Нуржигит Кадырбеков Кемпир-Абад маселесине мораторий жарыялоону сунуштады

Нуржигит Кадырбеков Кемпир-Абад маселесине мораторий жарыялоону сунуштады

«Чечимди кабыл алчу, тарыхта калчу бизбиз»

Жогорку Кеңештеги «Ыйман Нуру» фракциясынын лидери, депутат Нуржигит Кадырбеков Кемпир-Абад маселесине байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал 2-ноябрдагы сессияда сүйлөп жатып, бул жагдай талаштуу болуп калганынан улам чечим кабыл алууга убактылуу мораторий жарыялоону сунуштады.

«Мен Кемпир-Абад боюнча ак да, көк да дебейм, туура же туура эмес деп да айтпайм. Бирок сизден бир сураныч, чечим кабыл алууга жок дегенде үч-төрт жылга мораторий жарыялабайлыбы? Анткени бул чечимди кабыл алчу, тарыхта калчу бизбиз. Барып көз менен көрүп, документтердин баары менен таанышып, ал чындык менен канчалык дал келерин салыштырып чыкмайынча чечим кабыл алуу оор экен. Азыр ушунча адамдын жүрөгү ооруп жатат. Балким алар туура түшүнбөй жатабы. Бирок ушунча адамдын назарына калып, ушул чечимди кабыл албай эле коелучу. Мен ушуну мамлекет башчысынан суранат элем, аны биз шайладык эле, биз колдодук эле, дагы деле колдойбуз. Ушул өтүнүчүмдү эки кылбай бир карап көрсөңүз«,-деди Кадырбеков.

Президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы бул өтүнүчкө байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун жабык карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кеткен.

Аталган комитет 10-октябрда кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун карап, көпчүлүк добуш менен жактырган. Комитеттин ошол кездеги төрагасы, депутат Чыңгыз Айдарбеков долбоорго каршы добуш берип, тиешелүү чечимге кол коюудан баш тарткан. Ал муну чек ара келишимине байланыштуу депутаттарга тиешелүү документтер толук берилбегени менен түшүндүргөн. Көп өтпөй Айдарбеков комитет төрагалыгынан кетип, ордуна депутат Улан Примов шайланган. Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Чыңгыз Айдарбеков Атайын жана ыйгарым укуктуу элчи дипломатиялык рангынан да ажыратылган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу «массалык башаламандык уюштурууга даярданды «деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти. Өткөн апта соңунда Орусияда жүргөн оппозициячыл активисттер Орозайым Нарматова менен Илгиз Шаменов Бишкекке алып келинсе, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун үйү тинтилген соң камакка алынган.

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.