Мелис Эшимкановдун элесине арналган эки сынак жарыяланды. Жол-жобосу…

Мелис Эшимкановдун элесине арналган эки сынак жарыяланды. Жол-жобосу…
Белгилүү, мыкты саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Мелис Эшимкановдон ажыраганыбызга 11 жыл болду. Көзү тирүү болгондо 60 жашка чыкмак. 9-декабрда эскерели деп турабыз…
Ага чейин Мелис Эшимканов атындагы фонд МЫКТЫ АНАЛИТИКАЛЫК МАКАЛАГА СЫНАК жарыялады. 

Сынактын жол-жобосу:

СЫЙЛЫК – төш белги жана 100 000 сом
Курч калемдүү кесиптешибиз 9-декабрда – маркумдун 60 жылдык эскерүү кечесинде аныкталат.
Мөөнөтү: Сынакка 2022-жылдын 1-январынан тарта жарыяланган, уктурулган, көрсөтүлгөн аналитикалык материалдар кабыл алынып, 15-ноябрда токтотулат.
Шарттары да жөпжөнөкөй: басылмалардагы (гезит, сайт, журнал) 2-3 А4 барагынан, ал эми радио уктуруу же телекөрсөтүү 15 мүнөттөн ашпоого тийиш. Тилге, багытка, учурдун жаңы инструменттерин, инфографика же башкаларды пайдаланууга дегеле чек коюлбайт.
Эмесе, чамдайлы, кесиптештер! Быйылкы Мелис Эшимканов атындагы сыйлык ээси арабызда эле!

Студенттер арасындагы сынак…

Мындан тышкары, буга чейин студенттер арасында да сынак жарыяланган. Жогорку окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттеринин арасындагы эссе сынагы суроо-өтүнүчтөр менен дагы деле уланууда… Бул сынактын жыйынтыгы да 9-декабрда чыгарылат.
Сынактын сыйлык фонду: 50 000 сом (баш байге, 1-2-3-орундар, кызыктыруучу сыйлыктар);
Темасы: Кыргыз журналистикасынын эртеңи (жалпы тема, бирок автордун чеберчилигине чек коюлбайт);
Көлөмү: 600-700 сөздөн ашпоого тийиш (эссе электрондук түрдө кабыл алынып, автордун аты-жөнү, телефон номери, электрондук дареги, окуу жайы, курсу так көрсөтүлүп, “Эссе сынагына” деп белгилөө шарт).
Эки сынакка тең катышуучулар материалдарын jadyrajasha@gmail.com дарегине жөнөтүүсү керек. Дагы бир жолу кайталайлы, кабыл алуунун соңку мөөнөтү: 2022-жылдын 15-ноябры.
Байланыш даректери: jadyrajasha@gmail.com, Telegram: +996778997720 (билдирүүлөр гана кабыл алынат) же ушул баракча аркылуу кайрылсаңыздар болот.
Урматтуу кесиптештер, студенттер, ана-мына дебеңиздер, чамдаңыздар! Убакыт аз калды…

One thought on “Мелис Эшимкановдун элесине арналган эки сынак жарыяланды. Жол-жобосу…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.