ВИДЕО — Төкмө акын Максат Кулуев эстафетаны Эл акыны Амантай Кутманалиевге узатты

ВИДЕО — Төкмө акын Максат Кулуев эстафетаны Эл акыны Амантай Кутманалиевге узатты

Эстафетанын жыйынтыкталарына саналуу гана күн калды

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара 13-ноябрда Талас облусунан башталып, 16-ноябрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жыйынтыкталат.

Атабыздын 90 жылдыгын утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Социалдык желеде бир топ инсандарыбыз эстафетаны улантып келди. Бирок ортодо ыр окуу ыргагы ар кандай кырдаалга байланыштуу токтоп калган эле… Жакында эле кайрадан жандантып, 16-ноябрга чейин улантуудабыз. Эстафетанын жыйынтыкталарына саналуу гана күн калды.

Жаш акын эстафетаны акындарга узаткан…

Жеке ишкер, жаш акын Акбар Жанышбеков Байдылда атабыздын «Кала берди» аттуу ырын окуп, эстафетаны 3 акынга: Эркеайым Боталиевага, Максат Кулуевге,  Афина Бакировага узаткан.

Эстафетага Байдылда атабыздын обондуу ыры менен жооп берди…

ОТ КОЙГУН МАХАБАТТЫН МИЛТЕСИНЕ

Сөзү: Байдылда САРНОГОЕВдики

Обону: Султан ЮСУПОВдуку

Жыттасам жыпар мончок илебиңден
Жылдызым учуп чыгат жүрөгүмөн.
Күндүзү Күнүм болсоң, түнкүсүн Ай
Экөө тең өзүң го деп жүрөмүн мен.

Бакытым сенин чолпон көздөрүңдө
Байлыгым сенин наздуу сөздөрүңдө.
Жүз жылдык ырахатты алгансыймын
Жүзүңдөн бир нур чачып өткөнүңдө.

Ак куунун моюнуна окшоп салааларың
Жиресе чачтарыңдын араларын
Тап-такыр эрип эле кетким келет
Тапшырып жан дүйнөмдүн сага баарын.

Эмесе жаным бирге жаркын жазым
Жаштык кез алмаз болуп жалтылдасын.
От койгун махабаттын милтесине
Чагылган жарк-журк этип чартылдасын.

Көп кырдуу талант тууралуу…

Белгилүү обончу, ырчы, алып баруучу, «Айтыш» коомдук фондунун мүчөсү, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны, Бишкектеги Токтогул  Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын солисти, Алымкул Үсөнбаев атындагы Мамлекеттик «Эл шайырлар» тобунун ырчысы, Маданияттын мыкты кызматкери Максат Кулуев 1983-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында туулган. Кичи мекени — Талас (Бакай Ата районуна караштуу Кара- Суу айылы). Чоң атасы Чойбек Кулуй уулу комуз черткен, сөз баккан, чечен киши болгон. Алардын тукумунан айтылуу ырчы, обончу Тургуналы Нурматов чыккан. Маркум агабыздын атасы менен Максаттын чоң атасы бир тууган.
Жогорку билимдүү. Эки окуу жайын (Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетти жана Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз  улуттук консерваторияны) аяктаган. Эмгек жолун Таттыбүбү Турсунбаева атындагы ансамблден баштаган. Калык Акиев атындагы драма театрында «Бекбекей» ыр-бий ансамблинде эмгектенген. Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрында спектакльдерде роль ойноп, кино жаатында да иштеген.
КТРКде «Төкмө келсе төр бошот» берүүсүн, ЭлТРде «Ак таңдай», «Чак түш» берүүлөрүн алып барат. ВИДЕО
Төкмө акындык жана актёрлук өнөрү эле эмес, таланттуу обончу катары да таанымал. Элдин жүрөгүнөн орун алган мыкты обондуу ырларды жараткан. Алсак: «Ай Энем», » Сен эмес» , «Теңим бар», «Жөнө балам», » Азаттык», » Элдин ынтымагы», «Сезидешим», » Мекенчил бол» » Кара кыргыз», » Сулайман тоо сулуусу», «Ата-журт Кыргызстан«. Ырлары Кыргызстандын бардык радиотелеканалдарында элдин суроосу менен байма-бай берилип турат. Унутта калган айтыш термелерди алып чыгууда зор салым кошкон кыргызымдын көп кырдуу таланттуу жигити “Айтыш” коомдук фонду түптөлгөндөн бери айтыштарга, мамлекеттик иш-чараларга активдүү катышып келет.
Үй-бүлөлүү, эки баланын (бир уул,  бир кыздын) атасы.

Буга чейин комуз менен атактуу ырчы Малиев Аликеев ырдаган…

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу эстафетага катышуучулар, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) «Башат» ырында жазгандай, алар арабызда бар. Дегеним ырларында, биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»!
Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Назира СААЛИЕВА

One thought on “ВИДЕО — Төкмө акын Максат Кулуев эстафетаны Эл акыны Амантай Кутманалиевге узатты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.