ВИДЕО — Акын Керимбек Кадыракунов эстафетаны Эл акыны Карбалас Бакировго узатты

ВИДЕО — Акын Керимбек Кадыракунов эстафетаны Эл акыны Карбалас Бакировго узатты

Окурмандардын суранычы менен эстафета узартылды…

Улуу акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесин утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаганбыз. Эстафетабыз, ортодогу айрым жүйөлүү себеп-окуялардан улам азга токтой калбаса, калган учурларда ыргагын бузбай уланып келаткан. Анан, эми кызуусуна кирип калганда мамлекеттик иш-чара менен кошо жыйынтыктап салбай, окурмандардын суранычы менен «залкар акыныбыздын жылы болуп аяктасын» деген изги тилек кылып эстафетабыз декабрдын он сегизине чейин узартылды…

Улуу акындын улуу кызы…

Эстафетабызды улантууну залкар акындын Италияда жашап, иштеп жаткан улуу кызы Гүлсана Сарногоева эжебиз баштап, атасынын «Кыргызымдын жигиттери» аттуу ырын окуп, Кыргыз Эл акыны Асан Жакшылыковго узаткан.

Драматург, жазуучу, котормочу агабыз Байдылда Сарногоевдин Сооронбай Жусуевге аттуу ырын окуп, эстафетаны Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова менен Улуттук жазуучулар союзунун жетекчисинин орун басары, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын Керимбек Кадыракуновго узаткан.

Акын агабыздын эстафетага жообу:

Тоолор менин ырыскым

Ууз ойлуу уланымын чыгыштын,

Улар учкан тоолор менин ырыскым.

Ошол тоону оюп туруп аскасын,

Жаштагымды, жалынымды уюттум.

Зоолор менин төшөк менен жаздыгым,

Жатсын анда жалыным да, жаштыгым.

Алар мөгдөп азайганда кубаты,

Жалын берээр кээ бир жазган жакшы ырым.

Мен жөнөкөй эл ичинде бир адам,

Көктөн эмес, жерден таалай сураган.

Атак-даңкым бийик болсун, болбосун,

Бийик жерге төрөлгөнгө кубанам.

Ууз ойлуу уланымын чыгыштын,

Улар учкан тоолор менин ырыскым.

Ырыскымдан ыраак кетип даңк издеп,

Жүргүм келбейт ары жагында булуттун.

Байдылда САРНОГОЕВ

Акын агабыз Керимбек Кадыракунов эстафета кезегин Кыргыз Эл акыны Карбалас Бакировго узатты.

Буга чейин Жазуучулар Союзунун жетекчиси Нурлан Калыбеков ыр окуган:

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу эстафетага катышуучулар, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) «Башат» ырында жазгандай, алар арабызда бар. Дегеним ырларында, биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»!
Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.