Байдылда Сарногоевдин мааракесине арналган иш-чара эртең Таластан башталат. ПРОГРАММА

Байдылда Сарногоевдин мааракесине арналган иш-чара эртең Таластан башталат. ПРОГРАММА

Укпадым, көрбөдүм дебеңиздер! Келиңиздер!

Эртең, 13-ноябрда Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган мамлекеттик иш-чара касиеттүү Талас жергесинен башталат. 

1. 13-ноябрда Талас шаарынын борборунда залкар акындын айкелинин ачылышы болот.

2. Капар Медетбеков атындагы облустук музыкалык драма театрында эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон акындын үзөңгүлөш замандаш, калемдештери жана сыйлуу коноктордун катышуусундагы концерттик иш-чара өткөрүлөт.

3. Маараке алкагында жүргүзүлгөн конкурстун жыйынтыктары чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланат.

4. Талас шаарындагы Райкан Алканов атындагы ат майданында спорттук иш-чара өткөрүлөт.

5.  18-ноябрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жыйынтыкталат.

Иш-чарага катышып, конок болуп кетиңиздер!

АРХИВден…

Бахтияр САРНОГОЕВ: «Атамдын өз аты-жөнү — Убайдылда Айтманбетов»

Байдылда атабыздын өз аты-жөнү башка экенин 2007-жылы «Де-Факто» гезитиндеги Зина Сарногоева эжебиз менен болгон маекте, ортончу уулу Бахтияр агабыздан уктук эле. Анда агабыз мындай деген:

— Таласта Чоң-Чычкан (азыркы «Жерүй» кени салынган жер) деген тоо бар. Ошол жакта Кулманбес (негизи Кулун эмбес болчу) деген кыштоо бар. Атам ошол жерде төрөлүп, балалыгы ошол жерде өткөн. Уруусу — чылпак. Чылпактар «күңгөй, тескей» деп экиге бөлүнөт экен. Атам тескей чылпактардан болот. Чоң атам Сарногой молдо болгон экен. Негизи чоң атамдын да өз аты — Айтманбет. Эл арасында ногой, татарлар көп жашашкан экен. Ошолор менен кошуна туруп калганда, бир татар молдо, чоң атам сары киши болгондуктан аны «Сарыногой» деп атап койсо, ошол аты ошол бойдон айтылып калып кетет. Атамдын да азан чакырылып коюлган аты Убайдылда болуптур. Ошондо өз аты-жөнү — Убайдылда Айтманбетов болуп атат да. Биз деле кийин, 1991-жылы кайсы бир журналга атамдын берген интервьюсунан окуп алып таң калганбыз.

Назира СААЛИЕВА, «Де-Факто», 2007-жыл

Айтмакчы…

Маалымат үчүн Таластагы эл оозунда бурмаланып Кулманбес аталып калган Кулун-Эмбес кыштоосунун аталышын чечмелеп коелу. Бул тоо калдайып алыстан биздин айылдан да көрүнүп турат. Токтогул тарапка ыктап, Суусамыр тоолоруна барып ашташат. Жайы-кышы башынан кар кетпей, бети жашыл тартып турарын ыраматылык атабыздын айтып калганы эсибизде. Бир кездерде бул жердин чөбү кубаттуу, күчтүү өскөн экен. Кулундар чөпкө эле тоюп алып, энесинин сүтүн эмбей жата бергендиктен, ал жакта жашаган, ал жакка келген-кеткен эле Кулун-Эмбес деп атап койгон экен…

Кичинекей мамлекети… 

«Мен киммин? Мен бир акын жаман сары,/ Колунда койкоңдогон калам сабы» деген Байдылда атабыздын көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак экен. 14-январь — туулган күнү. Залкар акыныбыз 1932-жылы жарык дүйнөгө келген делет. Өмүрлүк жары Зина апабыздын айтканы боюнча чыныгы туулган жылы — 1928-жыл.

«Артыңда уулуң калса — өзүң калганың, кызың калса — изиң калганы» дегендей, айтылуу акын Байдылда Сарногоевдун артында өзү да, изи да калды. Турмушта тапкан жубайы экөө беш — үч уул (Баястан, Бахтияр, Бакай), эки кыздуу (Гүлсана, Карлыгач) болушкан. Тилекке каршы, тун баласы Баястан агабыз каза болуп калган.  Уул-кыздарынын ар бир сөзүнөн атасына болгон сагынычы, кусалыгы байкалып турат… Залкар акындын өмүр көчүн улап небереси Дилбара, чөбөрөлөрү Айганыш, Алсу  чоӊоюп жатат…

Уланып жаткан эстафета…

Алакан

90 жылдык мааракени утурлай, ыр окуу эстафетасы уланууда, жакында жыйынтыкталат. Бул саамалыгыбызда Байдылда атабыздын бир эле керемет ыр саптары окулбай, обондуу ырлары дагы ырдалууда. Обондуу ырлардын башын мукам үндүү ырчыбыз Малик Аликеев Түгөлбай Казаков агабыз обонго салган «Эсен бол!» ырын комуздун коштоосунда аткарып ачып берген…

Көркөм сөз чебери, кайталангыс талант Байдылда Сарногоев атабыз бизге калтырган бай казынасында — өлбөс-өчпөс поэзиясында жашай бермекчи! Эсен болуп, эстей жүрөлү!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.