Китеп чыгаруунун флагманы Тилек Мураталиев эскерилди. «Мастер менен Маргарита» тууралуу бир чындык…

Китеп чыгаруунун флагманы Тилек Мураталиев эскерилди. «Мастер менен Маргарита» тууралуу бир чындык…

Жума ичиндеги иш-чаралар

Ошентип бул аптанын дагы аяктап баратат. Жума ичинде бир топ чыгармачыл адамдарга арналган иш-чара өтүп, бир топ мыкты инсандар эскерилди.

15-ноябрда Бишкекте мыкты акын жубайлар: Алым Токтомушев менен Шербет Келдибекованы замандаштары эскерди.

16-ноябрда “Турар” басмаканасынын негиздөөчүсү, “Даңк” медалынын ээси Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык турнир болуп өттү.

17-ноябрда Кыргыз Эл акыны Кубатбек Жусубалиевдин 80 жылдыгына арналган иш-чара Бишкектеги Улуттук илимдер академиясында «Кубатбек Жусубалиевдин философия дүйнөсү» аталышындагы илимий-практикалык конференция менен аяктады.

18-ноябрда Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган Таластан башталган мамлекеттик иш-чара Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Ленин ордендүү Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Ушул эле күнү Кыргыз Эл акыны Омор Султанов Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада эскерилди.

Жыл сайын өткөн турнир…

Маркум Тилек Мураталиевдин көзү тирүү болгондо 16-ноябрда 62 жашка чыкмак. Туулган күнүнө, жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык турнир 2020-жылы башталган. Ушундай иш-чараны Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, спорттук баяндамачы, КР спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов агабыз жылда жазып келет. Бул жолу да макала жазып, редакцияга жиберди. Ал толугу менен төмөндө.

Кыргызстандагы китеп чыгаруунун флагманы эскерилди

16-ноябрда Бишкектеги “Улан” бильярд клубунда кыргыз элинин сыймыктуу уулу, китеп басма тармагынын чыгаан адиси, Кыргызстандагы китеп чыгаруунун флагманы болуп калган “Турар” басмасынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын жазуучулар кошунунун башкы катчысы, меценат Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган бильярд боюнча эл аралык үчүнчү турнири курч мүнөздө өттү. Себеби бул күн, жарык дүйнөгө келген анын туулган күнү эле.

Мелдешке  Россия, Кыргызстан жана Казакстандан тандалган 28 бильярд чебери жана ардактуу мейман катары оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону, даңазалуу спорт ишмери Каныбек Осмоналиев катышты. 8 сааттык курч таймашуулардын жыйынтыгында баш байгени кыргызстандык жеке ишкер, бильярд чебери Жеңиш Садыков жеңип алып,  “Тилек Мураталиевдин түстүү сүрөтү түшүрүлгөн “Доор инсаны” Чоң  хрусталь Өтмө Кубогу, 1-даражадагы Диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. 2-орунга казакстандык бильярд чебери Байдылда Жанбосынов ээ болуп, экинчи даражадагы диплом жана акчалай сыйлыкка арзыды. 3-орун Тилек Мураталиевдин досу казакстандык белгилүү ишкер Куат Иманалиевге ыйгарылып, ага үчүнчү даражадагы диплом жана акчалай сыйлык тапшырылды.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды турнирди уюштуруу тобунун теңтөрагасы, Кыргыз Республикасынын Конституция Палатасынын мурдагы судьясы, юридика илимдеринин кандидаты, Тилектин жакын досу, белгилүү акын, таанымал журналист Жедигер Саалай жана “Турар” басмасынын директорунун орун басары, Тилектин бир тууган иниси Улан Мураталиев тапшырды.

Мелдештин ардактуу мейманы, дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиевге алгач ирет катар номери биринчи “Доор инсаны-Тилек Мураталиев” медалы тапшырылды. Катар номери экинчи медаль Тилек Мураталиевдин досу казакстандык белгилүү ишкер Куат Иманалиевге ыйгарылды.

