Чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерге жеңилдик берилет

Чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерге жеңилдик берилет

Экономика жана коммерция министрлиги 14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотууну сунуштоодо. Министрлик коомдук талкууга алып чыккан долбоорго ылайык, ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тартып, 2014-жылдын 1-январына чейин салыктын бардык түрүнөн (кошумча нарк салыгынан тышкары) бошотулат. 2024-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төлөмдөрүнөн толугу менен бошотулат.

Бул жеңилдиктер Мамлекеттик салык жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде 2022-жылдын 1-сентябрына чейин каттоого турган, 14-17-сентябрда куралдуу жаңжал болгон аймактардагы ишканаларга берилет. Булардын арасында тоо-кен өндүрүшүндө жана күйүүчү май сатуучу ишканалар жок. Ошондой эле бул жеңилдик куралдуу кагылышуу болбогон аймактардагы ишканаларга да берилбейт.

14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган ишканаларды жер жана мүлк салыгынан бошотуу жергиликтүү кеңештерге сунушталууда.

Финансы министрлиги Социалдык фонддогу кемиген каражаттын ордун толтуруу милдети тапшырылат.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдоп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Министрлер кабинети Баткенге жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. «Озоди» радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.

14-17-сентябрда чек арада кан төгүлгөн окуя үчүн Бишкек менен Дүйшөмбү бири-бирин айыптоодо.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.