Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Байдылда деген Байдылда» (Видео)

Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Байдылда деген Байдылда» (Видео)
Кыргыз деп келип, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев атабыздын көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак.
Маркумдун мааракесине карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара 11-ноябрда Талас облусунан башталып, Бишкектен жыйынтыкталат. Ага чейин биздин редакция уюштурган «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетаны, эскерүүлөрдү жана Байдылда атабызга арналган ырларды берип турабыз.
Улуттук Жазуучулар союзунун жетекчиси, мыкты акын Нурлан Калыбековдун «Ирмемдер» китебиндеги «Байдылда деген Байдылда» аттуу ырын сунуштайбыз.

Байдылда деген Байдылда…

Байдылда деген Байдылда,
Үрүнөн жылдыз, айдын да
Устукан алып жүргөнсүп,
Жаркырайт кыргыз айдыңда.
Туйлаган тулпар жалынан,
Сулуунун сүйкүм калынан —
Чууруган ырды таап алып,
Өткөрүп берчү канынан.
Ойлору суудай шар эле,
Ордосу айыл, шаар эле.
Адамды тек кой, макулук
Угууга сөзүн зар эле.
Күн — түндү билбей күйчү эле,
Жарыгы тегиз тийчү эле.
Булактар төшөп кулагын,
Балыктар сүйлөп ийчү эле.
Октолсо оттуу добушу,
Оронуп ырга конушу
Тарп чокуур тумшук ыр токуп
Безенчү карга, жорусу.
Бутаны мээлеп ата алган,
Адалдап «актан» тата алган.
Уюган балдай тилинен,
Булбул да келип бата алган.
Кырсыктын тийип кол учу,
Көрүндү белем жол учу…
Шум ажал өзү келбесе,
Эл — журту бербейт болучу.
Байдылда деген Байдылда,
Келет деп качан, кай жылда?..
Арманын уктум кусалуу
Тоо — таштын, өзөн — сайдын да.
Нурлан КАЛЫБЕКОВ,
2015 — жыл
P.S. Белгилей кетчү нерсе, Нурлан Калыбеков биздин сайт уюштурган «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасына да катышып, Байдылда Сарногоевдин «Издеп жүрөм» аттуу ырын окуган. Ал бу ШИЛТЕМЕде.
Мындан тышкары, Улуттук Жазуучулар союзу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Талас облусунун Талас районуна караштуу Бекмолдо айыл өкмөтү менен биргеликте залкар акындын 90 жылдык мааракесине арналган республикалык поэзия сынагын уюштурган. Ал кечээ, 20-октябрда аяктады. 
http://adabiyat.kg/synaktyn-m-n-t-20-oktyabrga-chejin-uzartyldy/

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.