ВИДЕО — Элчиден алган эстафетаны Султан Раев Сулайман Кайыповго узатты…

ВИДЕО — Элчиден алган эстафетаны Султан Раев Сулайман Кайыповго узатты…

Таластан башталган иш-чара Бишкектен жыйынтыкталат

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик иш-чара 13-ноябрда Талас облусунан башталып, Талас шаарына эстелиги орнотулду. Бул иш-чаранын соңу 18-ноябрда Бишкек шаарындагы Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында жыйынтыкталат.

Залкар акындын мааракесин утурлай, биздин «Алакан» (alakan.biz) сайты «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» эстафетасын 12-майда баштаган. Эстафетабыз, ортодогу айрым жүйөлүү себеп-окуялардан улам бир азга токтой калбаса, калган учурларда ыргагын бузбай уланып эле келатты. Анан, эстафета эми кызуусуна кирип калганда мамлекеттик иш-чара менен кошо жыйынтыктап салбай, окурмандардын суранычы менен «залкар акыныбыздын жылы болуп аяктасын» деген изги тилек кылып декабрдын он сегизине чейин узарттык…

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз эстафетаны Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раевге узаткан.

Эстафета окумуштууга кетти…

Султан Акимович ТҮРКСОЙ эл аралык уюму Байдылда Сарногоевдун «Тандалма» ырлар жыйнагын 2023-жылы түрк тилинде чыгарын билдирип, Байдылда атабыздын «От койгун махабаттын милтесине…” аттуу обондуу ырын окуп, эстафета кезегин адабиятчы, фольклорист, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыповго узатты:

ОТ КОЙГУН МАХАБАТТЫН МИЛТЕСИНЕ

Сөзү: Байдылда САРНОГОЕВдики

Обону: Султан ЮСУПОВдуку

Жыттасам жыпар мончок илебиңден
Жылдызым учуп чыгат жүрөгүмөн.
Күндүзү Күнүм болсоң, түнкүсүн Ай
Экөө тең өзүң го деп жүрөмүн мен.

Бакытым сенин чолпон көздөрүңдө
Байлыгым сенин наздуу сөздөрүңдө.
Жүз жылдык ырахатты алгансыймын
Жүзүңдөн бир нур чачып өткөнүңдө.

Ак куунун моюнуна окшоп салааларың
Жиресе чачтарыңдын араларын
Тап-такыр эрип эле кетким келет
Тапшырып жан дүйнөмдүн сага баарын.

Эмесе жаным бирге жаркын жазым
Жаштык кез алмаз болуп жалтылдасын.
От койгун махабаттын милтесине
Чагылган жарк-журк этип чартылдасын.

Буга чейин…

Байдылда атабыздын «От койгун махабаттын милтесине» аттуу ырын белгилүү обончу, ырчы, алып баруучу, «Айтыш» коомдук фондунун мүчөсү, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны, Маданияттын мыкты кызматкери Максат Кулуев ырдаган:

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу эстафетага катышуучулар, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) «Башат» ырында жазгандай, алар арабызда бар. Дегеним ырларында, биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»!
Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.