ВИДЕО — Кыргыз Эл акыны Асан Жакшылыков эстафетаны акындарга узатты…

ВИДЕО — Кыргыз Эл акыны Асан Жакшылыков эстафетаны акындарга узатты…

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана «Манас» орденинин ээси, кыргыз деп келип, кыргыз деп дүйнөдөн өткөн Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоев атабыздын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Мааракеге карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара 11-ноябрда Талас облусунан башталып, Бишкектен жыйынтыкталат. 90 жылдыгын утурлай биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Социалдык желеде бир топ инсандарыбыз эстафетаны улантып келди. Бирок ортодо ыр окуу ыргагы ар кандай кырдаалга байланыштуу токтоп калган эле… Эми кайрадан жандантып, мамлекеттик иш-чарага (16-ноябрга) чейин улантып жатабыз, туугандар!

Эстафета уланууда…

Эстафетабызды улантууну улуу акындын улуу кызы Гүлсана Сарногоева эжебиз баштап, атасынын «Кыргызымдын жигиттери» аттуу ырын окуп, Кыргыз эл акыны Асан Жакшылыковго узаткан. Драматург, жазуучу, котормочу агабыз Байдылда Сарногоевдин Сооронбай Жусуевге аттуу ырын окуп, эстафетаны Кыргыз эл акыны Меңди Мамазаирова менен Улуттук жазуучулар союзунун жетекчисинин орун басары, акын Керимбек Кадыракуновго узатты.

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.