Путиндин демилгеси менен эртең Жапаров менен Рахмон Астанада жолугат

Путиндин демилгеси менен эртең Жапаров менен Рахмон Астанада жолугат
Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити, Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны жана «Борбор Азия + Орусия» мамлекет башчыларынын саммити 12-14-октябрда Казакстандын Астана шаарында өтөт. Саммитке катышуу үчүн президент Садыр Жапаров бүгүн (12-октябрда) Казакстанга барды. Эртең, 13-октябрда, Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.
Мындай маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анын айтымында, мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда. Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган.
Эске сала кетсек, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атаган. Тажикстан тарап да Кыргызстанга ушундай айып коюуда.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.