«Манасты» дагы Сакедей кылып ким айтат деп калың кыргыз бир ыйлады ошондо…»

«Манасты» дагы Сакедей кылып ким айтат деп калың кыргыз бир ыйлады ошондо…»

МЕНИН АТАМ САЯКБАЙ (Эссе)

Гүлсүн САЯКБАЕВА, Саякбай КАРАЛАЕВДИН кызы

Телегейи тең да өткөн,

Он сегиз миң ааламдан.

Баатыр, ааламды гана бузган шер да өткөн.

Кайгырса жүрөк камыгат,

Капаланба, султаным,

Кайрандар кайдан табылат?

                   «Манас» эпосунан

* * *

Сан күндөр айткан «Манасты»,

Саякбай залкар манасчы.

Гомери дешип кыргыздын,

Көп элдер ага карашчу.

Казына, байлык, кен эле,

Кандай сөз айтса жарашчу.

Байдылда САРНОГОЕВ

* * *

Суюлуп дагы бир таң атты…

       – Көч уланууда! – дедим ичимден бүгүн таңдын атканын көрүп алып көчөдө ишине жөнөшкөн адамдарга терезеден көз салып. Бүгүн негедир өзүмдү бир башкача сезип турам. Ичим уйгу-туйгу болуп, түн бир оокумда уйкум умачтай ачылганы. Өткөндө элибиз атамды эскеришти. Кудайга шүгүр, атамдын жасаган эмгегин, артында калтырган Улуу мурасын урпактары көкүрөктөрүндө аздектеп туу тутуп келатышат. Атам да дилинде ушуну күткөн чыгаар!? Сабылып төккөн «Манасымды» урпактарым унутпаса, айкөлүбүздүн ааламына сүңгүп кирип ошол нече кандуу кармаштарда кыргызды кыргыз кылып кармап, кырылып кетүүдөн аман сактаган Манастын руху көкүрөктөрүндө жылоолоп, ошону менен өмүр көчүн улантышса деп ичтен тилегендир…

* * *

Акыркы кездери атамды көп эстечү болдум… 

Ооба… Атамдын баскан жолу бай болду. Жакшы күндөрү менен катар борошо урган күндөрүнө да бет келди. Жаштайынан кыйынчылык башына түштү. Эл үрккөн кезде ачарчылыктын эмне экенин көзү менен көрдү. Андан кийин согуш. Басмачылар менен болгон салгылаштар. Анан колу бошой калса айланасына чогулган элге эзелкиден кеп баштап күпүлдөтө «Манасты» айтты. Эл эрмегине айланды. Улут сыймыгы аталды. Ага арналып китептер жазылды. Бирок…

Бирок, атам өмүрүнүн соңку учурларында азапка неге батты?! Турмуш неге аны каалагандай калчап, түмөн түйшүктү башына үйдү?

* * *

Кыш келгенде атам шаарга келип, биздин үйдү байырлачу. Анан кар эрип, айлана жашыл тукаба жамына баштаган кезде ата конушун сагынабы, айтор, айылды көздөй жөнөп калаар эле. Ошону менен Бостериде атайы арнап салдырган үйүндө жүрүп, күз аяктаган кезде кайрадан биздикине келет. Атам балдарды абдан жакшы көрчү. Алдына келген майда балдар менен эрмектешип олтураар эле. Чөнтөгүнө койдун майын тилим-тилим кесип алып салып жүрө турган адаты бар болчу. Балдарды эркелетип олтуруп чөнтөгүндөгү койдун майын алып чыгат да, ар бир балага бир кесимден бөлүп берип: «ушуну жеп түгөтсөңөр мынакей, силерге тыйын берем!» – деп чөнтөгүн аңтарып калат. Кыязы, балдардын баеолугуна абдан суктанса керек!?

     Атадан алтоо элек. Рабиха, Калийкан, Сайракан, Сыргак, Чубак, анан мен. Ушул алты баласына тең мээримин бирдей төктү. Алтообузду тең жанынан артык көрдү. Атамдын ачуусу келген күндө бизге кол көтөрүп кыйкырганын эч эстей албайм.