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: «Басма тармагынын бренди болуп калышына Тилектин салымы тоодой»

«Кыргыз элинин сыймыктуу уулу Тилек Мураталиев инимди жакындан билчү элем. Аны менен Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов досум тааныштырып, менин өмүр жолум, спорттук ийгиликтерим баяндалган “Олимп оттору” аттуу китебимдин “Турар” басмасынан чыгышына Тилек себепкер болду эле. Жеке менин эле китебимди чыгарууга жеңилдик бербестен канчалаган китептерди бекер чыгарып, айрым акын-жазуучуларга калем акы бергенин, далай кайрымдуулук иштерди аткарганын угуп, анык айкөл, жоомарт жигит экен дечү элем. Мындан тышкары  “Ала-Тоо” жана «Литературный Кыргыстан» журналдарын да өз каражатына чыгарып, Кыргызстан жазуучулар кошунунун башкы катчысы болуп келди. Кыргызстандагы эң сапаттуу толук түстүү журналдардын, китептердин көбү «Турар» басмасынан чыгып, өлкөдөгү басма тармагынын бренди болуп калышына Тилектин салымы тоодой. Анын демилгелерин, иштерин уулдары, инилери, карындаштары улантып, ар жыл сайын Тилектин жаркын элесине арнап, эл аралык бильярд турнирин уюштуруп  келатканы жакшы саамалык. Тилек Мураталиев «доор инсаны” медалын биринчи ирет мага тапшырып жатканыңар мен үчүн чоң сыймык»,-дейт Каныбек Осмоналиев.

Куат ИМАНАЛИЕВ: «Турмушта көп дос күттүм, бирок, Тилектей дос таба албадым»

Досубуз Тилек бильярд оюнунун чебери, анык күйөрманы эле. Шарларды катуу урбай, чеберчилик менен акырын тоголотуп, рахат алаар эле. Айрыкча “өздүк” шарларды бөтөнчө көркөмдүк менен киргизип атып, атаандашын бат эле утуп алчу. Казакстанда өткөн мелдештерге да катышып, кээде бильярд клубдарынан башка командалар менен да беттешип, же аралаш ойноп калчубуз. Казакстанга барганда же Бишкекте көбүнчө экөөбүз бир өнөктөш болчубуз. Айрыкча Тилектин достору Жедигер, Кыяс, Авалкан, иниси Улан, кудасы Идирис жана башкалар менен түзүлгөн командасы казакстандыктар үчүн күчтүү атаандаш эле. Бул турмушта көп эле дос күттүм. Бирок, Тилектей айкөл, жоомарт, адамкерчилиги бийик, интеллекти өтө жогору дос таба албадым.  Бул турнирди ар жыл сайын Тилек Мураталиевдин туулган күнү өткөрүп турууну демилгелеп, уюштуруп жаткан уулдарына, бир туугандарына миң мертебе ыраазымын. Быйылкы тунирди күйөө баласы Аскар менен карындашы Мира өтө жогорку деңгээлде уюштуруп жатат. Эмки жылы бул турнирди Казак жергесинде өткөрүү милдетин өзүмө алам, – деди Куат Иманалиев.

Жедигер СААЛАЙ: «Эмдиги жылы турнирди уюштуруу демилгесин Куат досубуз алганы достукту бийик баалаганы»

Досубуз Тилектин жаркын элесине арналган эл аралык турнирдин жыл өткөн сайын өрүшү кеңейип, чеберчилиги жогорулап баратат. Мурда Казакстандан бильярд чеберлери келсе быйыл, Александр Николаевич Мельничук баштаган Россиядан дагы өкүлдөр келишти. Мелдештин ардактуу мейманы болуп  дүйнөнүн 4 жолку жана олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев агабыздын келиши да турнирдин деңгээлин көтөрүп койду. Казакстандын Бишкекке коңшу Кордой районунун экс-акими, коомдук ишмер, бизнеси боюнча Тилекке кесиптеш Куат Иманалиев, казакстандык бильярд чеберлери Байдылда жана Шаршен баштаган атаандаштар менен эл аралык курч таймашууларга күбө болдук. Тикемди эскерүүгө арналган мелдешке да Куат досу баштаган казак боордоштордун ар жыл сайын катышканы Тилекти урматтап, сыйлаганы. Ар жыл сайын алар байгелүү орундарды утуп кетип жүрүшөт. Эмдиги жылы бул турнирди уюштуруу демилгесин, эстафетаны Куат досубуз алганы достукту бийик бааланганы, -дейт Жедигер Саалай.

