ЭЛЧИЛИК: «Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт!»

ЭЛЧИЛИК: «Орусияда убактылуу жүргөн кыргызстандыктар аскерге чакырылбайт!»

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары аскердик кызматка чакырылып жаткандыгы тууралуу маалыматтардын таркашына байланыштуу билдирүү таратты.  «Элчилик социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандарды, анын ичинде Орусиянын аймагында убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарын мобилизациялоо боюнча аскердик кызматка чакыруу жөнүндө маалыматтардын таркашына байланыштуу, анда көрсөтүлгөн бардык маалыматтар чындыкка дал келбестигин билдирет», — деп жазылган маалыматта.

Ошондой эле элчилик жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.

Путин мобилизация жарыялангандан кийин…

Эске сала кетсек, 21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. «Новая газета. Европа» басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазган. Орусиялыктар мобилизацияга каршы акцияга чыгышкан жана акция уланууда… Аларды полиция күч менен таратып, жүздөгөн адамдарды кармап кетти.
Путин мобилизация жарыялангандан бери орусиялыктар чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга агылууда… Негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга агылгандар көбөйдү. Сентябрь айында Кыргызстанда 20 миң орусиялык жаран расмий катталганын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдар Мамбетов «Азаттыкка» билдирген.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда жарыяланган мобилизациялоо кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.