Залкар манасчы өмүрлүк жары менен

Кээде биздин ашыкча кеткенибизди көрүп:

– Ой, буларды бир урушуп тарбиялап койсоң боло!  – деп жаны кашаят апамдын. Антсе атам:

– Ай, балдарды атасы урган жарабас! Атаныкы уу, эненики май. Өзүң тарбиялап жолго сал! – дечү. Аргасы түгөнгөн апам анан бизди тарбиялайм деп алек боло баштачу. Апам атамдан айырмаланып бизди бекем кармаганга аракет кылат.

Апам жан шеригин «Манасты» айтып калтырам деген залкар манасчы деп терең урматтаган. Ошондон улам өзүнөн мурда атама кам көрчү. Апам бардар турмуштагы үй-бүлөдөн чыккандыктан кийимге өтө маани берчү. Атамды жаш баладай бөпөлөдү. Өзүн унутта калтырып кийимди атама алып берээр эле. «Атаңар эл алдында жүрөт. Эл алдына чыккан адам кийимди мыкты кийиш керек!» – дечү. Улам жаңы кийим кийип көчөдө баскан атамды көрүшкөн келин-кесектер жалт карап өтүшкөндө, мен апамды карап күлүп калаар элем. Апам муну да туура түшүнүп, атаңарды эл тааныйт да деп коер эле…

* * *

1958-жылдын 7-августун эстегенде, азыр да денем үшүп чыгат. Дал ошол күнү кырсык капилеттен биздин үйдү тооруду. Мен анда оюн-күлкүдөн башканы капарга албаган он беш жашар кыз элем. Бостеридеги үйдө олтурганбыз. Кечкурун жаңыдан тамакка олтураар кезде күтүүсүз жерден үйүбүзгө атама ар качан сый-урмат менен мамиле жасаган жакын санаалашы, академик жана коомдук ишмер Курмангали Каракеев өңү жуулган чүпүрөктөй бозоруп капыл-тапыл кирип келди. Кирип эле:

– Олда, атаңгөрү ай, Саке! Болбой калды, болбой калды! – деп тизесин муштап, атама бир нерсе айта албай жалооруй тиктейт. Колундагы чынысы ыргып кете жаздаган атам:

– Ой, атаңдын оозун урайын, айтчы байболгур! Эмне болуп кетти, дагы? – деп Курмангали абабыздан чыдамсыздык менен жооп күтүп, алда неден санааркай элейе тиктеди.

– Чубак… Чубак!

– Эмне болду, Чубакка? – деп, көздөрү алая түштү атамдын. Иштин чоо-жайын толук уккан атам ордунан шап атып турду. Апам эсин жоготуп кое жаздады. Менин жүрөгүм дүкүлдөп, жанымды коерго жай таппай жаттым. Көзүмдөн аккан жаш жаагыман ылдый салаалап, шордуу атам менен апамды утуру жалжал тиктейм. Эми кандай айла болот? Заматта береке менен шаңга толгон үйүбүздү тоодой мээнет чырмады. Айла таппай кайсалактаган атам:

– Олда, курган Чубак, ай! Чуу чыгарган Чубак, ай! – деп алгач каарданып, анан саамдан  кийин көзү жашылданып, жерди бир муштап алды. Суук кабарды угузган Курмангали абабыз:

– Саке, сабыр кылыңыз! Андан көрө баланы аман сактап калганга аракет кылалы. Туруңуз тезирээк! – деп, атамды жетелеп машинесине алып жөнөдү. Окуя болгон жерге жабыла жөнөп калдык. Кан жолдун боюнда эл үймөлөктөйт. Атамды көргөн айыл тургундарынын көздөрүнөн заар, жек көрүүнү окудум. Эл эки жаат болуп, айрымдары атама жан тартышса, айрымдары наалат айтышып оозунан жаман сөздөр жамгырдай жаап жатты. Алсыз шалдайып турган атамды көрүп чыдабай кеттим. Ортого чыга калып:

– Аа, силер өзүңөр тыйып койбойт белеңер балаңарды! Чубак абам бойдок. А, тигил бала 25те. Эки баласы, үй-бүлөсү бар немеге кыздарга тийишкенди ким коюптур? – дедим ачуум менен кыйкырып.

