Мэрия жол кирени көтөрүү токтом долбоорун даярдады. 22-32 сомго чейин көтөрүү пландалууда…

Мэрия жол кирени көтөрүү токтом долбоорун даярдады. 22-32 сомго чейин көтөрүү пландалууда…

Бишкек шаардык мэриясы жол кирени көтөрүү токтом долбоорун даярдады. Мындай маалымат мэриянын сайтына бүгүн (11-октябрда) жарыяланды. Алардын маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу майлардын, тетиктердин кымбаттап, транспорт тармагында оор кырдаал түзүлгөн. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиевдин айтымында, жүргүнчүлөрдү жана багажды ташуунун өздүк наркы накталай эсептешүү тарифинен ашып кеткен.

Токтомго ылайык, жол кирени көтөрүүнүн үч варианты сунушталууда. Троллейбус, автобустарда жол кирени 15 сомго, менчигинин түрүнө карабастан кичи класстагы автобустарда күндүзү 21 сомго, түнкүсүн 32 сомго чейин, кичи класстагы айрым экспресс автобустардын жол киресин (кичи автобустарда) 22-32 сомго чейин көтөрүү пландалууда. Мэриянын мындай планына биз даярбызбы?..

Эске сала кетсек, Бишкекте коомдук транспорттун тарифи былтыр көтөрүлгөн, июндун башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени көтөрүүнү талап кылып, бир канча күн иш таштаган. Мэрия маршруткаларга жол кирени 10 сомдон 15 сомго, автобус-троллейбустардыкын 8 сомдон 11 сомго көтөрүү боюнча токтом долбоорун киргизип, колдоо таап, жол кире көтөрүлгөн.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.