Азимбек БЕКНАЗАРОВ: «Урматтуу депутаттар, тарыхый жоопкерчилик сиздерде!» (Кайрылуу)

Азимбек БЕКНАЗАРОВ: «Урматтуу депутаттар, тарыхый жоопкерчилик сиздерде!» (Кайрылуу)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор, Убактылуу өкмөттө вице-премьер-министр (2010-жылы) болгон, жакында эле (5-августта) Кыргызстандын Малайзиядагы элчилик кызматтан кеткен Азимбек Бекназаров Жогорку Кенештин депутаттарына КАЙРЫЛУУ жолдоду. 

Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары!

Президентибиздин акыркы айтуусуна караганда, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча 15 %  «талаш участоктордун» 99 % Кыргызстанга өтүптүр жана «профилдик комитетте ачык каралуусу» боюнча «буйрук» берилиптир! Эми тарыхый жоопкерчилик сиздерде!

Сиздерге Эгемендик доордо «талаш участоктор» кандай жана кимдер тарабынан кантип жаралганынын тарыхын, чек ара маселеси боюнча «тополоңчу» «канкор» аталып, бийлик тарабынан айылдаш, тууган, жакындары , үй-бүлөсү менен мамлекеттик деңгээлде караланып жүргөн саясатчынын бири катары эсиңиздерге салам:

1). СССР де-факто, де-юре таркаган, Кыргызстан көз карандысыздыгын алган 1991-1994- жылдардагы ички жана эл аралык документтер боюнча, Кыргызстанга бир дагы коңшу өлкө жана Кыргызстан дагы бир дагы коңшу өлкөгө аймактык доомат койбогон жана «талаш» участоктор боюнча эки тараптуу документтерде «оговорка» кылышбаган.

2). Ошол эле учурда КЭРсы Тайванды КЭРдин бөлүгү катары Кыргызстанга тааныткан. (1992- ж.)

3). Көз карандысыздыгын алышкан ар бир Союздук Республикалар 1991-жылдан тартып, ошол кездеги ээлеген аймактары менен БУУга мүчө болушкан жана бирин-бири көз карандысыз мамлекет катары таанышкан.

4). Ошондон кийин ар бир көз карандысыз Республикалардын президенттери жеке дараметтерине жараша ички жана тышкы саясаттарын, анын ичинде мамлекеттик чек арасын бекемдей баштаган.

5). Буларды эмне үчүн жазып жатам? Азыркы « талаш» участоктор бул « Союздан калган проблема» эмес. Ал Эгемендүүлүгүн алышкан ошол Республикалардын тунгуч президенттеринен жаралган жана калган проблема! Мисалы Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы боюнча «талаш участокту» биринчи жолу Кытай Аскар Акаевдин мамлекеттик иштерде «алешем» экенин билгенден кийин Кыргызстандан Кытайга агып чыккан дарыялардын бассейндеринде (Сары-Жаз, Үзөнгү-Кууш, Какшаал), Хан- Тенгринин чокусунда жасалма жараткан.

6). Мурда СССР учурунда бул « талаш участоктор» Кытайдын бир тараптуу койгон дооматы катары эле эсептелип, эл аралык укуктун обьектиси катары таанылбаган.

Аскар Акаевдин «жардамы» менен Кытай тарап ал дооматты «талаш участок» катары эл аралык укуктун обьектиси статусуна алып өтүшкөн. Анан Акаевке « талаш» жердин 70 % Кыргызстан алгыла, бизге 30 % эле бергиле» деп талаш эмес, Кыргызстандын аймагын бөлүп алганга жетишкен. Калганын дагы бир доордо суроого жол ачып алышты.

7). Акаев болсо кыргыз элинин « кулагына» тээп, « биз талаш жердин 70 % алып, уттук» деген ырын ырдай баштаган. Ушундай эле «кытай жолу» ыкмасы менен Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаев дагы Кыргызстандын 5 суулуу, стратегиялык участогун « талаш жер» катары алды. Каркыранын түз жерин алууда, алар Кыргызстанга «көп жерлерин» бергени кошумчаланып айтылган. Бирок иш жүзүндө ал жерлер деле өзүбүздүн эле жайлоолор экенин ысыккөлдүктөр азыр айтып жүрүшөт..

8). Кыргызстандын президенти Акаев Дүйнөлүк Банктан, ДВФ дон ж.б. донорлордон Кыргызстандын завод, фабрикаларын, колхоз, совхоздорун «жок кылуу» үчүн батыштан кредит сурап жүргөндө Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Эгемен Өзбекстандын Кыргызстан менен болгон мамлекеттик чек арасын бизден сурабай эле бир тараптуу тикенек зым менен 1997- жылга чейин эле курчатып алган. Аны Түштүктөн шайланган депутаттар жакшы билесиздер, ошондо Оштон Ала- Букага чейин: Өзгөн,, Бүргөндү, Сөгөт-Сай, Кызыл- Алма, Падыша-Ата ж.б. айлампа жолдорду Кыргызстан курууга аргасыз болгон.

9). Андан сырткары, мына, азыр сиздер карай турган 15% « талаш» участокту да бир тараптуу, бир гана Кыргызстандын эсебинен жаратып койгонго жетишкен. Ал жерлер Өзбекстандыкы же талаш жер болсо Ислам Каримов ошондо эле курчап алмак. Эң башкысы Өзбекстан Кыргызстандан: Кемпир-Абад, Орто-Токой суу сактагычтары, Майлуу-Суу, Падыша- Ата сыяктуу сууларыбыз бар жерлерде «талаш» жаратууга жетишти. Өзбек саясатчылары Суу негизги байлык экенин мыкты билишет.