– Ой, айланайындар, андай болсо… – деди, атам энтигип. Анан, аздан кийин эриндерин титирете:

– Алып келгиле, баламды! Силерге ошол эле керек болуп атса, алып келгиле мылтыкты! Азыр өзүм силердин көзүңөрчө эки баламды тең жайлап туруп, так ушул жерге көмүп кетейин! – деди атам, көкүрөк толо ызасы менен катуу кыйкырып. Сай-сөөгү сыздап чыктыбы, атамдын көзүнө жаш тегеренип, жаак ылдый салаалап агып кетти…

* * *

Чубак абам медициналык окуу жайдын 3-курсунда окуп аткан. Көлгө көп каттаган атам уулуна арнап машине сатып берген эле. Түпкүлүгүндө Чубак абам өтө ак көңүл болчу. Намыскөй эле. Ошол ак көңүлдүгүнө кудай кошуп туруп тарс этип тез жарылган чатак кыялды кошо берген. Кийин ошол жоболоңдуу окуядан кийин атам үйдө олтуруп тигил жакта эркиндикти эңсеп эзилген уулун ойлой калчу да, башын төмөн салып түнөрүп олтуруп калчу. Анан аздан кийин шуу үшкүрүп алат да, алдына келген ысык чайды ууртап болуп:

–  “Манаста” да Чубак чуу чыгарып басып жүрөт. Мунун кыялы ошол Чубакты тартып калганын кара!? – деп өзөгү өрттөнүп чыгат.

Көрсө, окуя мындайча болот… Бостериге биз менен кошо барган Чубак абам Чалов деген чоңдун кызын жактырып калат. Келбети келишкен кызды жандап жүргөнүн көргөн айылдык бир олбурлуу жигит жаны кашайып алдын торойт Чубак абамдын. Ортодо кыз талашмай башталат. Жанындагы жабалактаган курбуларына жана өзүнүн күчүнө таянган неме Чубак абам менен эрөөлгө чыгат. Чубак абам бою кичирээк чыпыйган неме эле. Күчүн кайда катаарын билбеген олбурлуу жигит абамды былчылдатып сабап кирет. Ал аз келгенсип жерге жыгат да, үстүнө чыгып алып кыкынта баштайт. Дем жетпей жан далбастаган абам дал ошол күнү таңында чөнтөгүнө салып койгон макисин эстей коюп сууруп чыгып, кекиртекке малып алат. Кыркырап кекиртегин баскан ошол шордуу жигит үстөмөндөп жыгылат. Канды көрүп эси эңгиреген Чубак абам макисин колунан шарт таштап, катыгүн, кантип сактайм деп айла таппай сууга сүйрөп, жаны чыкпай кыйналган немеге суудан кочуштап ууртатат. Аз өтпөй ошол шордуу эки баласын жетим, келинчегин жесир калтырып жантаслим болот. Муну көрүп турган жаны үзүлгөн бечара жигиттин жолдоштору Чубак абамды топтой тепкилеп, тиштеринин баарын күбүп салышат. Дал ошол тушта көчөдө машине айдап бараткан Курмангали абабыз ызы-чууну көрө коюп токтой калат да, чуркап барып Чубак абамды араңдан зорго ал сүрмө топтон сууруп чыгып Чолпон-Атага алпарып милициянын колуна тапшырат.

Атам милицияда камалып жаткан уулунун абалын көргөнү Чолпон-Атага Курмангали абам экөө жөнөп калышты. Баары заматта өзгөрө түштү. Үйүбүздү муң басты…

Баарынан да апам шордуунун дарманы кетип, күйүткө күйүп барат. Ошол капсалаңдуу күнү жети түндө келишти атам менен Курмангали абам. Апамды алаксытмакка жөн-жай гана «уулуңдун абалы жаман эмес» деп койду. Кийин билдим, Чубак абамдын абалы да оор болуптур ошондо. Тиштеринин күбүлгөнү аз келгенсип, бети тулуптай шишип, көздөрү ачылбай калыптыр дейт…

* * *

Отурсак-турсак оюбуз Чубак абабызда…

Сот өкүм чыгарды. Шордуунун күлгүн курагы, жаштык жалын убагы эми чындап түрмөдө өтөбү? Ал убакта тартип катуу болгондуктан, абама 25 беш жыл беришти. Эркиндиктин даамына зар болгон жигиттин жаштыгы жайрады. Арга жок, башка салганды көрөөрбүз деп үйдө баарыбыз үн катпай олтурабыз. Үйүбүздөн күлкү качты… Шаң кетти… Эмне кылаар айла таппадык!? Сыргак абам болсо окууда. Чубактан айырмаланып Сыргак абам өтө жоош, эч кимге зыяны жок жан.

