Нату НИЯЗОВ: «Байдылда Сарногоевдин алгачкы чыгармачылыгына атам көмөктөшүптүр…”

Нату НИЯЗОВ: «Байдылда Сарногоевдин алгачкы чыгармачылыгына атам көмөктөшүптүр…”

Эсен болуп, эстей жүр!

«Түндүкмүн деп элирбей,

Түштүкмүн деп көбүрбөй,

Ортосунан оң-солдун,

Мен чыккам деп сөгүнбөй,

Уруум да кыргыз деп,

Улутум да кыргыз деп,

Жүрөлүчү бөлүнбөй»

деп кыргыз элин биримдикке чакырып, бизге нускалуу сөз калтырган, Кыргыз деп келип, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев атабыздын көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Маркумдун мааракесине карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара 11-ноябрда Талас облусунан башталып, Бишкектен жыйынтыкталат. Ага чейин биздин редакция уюштурган «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасы уланып, видеолор жана эскерүүлөр келүүдө… Бүгүн биз милициянын ардагери, полковник Нату Ниязовдон келген эскерүүнү беребиз.

«Байдылдага жардам бер» деп эжем атама кат жазат»

Жакында 90 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленгени жаткан Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоевдин Таластан Фрунзеге келип, акын- жазуучулардын катарына кошулушу жана алгачкы ырларынын гезит бетине жарыяланышы боюнча бир топ маалыматтар айтылып келет. “Кулун эмбес” деген айылдан Фрунзе шаарына кайсыл тууганы жардам берип кетиргени элибизге маалым. Бирок, шаарга келгенден кийинки маалыматтар жокко эсе. Эмесе, Байдыкенин эң алгачкы ырларынын “Ленинчил жаш” гезитине жарыяланышына ким жардам бергенин, алгачкы гонорарын ким алып бергенин укканымды айтып берейин.

Билимдүү-илимдүү атам Нияз Султаналиев Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, аскер учкучу болгон. Агезде кыргыздардан аскер учкучу чанда гана болчу. Атам Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Япония менен болгон согушка катышкан. Мен ошол жакта Ыраакы чыгышта төрөлүп атымды Нату деп койуптур.

Атам 1968-жылы каза болгон. Акыркы сапарга узатууга келген атамдын бир тууган эжеси Султаналиева Жумабүбү эжекем атамдын Байдылда Сарногоевге жардам бергенин айтып берген. Эжем Таластын азыркы Кара-Ой айылына Айтов Төрөкул деген кишиге турмушка чыккан. Чоң-Чүй каналын казууга катышып, ошол жерден суук тийип төрөбөй калган. Ошондон улам, жолдошуна өзү токол алып берген экен. Эл акыны Байдылда Сарногоев ошол Айтов Төрөкулдун туугандары болот. Агезде атам  “Ленинчил Жаш” гезитинде адабий кызматкер болуп иштеген. Байдылда Фрунзеге кетип жатканда Жумагүл эжебиз атама: «Байдылдага жардам бер» деп кат жазат. Эжемдин сөзүн эки кылбаган атам Байдыкенин биринчи ырын «Ленинчил Жаш» гезитине бастырып, алгачкы гонорарын алып бериптир. Андан кийин да аябай жардам берген экен.

Атам менен Байдыкенин жаткан жери жайлуу болсун!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

P.S. Байдылда Сарногоевдин мааракесине арналган мамлекеттик иш-чараны уюштуруп жаткан уюштуруучулардын бири журналист Күнболот Момоконовдун маеги бул ШИЛТЕМЕде. 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.