ВИДЕО — Генерал-майор Самат Курманкуловдун азыркы абалы… Жакындары Өкмөткө кайрылышты…

ВИДЕО — Генерал-майор Самат Курманкуловдун азыркы абалы… Жакындары Өкмөткө кайрылышты…

Самат КУРМАНКУЛОВ: «Ал күндү эстесем жүрөгүм ооруйт»

«Эрдик» медалдын ээси, милициянын генерал-майору, төрт баланын атасы, 45 жаштагы Самат Курманкуловдун азыркы абалы… Жүрөк сыздайт. «Ал күндү эстесем жүрөгүм ооруйт» деп ыйлайт…

Төмөндөгү видеону Миргүл Шерматовна кечээ, 1-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Видеодо жакындары кызматын так аткарып, оор акыбалда калган Самат Курманкуловдун азыркы абалы тууралуу айтып, Өкмөткө кайрылышыптыр. Кайрылуу абдан туура, колдойбуз!

Урматтуу окурмандар, видеону аягына чейин уксаӊыздар баарын түшүнөсүздөр. Бөлүшүп коюӊуздар, Самат мырзанын туугандарынын үнү Өкмөткө (Акылбек Жапаровго) жетсин!

4 жыл мурунку окуя…

Эске сала кетсек, 2019-жылы 7-августта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн аны кармоо операциясын УКМК кечке маал жүргүзүп, ал ишке ашпай калып, кагылышуу болуп, бир топ адам жаракат алып, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учуп, каза болгон.

Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов башынан оор жаракат (башына таш тийип) алып, эки жолу операция болгон. Ал Москвага кетип дарыланган. 2020-жылдын 6-апрелинде Кыргызстанга учуп келип, Бишкектеги ИИМдин госпиталында дарыланган. Учурда үйүндө дарыланууда… Самат мырзага бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.