Күндөрдүн биринде Чыңгыз Айтматовдун апасы Нагима апа менен сырдашып олтуруп баалуу кеп-кеңешти угуп калдык. Ал кезде Чыңгыз Айтматов менен чогуу бир үйдө тураар элек. Чыңгыз Айтматов атак-даңкка ээ боло элек кези. Бирок, Нагима апа абдан билимдүү болгондуктан сот иштерине кандайча кайрылат, кимге барыш керек абдан жакшы билет экен, атамдын атынан арыз жазып кол койдуртту да тезинен Жогорку Сотко, анан Москвага жөнө деди. Атам арызды көтөрүп алып алыс жолго сапарга чыкты. Атамдын аброюн эске алыштыбы айтор, 25 жыл деген өкүмдүн жарымын алып 12 жылга алмаштырышты. Ушуга да шүгүр дедик, оор улутунуп…

Коендой окшош күндөр өтүп атты… Апам бир жылда бир Петровкада абакта олтурган абама тамак-ашын белендеп жөнөп калат. Абамды көрүп келээри менен мурдунан кан агып токтобой төшөккө жыгылат. Мындайда күйпөлөктөп кандай айла кылаарыбызды билбейбиз?

* * *

1966-жыл эле… Күндөрдүн биринде үйүбүзгө бой-турпаты келишкен жигит пайда болду. Баарыбызга тең анын кичи пейилдиги, ички маданияты, адамды заматта арбап алган касиети, жароокер мүнөзү жагып калды. Ал үйүбүзгө келсе атам менен апам кудуңдап сүйүнүп, бир топко кетиргилери келишпейт. Ушуну көргөн мен, дагы келсе экен деп дегдейм.

Каалга ачылып, жарк этип кирип келгенин көргөндө атам жетине албай:

–  Ой, Сүймөнкул келди… Тезинен чай даярдагыла! – деп кабагы ачыла түшөт.

Биз да Сүймөнкул келгенде сүйүнүп калабыз. Анан ал атам менен керелден-кечке сүйлөшүп чер жазат. Атамды олтургузуп коюп сүрөткө тартып кирет. Бардыгын илгиртпей түшүнгөн баамчыл неме:

–  Ата, чарчадыңызбы? Анда бир аз кое туралы, – деп жанына олтуруп, кайрадан кызуу кепке киришет. Кээде атамды өнөрканасына алып жөнөйт. Кайсы бир күнү атам:

–  Конок камын көргүлө! Бүгүн үйгө Сүймөнкулду келинчеги экөөнү тең чакырдым, – деди.

Апам экөөбүз ашканада тамактын камын көрүп атабыз. Айтылган убакытта Сүймөнкул жубайы Салима экөө кирип келишти. Чай ичилип, ортодо өткөн-кеткен кептер козголду. Анан Сүймөнкул:

–  Ата, бу келин балаңыздын улуту дунган, – деди, баятан үн катпай олтурган Салиманы карап.

–  Йе, балам! – деди да, Салимага бурулуп алып атам дунганча ээн-эркин сүйлөп кирсе болобу?! Атамдын туруп-туруп эле таптакыр башка тилде сүйлөп атканын угуп алып кыраан-каткы түштүк. Бир маалда апам:

–  Ой, байболгур, келин баланы шылдыңдабачы, – деди, жактыра бербей.

–  Жок, эч кандай шылдыңдаган жок. Тескерисинче, дунганча абдан жакшы сүйлөйт экен, – деди Салима. Мурда атамдын мындай өнөрүн көрбөгөн жаныбыз, таң калып эле калдык. Дунганча билээрин түк билбейт элек? Коноктор кетип, өзүбүзчө чай ичип олтурган кезде ойго тунган атам:

–  Бу жигитти Кыдыр даарыган. Эртеби-кечпи эл керегине жарайт, – деди, олуттуу тарта түшүп.