10).Аны мен Аксыдагы Ункар тоонун мисалында так айта алам. Ункар тоо кылымдардан бери кыргыздыкы экенин, Союз тарааганга чейин деле Кыргызстандын телекоммуникациялык станция, обьектилери жайгашкан. Бирок ага карабай Өзбекстан тарап 2015- жылы ал жерди мыйзамсыз ээлеп,« Өзбекстандын аймагы» катары биздин Өкмөттүк деңгээлде документ алганга жана азыркы 15 % « талаш участокторго» киргизгенге жетишкен. Өзбекстан качан гана жергиликтүү элдин, мекенчил күчтөрдүн Кербенде өткөргөн Курултайынан кийин ал жерден, жана Сары- Булактагы жолдон чыгып кетишкен..Аны ошондо курултайга катышышкан: азыркы мамчиновниктер: К. Ташиев., Ч. Абыкеев ж.б. мырзалар эсинен чыгарбаса керек.Ункар- Тоого окшотуп эле, “талаш жер” деп, “эми бизге өттү” деп жаткан: Гавасай,Көк- Серек, Баястан, Ак- Таш, Кара- Белес, Шамалды-Сай, Кербен,( аэропорт), Жетиген ж. б.жерлер, кылымдардан бери Кыргызстандын жери болгон.

11). Эми болсо төртүнчү коңшубуз, Таджикстан бир кылымдан бери Ворухту анклав катары таанып келип, Кыргызстандан ага өтүү үчүн жол гана сурап жүрүп, жакындан бери «Ворух анклав эмеске» өттү.

12). Менин жеке пикиримде, биздин чек ара маселелерин чечишкен чиновниктерибиз, адистерибиз, чек ара, анклав маселелеринде эл аралык укуктардын ченемдерин жакшы билбегендиктен, кайсы бир чарбалык, коңшулук, бир тараптуу ижаралык жасалма документтерге же коншуларыбыз даярдап келген документтерге көбүрөөк көңүл бурушуп катачылык кетирип жүрүшөт. Ошондуктан Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жасалма, бир тараптуу таңууланган « талаш участокторду» чечүүдө, ар бир «талаш участоктордун» бир точкасынан экинчи точкасына чейин карыш- карыш изилдеп, анын тарыхына, аталыштарына, курулган обьектилердин статусуна чейин көңүл буруп, сөзсүз түрдө ошол жерде жашаган элдин пикирин эске алуу менен чечилгени эл аралык укуктардын ченемдерине туура келет. Ошол жердин эли гана ал жердин ээси!

13) Урматтуу депутаттар, Кыргыз- Кытай чек арасы боюнча «талаш участоктор» боюнча маселе Жогорку Кеңеште 2002-жылы каралып жатканда, А. Масалиев, Б. Акунов, О. Дүйшеев., Д.Садырбаев сыяктуу аксакал депутаттар, орус уулу Н. Байло, украинка А. Проненко, казак жигити Э. Булекбаев сыяктуу мекенчил 19 депутат Парламентте кворум түздүрбөй, маселени күн тартибине киргизбөөгө аракет кылышкан. Ошондо аргасы кеткен Акаев биздин арабыздан бир «демократ». депутатты «кворум кылып берүүгө көндүрүп» эптеп 40 депутатты каттодон өткөрүп, бирок Конституцияны одоно бузуу менен Конституцияда аныкталган үчтөн эки депутаттын добушу менен эмес, болгону 36 добуш менен ( 60 депутаттан) өткөрүп кеткен.

14).2 жана 3- чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргыз- Казак чек арасын 2001- жылдан 2008- жылга чейин жети жыл бою Парламенттен ратификация кылбай коюшкан. Качан гана Бакиевдик «Ак- Жол» фракциясы Парламентке келгенде 2008-жылдын апрель айында ратификация кылып беришкен. Ошондо да СДПК, Компартия фракциялары протест кылып Парламенттен чыгып кетишкен. Азыркы бийликте жүрүшкөн көпчүлүк «акжолчулар» эмнегедир ошондогу Парламенттин төрагасын гана жалгыз эң жогорку денгээлде «саткын» аташып жүрүшөт! Калгандарчы?! Ошол тарыхий катачылык дагы кайталанбайбы?!

15). «Аксынын депутаты Нарындын, Көлдүн жери менен эмне иши бар» дешип, бийликтин  «биз уттук эле, биз уттук» деген агитациясына ишенишип, бизди « тополоңчу» катары карап жүргөндөр, кийин Үзөнгү- Кууш чек ара заставасы ичкери 100 км, Карасай заставасына көчүрүлгөндө, Токмоктун тушундагы айлампа жолдун 800 метрине Казахстан транзиттик зым тартканда гана айрымдар биз «бузуку, тополоңчу» эмес экенибизге ишеништи. Бирок кеч болуп калды.. Буларды «сиздер тарыхтан сабак алса экен» деп эскертип жатам, урматтуу жаш депутаттар!

 

Азимбек БЕКНАЗАРОВ

One thought on “Азимбек БЕКНАЗАРОВ: «Урматтуу депутаттар, тарыхый жоопкерчилик сиздерде!» (Кайрылуу)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.