Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Судья эки тарапты тең угууга, далилдерди изилдөөгө, текшерүүгө милдеттүү!»

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Судья эки тарапты тең угууга, далилдерди изилдөөгө, текшерүүгө милдеттүү!»

Бүгүн, 6—октябрда, Бишкекте «Сот тутумунун жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) менен өз ара аракеттенүүсү…» аталышта тегерек стол болуп өттү. Мындай иш-чарага Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбеков, Жогорку сот органынын башка өкүлдөрүнүн: төраганын орун басары Нурлан Мусаев, судья Кеңешбек Токтомамбетов, Аппарат жетекчиси Эркинбек Мамыров, «Кыргыз Республикасында укук үстөмдүгү 2-фаза» Программасынын негизги эксперти Александру Тэнасе, Программанын улуттук эксперти Илгиз Приев, Жогорку соттун басма сөз кызматынын өкүлдөрү жана журналисттер катышты. Басма сөз кызматынын айтымында, иш-чара «Кыргыз Республикасындагы укук үстөмдүгү 2-фазасы» Программасынын колдоосу менен уюштурулган.

Тегерек столдо соттордун да, журналист, блогерлердин да артыкчылыгы, кемчилиги айтылды. Тагырагы, журналисттер менен төраганын ортосунда ачык диалог жүрүп, жабык эшик артында өткөн соттор жана жашыруун сырды чагылдырбоо боюнча мыйзамдар тууралуу сөз болду.

Александру Тэнасе судьялар менен ЖМКнын мамилесине токтолуп, эл аралык тажрыйба туурасында айтып берди. Ошондой эле, ал тараптар натыйжалуу кызматташуунун жолдорун ачык талкуулаган мындай иш-чара өз ара аракеттенүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине чыгууга түрткү боло аларын баса белгиледи.

Ал эми Жогорку сотунун судьясы Кеңешбек Токтомамбетов “Сот иштерин чагылдыруу практикасы: оң жана терс жактары” темада баяндама жасап, журналисттерди соттук териштирүүлөр боюнча материалдарды жазууда кылдат болууга чакырды. Кээ бир учурларда айрым журналисттер оор кылмыш иштер боюнча материалдарды (жеке маалыматтарды) ачыкка чыгарып жибергендери туура эместигин баса белгиледи. «Чакан айылдардын, шаарлардын аталышын, мектептерди, жадагалса жабырлануучунун жакын туугандарынын аты-жөнүн ачык эле берип салышууда. Зордук-зомбулукка кабылгандар өздөрү окуган жана жашаган коомдордо стигманын курмандыктарына чалдыгып жаткандыгын жаңылыктардан көрүп жатабыз. Ушундай көрүнүштөргө байланыштуу мен журналисттерди деперсонификациялоону колдонууга, зордук-зомбулукка кабылгандардын гана эмес, алардын туугандарынын да чыныгы аты-жөнүн журналисттик иликтөөлөрдө, аналитикалык материалдарды даярдап жатканда жашырууга чакырат элем», — деди.

Замирбек БАЗАРБЕКОВ: «Журналист, блоггерлер менен толук түшүнүүгө жетише алдык деп айтууга али эрте»

Тегерек столдун модератору Эркинбек Мамыров ушундай форматтагы эки жолугушууну Жогорку сот буга чейин өткөргөнүн, биринчиси өткөн жылдын декабрь айында Ош шаарында, экинчиси ушул жылдын март айында өлкөнүн түндүгүндөгү журналисттер үчүн Ысык-Көлдө болуп өткөнүн айтып, Замирбек Базарбековго микрофонду узатты. Төраганын сөзү толугу менен төмөндө:

Бүгүнкү иш-чарабыз сот тутуму менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК), көз карандысыз журналисттердин өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоого арналат. Мамлекеттик чек арадагы болуп жаткан соңку окуялар бизден жогорку квалификацияны, күнүмдүк ишибизде чыдамкайлыкты, бизге жүктөлгөн миссиянын маанилүүлүгүн түшүнүү менен өз ишибизди так аткарууну талап кылып жаткан учурда, мен  бул жолугушуу абдан актуалдуу жана өз учурунда уюштурулуп жатат деп ойлойм. Бул залда отургандардын басымдуу бөлүгү үчүн Жогорку сот редакциялар менен блогерлердин, соттор менен журналисттердин ортосундагы “көпүрөнү” бекемдөө жолуна түшкөнү жашыруун эмес. Сот тутумунун  мындай аракеттери  коомдук мааниге ээ болгон бир катар себептерден улам келип чыгат.

Балким, кээ бир журналисттер үчүн сот залынан алынган репортаж, соттун чечими тууралуу кыскача жаңылык, же  соттук териштирүү тууралуу аналитикалык макала чоң маалымат агымынын кезектеги бир көрүнүшү катары эле  кабыл алынышы мүмкүн. Бирок, жарандар, сот процессинин катышуучулары, интернет мейкиндигиндеги маалыматты колдонуучулар үчүн ал  чоң мааниге ээ болушу ыктымал.

Кээде сот процесстеринин катышуучулары массалык маалымат каражаттар аркылуу  сотко басым жасап, коомдук пикирге таасир этүүгө аракет кылышат. Сот процессининин чыныгы көрүнүшүн бурмалап,  каралып жаткан иштин объективдүү чагылдыруудан алыс болгон  материалдар да бар.