Сүймөнкул атам менен мамилесин үзгөн жок. Колу бошой калганда үйгө келип ал-абалын сурап турчу. Ал, өмүр бою атамды сүрөткө тартам деп түйшөлдү. Ондон ашык вариантта тартты. Арасынан мага бирөөсү айрыкча жага турган. Ошол сүрөттү Сыргак абам кийин менде турсунчу деп алып кеткен…

* * *

Биз кичинебизде көзүбүзгө ар нерсе кызык көрүнүп:

–     Ата, акча бериңизчи? – деп кайрылсак:

–     Ой, менде акча жок. Акчанын баарын апаңарга карматтым, – дейт атам.

–     Ой, кокуй, оо-й! Баардыгын карматтыңбы? – дейбиз тынчыбыз кетип. Эми ойлосом, ошол кезде атама «Манасты» айтканы үчүн очойтуп деле акча карматпаса керек деп калам. Кийин Жазуучулар Союзу атамды Саке деп урматтап китептерин чыгарышканда гана анда-санда чоң өлчөмдөгү акчаларга ээ боло баштады.

– Ооба, баардыгын карматтым, – дейт атам эч кебелбей. Анан биз Сыргак абам экөөбүз огобетер атамды тамашага чалып:

– Өзүңүз баатырлардын баянынан айтасыз, баатыр мындай болот, баатыр тигиндей болот деп. Анан апама бийликтин баарын берип коюп эле олтуруп каласыз. Бир аз өзүңүзгө кымтып калбайт белеңиз? – дейбиз.

– Ой, мен акчаны эмне кылмак элем? Баарын апаңар билет. Апаңардан сурагылачы, – дейт кебелбей.

– Ой, апам эми бизге бербейт. Ал сизге эле кийим-кече ала берет, – дейбиз. Ушунун баарын өзөгүм өрттөнө эскерип, эч нерседен кем болбой өскөн бала чагыбызды, анан бой жеткенибизди, апамдын атама карата камкор мамиле жасап баладай бапестегенин ойлоп алам да, көзүмдөн жашым куюлуп шолоктоп ыйлап барам. Баары өттү да, кетти! Өткөн өмүр эми артка кайрылбайт. 1967-жылдын 17-май күнү жабалактаган адамдардын коштоосунда мүңкүрөп жерди тиктеп, көрүстөндү көздөй багыт алып бараттык…

Дал ошол күнү кайгы-муң каалга какпастан үйүбүзгө экинчи ирет кирип келди. Ызы-чуу түшүп эле жатып калдык. Мындайда атам өзү «Манаста» армандуу көрүнүштү сүрөттөгөндөй «кайың ыйлап, тал ыйлап, караган журттун баары ыйлап» дегендей эле болду. Үйүбүздө өкүрүк. «Чубагым, Чубагым» – деп эртели-кеч ичтен эзилип, абакта олтурган уулунун амандыгын тилеп убайым жеген апам шордууну акыры аңдыган ажал алып тынды. Эркиндигинен ажыраган Чубагын тогуз жылы бою толгонуп күтүп, акыры аман көрсөм экен деген тилегине жетпей акыретке аттанды. Бир тууган эжелерим, Сыргак абам, баарыбыз эс-учубузду жоготкондой болуп алдастап эле калдык. Жакшы кишилерден айланса болот! Жазуучулар Союзу баш болуп атамдын бардык жакын тааныштары кайгыбызды тең бөлүштү. Апамдын сөөгүн ак кепиндеп аруу жууп, ардактап ээсине бергенге кам урушту.

Залкар манасчы жубайы, келини менен

       Баарынан да азапты ушул атам тартты. Бармактайдан баш кошуп, бир жаздыкты чогуу жазданган жан шеригинен ажырап карайлап калды атам. Дүйнөсүнө дүрбөлөң түшүп, асманы кулап, аалам аңтар-теңтер болду...

