Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Биз кылымдар бою карыларын кадырлап келе жаткан элбиз»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Биз кылымдар бою карыларын кадырлап келе жаткан элбиз»

1-октябрь — Карылардын эл аралык күнү. Бул күндү жыл сайын белгилеп туруу тууралуу чечим Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясында 1990-жылы кабыл алынган. Ушул күнү жыл сайын дүйнөдө, Кыргызстанда карыялардын күнү белгиленет. Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков ата-энелерди менен куттуктады. Төраганын куттуктоо сөзү төмөндө:

— Урматтуу улуу муундун өкүлдөрү! Ардактуу аталар жана энелер!

Кылымдардан бери кыргыз эли өз карыларын кастарлап, алардын акыл насаатына, кеп-кеңешине кулак салып, аларды бийик коюп, ар убакта урмат-сый көрсөтүп келгендигин тарыхыбыз таамай көрсөтүп турат. Элибизде бекеринен «Карынын кебин капка сал»,  «Карысы бардын – ырысы бар», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деп айтылбаса керек.

Биз кылымдар бою карыларын кадырлап, улууларын урматтап, сый көрсөтүп келе жаткан элбиз. Мындан ары да калкыбыздын ушул нускалуу каада-салтын, элибиздин өрнөктүү жөрөлгөсүн, улуттук ар-намысыбыздын өзөгүн бекем сактоого милдеттүүбүз.

Бир гана ушул күнү эмес, ар дайым улгайган жарандарга урмат-сый, ар тараптуу колдоо көрсөтүү, ар бир ардагерге жылуу мамиле кылуу — коомдогу кадыресе көрүнүш болуусу шарт.

Элибиздин руханий казынасын, асыл сапаттарын, маданий байлыгын көөнөртпөй сактап, жаш муундарга жеткирип жатканыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем!

Биз улуу муундун өлкөнүн өнүгүшүнө, элдин бакубат жашоосуна арнаган эмгегин бийик баалайбыз.

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен, ардактуу аталар жана энелер! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, тынчтык, бакубатчылык, уул-кыздардын жана коомчулуктун сый-урматын каалайм!

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 735 миңдей пенсионер бар. Аялдар 58 жашка, эркектер 63 жашка чыкканда пенсияга чыга алат. Буга чейин президент Садыр Жапаров Министрлер кабинети пенсия өлчөмүн 2022-жылдын 1-октябрынан тартып жогорулатуу чечимин кабыл алганын билдирген. 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.