Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

Кыргызстан-Азербайжан өнүктүрүү фонду түзүлөт

Азербайжандын президенти Илхам Алиев мамлекеттик иш сапар менен Кыргызстанга кечээ, 11-октябрда келди. Эки өлкөнүн биригелешип аракеттенүүсүнө багытталган айрым документтерге кол коюлду. Тагырагы, мамлекет башчылары Садыр Жапаров менен Илхам Алиев мамлекеттер аралык кеңештин биринчи отурумунун чечимине кол коюшту. Мындан сырткары, Кыргызстандын Министрлер кабинети менен Азербайжандын өкмөтү Кыргыз-Азербайжан өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол койду. Ошондой эле бир катар министрликтин жетекчилери өз багытында кызматташуу боюнча программага, протокол жана меморандумга кол коюшту. Ал документке ылайык, Бишкек менен Баку шаарлары достук мамилелерди өнүктүрмөй болду. Жалпысынан эки тараптуу тогуз документке кол коюлган.

«Эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнү арттыруу зарылдыгы боюнча орток түшүнүк бар экени кубандырат. Ошентсе да соода жүгүртүүнүн азыркы деңгээли али өз дараметине жете элек. Биз Азербайжан Республикасынын бизнес коомчулугунун биздин рынокто болушун кубаттайбыз, ошондой эле мындан ары өнөктөш катары кызматташууга ачыкпыз. Инвесторлорду коргоого кепилдик беребиз жана эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз«, — деди президент Садыр Жапаров жолугушууда.

Гүлгаакы ЖАКЫПОВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.