Жанараак баарыбыз жабыла атайы Жазуучулар Союзунан бөлүнүп берилген унаага олтура берээрибизде, апамдын сөөгүнүн жанында олтурган атам кучактап алып буркурап ыйлап:

– Ой, айланайын Бейшекан! Ушинтип таштап кетесиңби, мени!? – деди солуктап. Анан аздан соң атама кайрат айткан жакын курбулары «сабыр кыл, Саке!» дегенине карабай, кайрадан көз жашын көлдөтүп алып:

– Кыдыр акенин жанына бир киши барып, эң жакшы бата кандай болот дептир. Ошондо жарыктык Кыдыр аке: – Баарынан жакшы бата байбичеңдин алдында кет! – деген тура. Ал эми эң жаман бата кайсыл десе: – Баарынан эң жаман бата – байбичеңден кийин кет! – дептир. Оо, Кудай! Мен эмнемден жаздым? Кудай мени неге каргадың экен? Сыягы ошол жаман батага мен туш болгон бейм! – деп, огобетер шолоктогон сайын айланадагы көргөн журттун көбү ыйлап…

* * *

Күндөр өтүп атты…

Өлгөндүн артынан кошо өлбөйт тура! Апамдын өлүмүнөн кийин жан дүйнөсү жабыркаган атам жалгыз калган маалда кыйлага дейре тунжурап ойго батат. Анан бир аз алаксыйын дейби, сыртка чыгып көчө аралайт да, курбу-курдаштары менен аз-маз убакыт өткөрөт. Бир аз өзүн алаксытайын дегени менен бу кургур жан деген түбөлүк жалгыз да…

      Жан дүйнөсүнө түшкөн бороонду тыңшап болуп, көздөрүн чылк жумуп алып тээ эчаккы өткөн бала чагын бир эстейби, же көкүрөгүнө аяр туткан айкөлүм Манас деп айкөлдөрдүн ааламына сүңгүп киреби, айтор, апамдан ажырагандан кийин атам кыйлага дейре оңоло албай, сабыры суз тартып кетти. Атамды көрүп алып бери жакта мен ыйлайм. Жарыктык атам, жаз келээри менен калаага камалып олтура албай, көлдү көздөй сапар тартат. Сыргак абамдын колуна барат.

1970-жылы Чубак абам 12 жыл абакта олтуруп, акыры эркиндикке чыкты. Балыкчы шаарына барып, катардагы жумушчу болуп ишке орношту. Үйгө кайтып келгенин апам бир көрүп, анан үзүлсө не!?

* * *

Атам адатынча апрель айы көлгө жөнөгөн. Бир ай өтүп-өтпөй Сыргак абам атамдын катуу ооруп атканы туурасында кабарлап калды. Тезинен шаарга жөнөткүлө дедик. Ал кезде унаанын тартыш убагы. Жардам сурап жазуучу Чыңгыз Айтматовго кайрылдык. Атамдын катуу ооруп атканын уккан Чыңгыз аба Миррахимовдун өзүнө чыгып, көлгө шашылыш унаа жөнөттү.

Атабыз жакшы болуп кетсе экен дейм. Оюма ар түркүн ойлор келет. Жаман ой жабышып, канчалык өзүмдөн оолак кубалайын десем да болбойт. Эртеси атамды үйдө күтүп олтургам. Түш чендерде капыл-тапыл кирип келишти. Артында Сыргак абам. Атамдын өңүн көрө коюп эле чуркап жетип кучактай калдым да, эч бир сөз айта албай буркурап ыйлап ийдим. Жаны ушунчалык кыйналган бейм, сүйлөгөнгө да дарманы жок. Аргасыз башын ийкеп, башка салганын көрөөрмүн да дегенсип үн катпайт. Эптеп амандашты да, аркы бөлмөгө кийимдерин которгону кирип кетти. Ооруканага алып жөнөдүк. Керебетке жаткырып, өпкөсүнөн суу алып чыгышты.

Балким, атамды айылдык доктурлар беш-алты күн айыктырабыз деп алектене беришпей, тезинен шаарга жөнөтүшкөнүндө эмне деп туталанам. Анын үстүнө ал кездеги элеттеги медицина анчейин деле өнүкпөсө керек. Үйдө олтура берип зериккен го, Ак–Өлөңгө барып курбу-курдаштарыма бир учурашып кайтам деп, жеңил кийинип алып үйдөн чыгып кетиптир атам. Өпкөсүнө суук тийип, төрт-беш күн ооруканага жатып калат. Таптакыр айла табылбай калганда, бизге телефон чалышкан тура. Бир күн бою атамды аман алып калабыз деп бул жактагы дарыгерлер колдорунан келген аракеттерин жасашты. Бирок, дал эртеси 7-май күнү кечки саат беште сан-миңдеген сапты жатка айтып, айланасындагы адамдарды айкөлүбүз Манастын ааламына алып кирген атакем түгөнгөн сайын түтөгөн түгөл журту менен кош айтышты.

