Эстафетаны кызыткан кыргызымдын жигиттери… (5 видео)

Эстафетаны кызыткан кыргызымдын жигиттери… (5 видео)

18-декабрга чейин узартылган эстафета…

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик иш-чара 13-ноябрда Талас облусунан башталып, Талас шаарына эстелиги орнотулду. Бул иш-чаранын соңу 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жыйынтыкталат.

Залкар акындын мааракесин утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаган. Эстафетабыз, ортодогу айрым жүйөлүү себеп-окуялардан улам бир азга токтой калбаса, калган учурларда ыргагын бузбай уланып эле келатты. Анан, эстафета эми кызуусуна кирип калганда мамлекеттик иш-чара менен кошо жыйынтыктап салбай, окурмандардын суранычы менен «залкар акыныбыздын жылы болуп аяктасын» деген изги тилек кылып декабрдын он сегизине чейин узарттык…

Эстафетаны кызыткан кыргызымдын жигиттери…

Эстафета кезегин жаш акын Акбар Жанышбековдон кабыл алган обончу, ырчы, төкмө акын Максат Кулуев Байдылда атабыздын обондуу ырын ырдап узаткан:

Эстафетаны кабыл алган Кыргыз Эл акыны, ак таңдай төкмө «Саркашка» Амантай Кутманалиев Байдылда атабыздын «Элге кайрылуу» ырын окуп, эстафетаны манасчы Рысбай Исаковго узаткан.

Манасчы эстафета кезегин Кыргыз Эл артисти, ырчы Сыймык Бейшекеевге узатса, ал Байдылда атабыздын эл жүрөгүнөн түнөк тапкан бул ырын окуптур:

«Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер сүйбөгөн…
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.
Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да
Топончо көрбөй үйлөгөн…
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн!»

Францияга кеткен эстафета…

Белгилүү ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев эстафетаны Шайырбек Абдрахман уулуна узатса, ал Байдылда атабыздын бул ыры менен жооп бериптир:

САРЫ-ЧЕЛЕК КӨЛҮ

Сагынган акын жүрөгү
Сары-Челек көлдүн чүрөгү.
Сайрандап үч күн жээгинде
Семире түштүм бир эли.

Жашырын сырдуу күү чалып
Жай толкуп, кайра тынч алып.
Жаңгактуу тоонун койнунда
Жатканын көрчү суйкайып.

Көп жолу тиктеп түпкүрүн
Көрбөдүм мунун түк кирин.
Көрүнүп сакал кыра бер,
Кереги эмне күзгүнүн!

Сары-Челек көлгө келишкен
Салбайбыз курорт неликтен?
Кооздук жагы кем калбайт
» Кой-Сары», » Жети Өгүздөн».

Айрыкча шаңдуу байкасаң
Айтканда тоодон кашка таң.
Көл болбой эгер кыз болсо
Көз тиймек экен капкачан. 

Шайырбек Абдырахман уулу «Айтыш» коомдук фондунун негиздөөчүсү, Кыргызстандын Франциядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Садык Шер-Ниязга узатты.

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу эстафетага катышуучулар, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) «Башат» ырында жазгандай, алар арабызда бар. Дегеним ырларында, биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»!
Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Эстафетанын жол-жобосу жана өтүнүчүбүз…

Урматтуу эстафета катышуучулары жана жалпы окурмандарыбыз!

Биздин жол-жобону туура кабыл алып, туура аткарып коюшуңуздарды өтүнөбүз. Ал татаал деле эмес, айтканга деле, аткарганга деле оңой:

  • — ырдын аталышын айтып;
  • — ырды аудио эмес, видео кылып тартып;
  • — эстафетаны узатып, узаткан адамдардын аты-жөнүн атап жана аларга эскертип;
  • — «Фейсбукка» жайгаштырып, белгилеген адамдардын арасына Salieva Salimaны кошуп коёсуздар.
  • — анан, «ар бир адам — бир аалам» дейт, автобиографияңыздарды, даяр болсо, даярын же даярдай коюп электрондук почтабызга (Saalnaz@list.ru) салып коюңуздарчы.

БАШКЫ ӨТΥНΥЧ: ыр окуганыңыздарды АУДИО ЭМЕС, ВИДЕО КЫЛЫП ТАРТЫҢЫЗДАР!Υнүңүздөрдү эле угузуп койбой, жүзүңүздөрдү көрсөтүп бир сүйүнтүп коюңуздарчы, сураныч. Биз ВИДЕОЛОРДУН БААРЫН ЮТУБ-каналыбызга ЖАЙГАШТЫРАБЫЗ!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.