Мен жарандардын сот системасына канааттануу деңгээли тууралуу калыптанган пикирге таасир эте турган айрым статистикалык маалыматтарды айтып берейин. Эгер объективдүү фактыларга, статистикага кайрыла турган болсок: үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында биринчи инстанциядагы соттор жалпысынан 53 миң 879 иш караса, анын ичинен 1 миң 944 гана иш Жогорку сотто, кассациялык тартипте каралган. Бул жалпысынан 3,6% иштер  Жогорку сотко барат дегенди билдирет. Көрүнүп тургандай, калктын 80% сотторго ишенбейт деген калыптанып калган пикирди объективдүү маалыматтар жокко чыгарып жатат.

Ушул жылдын алты айындагы бул көрсөткүчтөр сот актыларынын басымдуу көпчүлүгү тараптар тарабынан канааттандырылып жаткандыгын көрсөтүп турат. Сот тутуму сот адилеттигин ишке ашыруунун жана өзүн өзү тазалоонун сапатын жогорулатуу боюнча алгылыктуу  иштерди алып барууда. Бул багыттагы аракеттерибиз өз натыйжасын берет деген ишенимдемин.

Мен бүгүнкү тегерек столдо соттор менен журналисттердин миссиясынын окшоштугуна токтолгум келип жатат. Негизи журналист калыс болуп, окуяларды чагылдырып, кээде жаманды каралап, жакшыны даңазалаган асыл миссияны аткарышы керек.

Сиздердин калемиңиздердин аркасы менен тараптардын айрымдары сот процессинин жыйынтыгына активдүү таасир этүүгө аракет кылган фактылар баарыбызга жакшы маалым. Бирок, ошол эле учурда сиздердин берген маалыматтардын негизинде, соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө ар кандай мыйзам бузуулар болуп жаткандыгын билип жатабыз.

Жогорку сот үчүн сиздердин чыныгы демократиялык коомду курууга багытталган конструктивдүү сынга негизделген материалдарыңыздар чоң мааниге ээ экендигин баса белгилегим келет. Бирок, айрым учурларда  мыйзам чыгаруучу тарабынан каралган кандайдыр бир чараларды көрүүгө түртүп жаткан ачыктан-ачык жалган материалдар да бар.

Соттук териштирүүнү билбей туруп, сотторду негизсиз сындап, соттордун чечимдерин жаманатты кылган жеке көз карандысыз журналисттер, блоггерлер жалган жалаа таратканы үчүн мыйзам жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эстен чыгарбашы керек.

Мен кызматка киришкен күндөн тартып судьялардан сот адилеттигинин сапаттуу жүргүзүлүшүн, мыйзамдын так сакталышын, соттук иштерди жана материалдарды кароонун мөөнөттөрүн сактоону коомчулукка жана массалык маалымат каражаттарына ачык жана жеткиликтүү болушун талап кылып жатам!  Коомчулукта нааразылык жараткан айрым сот чечимдери боюнча судьялар маалымат жыйындарында түшүндүрмө бере башташты.

Соттук териштирүүлөр тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн негизинде жүргүзүлөт. Судья эки тарапты тең угууга, келтирилген далилдерди изилдөөгө жана текшерүүгө милдеттүү. Андыктан журналисттер үчүн эл аралык журналистиканын стандарттарынын талаптарына ылайык объективдүү болуу үчүн эки тараптын позициясын чагылдыруу маанилүү. «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 -беренесине ылайык журналист берип жаткан маалыматтын тактыгын текшерүүгө милдеттүү. Бирок, медиа-эксперттер белгилегендей, кээ бир көз карандысыз журналисттердин жана блогерлердин эң көп катачылыгы – экинчи тараптын пикири жок берип жаткандыгында болуп жатат.

Айрым блоггерлер менен өз ара байланыштарды түзүү, сүйлөшүүлөрдү  жүргүзүү, сот отурумдарында каралган иштер боюнча түшүндүп берүү  боюнча аракеттер биз тараптан көрүлдү. Бирок дагы эле биз бардык жалпыга маалымдоо каражаттары жана блоггерлер менен толук түшүнүүгө жетише алдык деп айтууга али эрте. Биз дагы ушул багытта иштешибиз керек жана Жогорку сот өз ара аракеттенүүнү күчөтүү, мыйзам жол бергендей ачык болуу ниетинен баш тартпайт.

Биргелешкен күч-аракеттер менен  чогуу биз жогорку сапаттагы ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө, биздин республиканын жарандарынын укуктук маданиятын жогорулатууга оң таасирин тийгизе алабыз деп ишенем.

Ар бириңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди, сапаттуу жана объективдүү материалдарга муктаж болгон окурман, көрөрман жана угармандарды каалайм. Ал эми бүгүнкү тегерек  стол көздөгөн максатына жетет деп ойлойм!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Журналисттердин Замирбек Базарбековго берген сунушун, курч суроолорун, төраганын жообун жана Басма сөз кызматкерлери Изати Шүгүралиева, Чынар Жумакадыр кызынынын сөзүн эртең окуй аласыздар!

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.