Эми «Манасты» дагы Сакедей кылып ким айтат деп калың кыргыз бир ыйлады ошондо. Анда филармония азыркы Турусбеков–Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде болчу. Атам менен кош айтышканы айланага адам батпайт. Зээни кейип Чыңгыз Айтматов сүйлөдү. Атамды ээсине бергенден кийин Чыңгыз абанын кейип айткан кеби дале кулагыма жаңырып турат:

— Мындай Улуу өнөрдү эми ким айтат? Өкүнүчтүүсү ушул өнөр тукум куучулук касиетке ээ эмеспи дейм. Бул иргелип олтуруп, бир канча мезгил өткөн соң эл арасынан кимдир бирөөгө ыроолоно турган касиеттүү өнөрбү деп турам! – дегени алиге чейин эсимде…

Атам көзү өткөндөн кийин бир жыл катуу кыйналдым. Үйдө майда-барат жумуштар менен алек болуп атып кокус телевизордон же радиодон атамдын үнү жаңырып калса, ошол замат мурдума атамдын жыты келчү. Эмне кылаар айламды таппай көзүмөн жашым тегеренип, олтуруп калаар элем. Ушул көрүнүш туптуура бир жыл кайталанып, анан акырындык менен жоголду.

* * *

 Жылдар учту… Доор алмашты. Эл-жер өзгөрдү…

Мен болсо эл арасында тирилик камын көрүп, эртели-кеч иш менен алекмин. Бир тууган үч эжем тең Бостериге турмушка чыгышкан болчу. Үч эжемден тең айрылдым. Улуу абам Сыргак 1991-жылы 55 жашында каза болду. Бала-бакырасы кудайга шүгүр, өз алдынча очор-бачар. Ал эми Чубак абам 2001-жылы 60 жашында артында калаар туяк жок, кырчындай жигит кезинде эркиндик деген эң чоң бакытынан куру калып, жаштыгы жайраган боюнча абактан келген күндө да турмушу оң түшпөй, ат башындай арманы менен кете берди…

* * *

Мен Бээжинге гана бейпай салдырдым, аяш,

Бек дүйнөгө кызыгып,

Мен берендерден айрылдым, аяш!

Кан Манас минтип барганда,

Кайың ыйлап, тал ыйлап,

Ошондо калайык журттун баары ыйлап…

      Атамдын үнү кулакка жаңырат. «Манасты» айтып атып дал ушул жерине келгенде ичиндеги болгон бугун чыгара көзүнөн жашын көл-шал кылып төгүп, тизесин бир муштап алаар эле. Айкөлүбүз Манас арман кылып көздөй көргөн Алмамбет, Чубагынан ажырап, таянаар тоосу кулаганда окуяга ортоктош болуп атам аргасыз өзү да чыдай албай сөздү тыңшай билген урпактарына баяндап олтуруп өзөгү өрттөнүп чыгып, өксүп-өксүп алгандай туюлчу…

* * *

    Үйдө олтурам… Бүгүн негедир мени ой басат… Күтүүсүз жерден атамдын айтуусунда радиодон «Манасты» берип калышты…

 –   Көч уланаар! – дедим, терезеден көчөдө аркы-терки агылган адамдарга көз салып. Кыргыз «Манастын» ааламынан ажыраса, кыргыз болуудан калбайбы!? Өзүн кыргызмын деп санаган ар бир жан канында кошо айланган ошол айкөлүңдүн дүйнөсүн өзү менен кошо ала жүрбөсө, курубайбы!? Тарых өзү тастыктагандай, качан кыргыз кыйын кезеңге келгенде «Манастап» ураан чакырышаары айныксыз чындык эмеспи?! Ошого каниет кылалы…

Данияр ИСАНОВ

P.S. Залкар манасчынын жубайы менен кызынын сүрөттөрү кесиптешибиз Данияр Исановдон, калган сүрөттөр жана видео Интернеттен алынды. 

2 thoughts on “«Манасты» дагы Сакедей кылып ким айтат деп калың кыргыз бир ыйлады ошондо…»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.