ВИДЕО — Депутат Руслан Жакышов Атай Бейшенбек тууралуу ИИМден сурады…

ВИДЕО — Депутат Руслан Жакышов Атай Бейшенбек тууралуу ИИМден сурады…
Бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кылмыш-жаза-аткаруу иши чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.
Ага Ички иштер министрлиги катышып, баяндама жасашты. Анда «массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» деген жүйө менен шектүү катары бир катар саясатчылар, активисттердин кармалышы боюнча тиешелүү мекемелердин маалыматы да угулду. Аягында депутаттар суроо узатышты. Депутат Руслан Жакышов камалгандарды ар кайсы жакка (Токмок, Сокулукка чейин) алып барып камагандарынын себебин, активисттердин кармалышынын негиздемесин жана тартылган тасманын аныктыгын сурады. Ошондой эле, активист Атай Бейшенбектин 22-октябрда жыйынга катышпаганын айтса да, камалып калганынын себебин сурады. Бул ВИДЕОдо

Атай БЕЙШЕНБЕК: «22-октябрдагы жыйынга катышкан эмесмин!»

Белгилей кетсек, «Жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылган» деген айып менен 23-октябрда кармалган 20дан ашуун саясатчылар, активисттер (Айданбек Акмат уулу, Али Шабдан, Чынгыз Капаров, Айбек Бусурманкулов, Рита Карасартова, Асия Сасыкбаева, Канат Исаев, Жеңиш Молдокматов, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков, Бектур Асанов,   Эрлан Бекчоро уулу, Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминов, Нурлан Асанбеков, ​Талант Эшалиев, Акыл Айтбаев) кармалган. Алардын баш коргоо чарасы эртеси Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда (иш убактысы бүткөнүнө карабай) түнү менен каралып, бардыгын эки айга камоо чечимин чыгарган. Бүгүн, 25-октбярда анын себебин түшүндүрдү. Алардын тараткан маалыматка караганда, судьялар Жазык-процессуалдык кодексинин 96, 97 жана 106-беренесинде көрсөтүлгөн тартипте ишти караган. Эгер материал түнү келип түшсө, тергөө соту көрсөтүлгөн убакытта, кийинки күнгө калтырбай кароого милдеттүү.

Активист Атай Бейшенбек өзүнө коюлган айыпты четке кагып, Кемпир-Абад боюнча комитетке мүчө болбогонун, 22-октябрдагы жыйынга катышпаганын, массалык башаламандык уюштурууга шек саналып кармалган башка активисттер, саясатчылар менен жолукпаганын билдирди. Анын вдвокаты Канат Хасанов соттун чечимине макул эместигин баса белгилеп, «саясий куугунтук» деп баалап, 5 күндүн ичинде даттануу арызы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын билдирди.

Жабык эшик артында каралган маселе…

Эске сала кетсек, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек ара (анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча) эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Жактырылган документке эки мамлекеттин президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек. Жабык эшик артындагы жыйында УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасында Кыргызстанга өтөт делген жерлерди атаган.

Кечээ, 24-октябрда Бишкекте жүздөгөн жарандар пикетке чыгып, камалгандарды бошотуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Ал эми президент ушул маселе боюнча улуттук «Кабар» агенттигине маек куруп, камалгандардын ишине кийлигишпесин, чекитти сот гана кое турганын билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.