ВИДЕО — Эл акыны Амантай Кутманалиев эстафетаны манасчы Рысбай Исаковго узатты

ВИДЕО — Эл акыны Амантай Кутманалиев эстафетаны манасчы Рысбай Исаковго узатты

Талас шаарында Эл акынынын эстелиги тургузулуп, сыйлыгы тапшырылды

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине карата мамлекеттик деӊгээлдеги иш-чара бүгүн, 13-ноябрда, Талас облусунан башталып, алгач Талас шаарында эстелиги тургузулду.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков жана бир кыйла акын-жазуучулар, мамлекеттик, коомдук ишмерлер катышты.

Иш-чаранын 2-бөлүгүндө Байдылда Сарногоев атындагы республикалык адабий сыйлыктын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири, журналист Күнболот Момоконов билдирди.

Анын айтымында, сыйлык ээлерине Нурлан Калыбеков тапшырды. Баш байге ээси Бегайым Нурланова 100 000 сом жана диплом менен сыйланса, 1-орунду Бектурали Исамидин уулу (диплом жана 70 000 сом), 2-орунду Жаннат Сабырбекова (диплом жана 50 000 сом), 3-орунду Элмира Ажыканова (диплом жана 30 000 сом) ээледи. Кесексары Исаков 10 000 сом байгеси менен калыстардын атайын сыйлыгына татып, калган катышуучуларга 5000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Айтмакчы,  Таласта башталган иш-чара соңу 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жыйынтыкталат.

Окурмандардын суранычы менен эстафета узартылды…

Атабыздын 90 жылдыгын утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганыбыз эл эсинде. Эстафетабыз, ортодогу айрым жүйөлүү себеп-окуялардан улам азга токтой калбаса, калган учурларда ыргагын бузбай уланып келаткан. Анан, эми кызуусуна кирип калганда мамлекеттик иш-чара менен кошо жыйынтыктап салбай, окурмандардын суранычы менен «залкар акыныбыздын жылы болуп аяктасын» деген изги тилек кылып эстафетабыз декабрдын он сегизине чейин узартылды…

Эстафета кезегин алган Кыргыз Эл акыны, ак таңдай төкмө «Саркашка» Амантай Кутманалиев Байдылда атабыздын «Элге кайрылуу» ырын окуп, эстафетаны манасчы Рысбай Исаковго узатты…

Байдылда САРНОГОЕВ

ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУ

Жебедей учсам дечү элем,

Жел менен кошо сызыла.

Жеңил баа кылдым өзүмдү,

Жете албай максат учуна…

Желбей да калдым бир топ жыл,

«Жем» түшүп кетип бутума.

Жеңил баа жагым жел айдап,

«Жем» түшкөн бутум айыкты.

Жакшылап чуркап бергим бар,

Жакынбы мараң алыспы…

Саяпкер элим таптап көр,

Сагынып калдым жарышты.

Жаман ыр жазсам күйүнтүп,

Каргасаң дагы сен карга.

Жакшы ырды жазсам сүйүнтүп,

Жалгасаң дагы сен жалга.

Булбулсуң— десең мен булбул,

Каргасың— десең мен карга.

Эл акынына эстафетаны обончу, ырчы, төкмө акын Максат Кулуев узаткан…

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу эстафетага катышуучулар, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) «Башат» ырында жазгандай, алар арабызда бар. Дегеним ырларында, биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»!
Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.