“Кумурска – токой сакчысы” аттуу балдарга арналган спектаклге келиңиздер!

“Кумурска – токой сакчысы” аттуу балдарга арналган спектаклге келиңиздер!

Кыргыз мамлекеттик М.Жангазиев атындагы куурчак театрында, 16-октябрда, саат 12:00 “Кумурска – токой сакчысы” аттуу балдарга арналган Интерактивдүү заманбап жомок-спектаклдин премьерасы болот. Бул тууралуу театрдын администрациясы билдирди.

Алардын маалыматына караганда, бул спектаклде: өз чек араларын жана токоюн сактоо үчүн күрөшкөн, экологияны зыянкечтерден коргоого умтулган эр жүрөк токой каармандары бар. Чек араны коргоп жүргөн сакчы кумурска, капысынан чек араны бузуп жана алар жашаган жашыл токойду кыйратып жаткан зыянкечтерди байкайт. Мекенин коргоп калууга эр жүрөктүүлүк менен камынган сакчы кумурска анда жашоочуларга кабар берет. Токойду зыянкечтерден жана алар койгон зыяндуу өрттөн сактап, жашыл планетабыздын экологиялык тазалыгына да чоң салым кошушат.

Режиссёр коюучу — КРнын эмгек сиңирген артисти Илич Касымбеков

Сүрөтчү-коюучу – Азат Идирисов

Музыкасы – КРнын эмгек сиңирген артисти Илич Касымбеков

Интерактивдүү заманбап жомок-пьесанын автору – Алтынай Темирова

Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, бала-чакаларыңыз, неберелериңиз менен келип кетиңиздер!

 Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.