялар мамлекет үчүн гана.
Тышкы күчтөрдүн максаты — бизди өз ара араздаштыруу, ыркты кетирүү экенин билесиздер. Бул ачыктан ачык эле белгилүү. “Кыргызда туруктуу мамлекет жок жана болгон эмес, булар кой айдап, кокту колотто эле турган сабатсыз көчмөн, эч тартиби жок, бири-бирине баш ийбейт, тез эле дагы бир жолу кубалашып, жакында жок болушат” — деген кеп. Былтыр апрелдеги кол салуунун негизги себеби жана максаты ошол болгон. Ички дестабилизация. Азыр деле ошондой.
Урматтуу депутат жана эл жакшылары, душмандын максатына жол бербейли. Сиз бүгүнкү чек арада болгон кырдаалды бирөөнүн “шалаакылыгы, кайдыгерлиги” деп баамдооңуз негизинен туура эмес. Мекенибиз, тарыхыбыз, тагдырыбыз, азыркы абалыбыз — бул бирөөнүн күнөөсү деп кантип айтабыз? Тынч жаткан айылдарга душман саат алтыда кол салганда, биздин аскерлер баатырча туруштук бере алышкан жок деп ким айта алат?
Эл аралык мамилелерге келгенде биз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаралы. Өзүңүз айткандай, кароосуз калган калк эмеспиз. Президентибизди колдоп, мамлекетке баш ийип, тартипти сактап, бекем туралы. Кандайдыр бир эмоциялар ашыкча чыгып кеткен болсо, аны жабык эшиктин артында калтырып, душманга таба болбой, ачыкка чыгарбайлы. Саясий жана тарыхый жоопкерчилик ошондо!
Мындай кырдаал баш сынса бөрк ичинде, кол сынса жең ичинде дей турган учур.
Бардык иш көзөмөлдө жана карт тарыхтуу калкыбыздын кызыкчылыгында гана чечилет.
Мамлекет жетекчилиги коңшу менен ар кандай конфликтти сүйлөшүү жолу менен чечкенге кызыктар жана аракет кылууда. Болбосо чек ара коргоп жан берген уулдарыбыздын уучу кур эмес. Бирок согуш жолу Кыргызстанды гана эмес, жалпы регионду дестабилизацияга алып келип, көп миндеген курмандыктарга себеп болот.
Парламент эң маанилүү чек ара маселесинде акыркы сөздү айта турган бийлик бутагы. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча дагы, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча дагы ратификацияны парламент кылат. Бул маселелерге келгенде тарыхый жоопкерчиликти сезе билүү бул азыркы бийлик бутактарына бирдей түшкөн патриоттук милдет.
Ал эми кандайдыр бир популисттер, ички душмандар “бул бийлик жерди сатты” деген лозунганы көтөрүп чыга турушкан болсо, алдын ала айтып коюу керек: чек ара маселелерди себеп кылып, элибиздин жалпы тагдырына балта чаап, ынтымак жана тынчтыкка шек келтире тургандарды эл кечирбейт.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.