Турнирдин демөөрчүлөрү жана уюштуруучулары

Тилек Мураталиевдин жаркын элесине арналган эл аралык бильярд турнири быйыл үчүнчү ирет өткөрүлдү. Эки ирет удаасы менен баш байгени уткан жеке ишкер Авалкан Орунбаевге дагы ыраазычылык билдирилип, мурдакы Чоң Кубок ага түбөлүккө ыйгарылды. Ошондой эле быйылкы турнирде төртүнчү жана бешинчи орундарды ээлеп, жарым финалга чейин жеткен “Криатиф-Таалим” билим берүү комплексинин финансы директору Улан Алтымыш уулу жана Мамлекеттик коопсуздук кызматынын ардагери, отставкадагы полковник Идирисбек Мураталиевге дагы баалуу белектер ыйгарылды. Быйылкы турнирдин демөөрчүлөрү жана уюштуруучулары Тилектин күйөө баласы Аскар Абыкеев менен карындашы Мира Мураталиева болду.

Көзү тирүү болгондо 62 жашка чыкмак

Тилек “Турар” басма үйүн негиздеп, өлкөдөгү эң алдыңкы басмаканага айлантып, ар жылы жүздөгөн калемгерлердин китептерин жарыкка чыгарып, айрымдарга жеңилдик берип турган. Эгемен өлкөбүздүн адабиятында жаңы толкун пайда кылып, жаш таланттардын тушоосун кесүү максатында Тилек Мураталиев “Арча” адабий сыйлыгын да уюштуруп, мыкты калемгерлерге өз каражатынан акчалай 100 миң сомдон сыйлыктарды ыйгарып, адабий саамалыктарды даңазалады. Канчалаган китептерди бекер чыгарып, айрым акын-жазуучуларга калем акы бергени, далай кайрымдуулук иштерди аткарганы эле анык айкөл, жоомарт экенин далилдеп турат. Мындан тышкары «Литературный Кыргыстан» журналын да өз каражатына чыгарып келди. Кыргызстандагы эң сапаттуу толук түстүү журналдардын, китептердин көбү «Турардан» чыгып, өлкөдөгү басма тармагынын бренди болуп калган эле.

Чыныгы меценаттыкты, демөөрчүлүктү Тилек чыгармачылыкка карата көрсөтүп, башкаларга өрнөк, үлгү болду. Чыгарма, эскерүү, мемуар жазган канча адамдын ажаатын ачып, китебин бекер же арзан чыгарып, канча деген мыкты чыгармаларды жарыкка чыгарып, кыргыз маданиятынын, адабиятынын бийиктиги болгон « Ала-Тоо» журналын өз демилгеси менен 15 жылдан бери чыгарып, акын-жазуучулардын, калемгерлердин ыраазычылыгын, батасын алып турду. Анан дагы балдар үчүн таанып-билүү, илим-билим, таалим-тарбия алуучу мыкты журнал чыгарсам деген оюң да бар эле.

2020-жылы «Империалда»…

60 жылдык мааракеси 2020-жылы 16-ноябрда “Империал” тойканасында өтүп, замандаштары, үзөңүлөш агайлары, эң жакын достору Тилекти эскеришкен. Аты уйкаш, белгилүү кинорежиссер Тилек Мураталиев тарткан даректүү кино тасма көрсөтүлгөн. Ошондой эле  “Турар” басмасынан чыккан “Тилек Мураталиев” аталыштагы замандаштарынын эскерүүлөрүнөн топтолгон китептин бет ачары болгон.

“Турар” басмаканасына барып калганда, ар кыл темада аңгемелешип, анын дүйнө таанымы абдан терең, бардык тармак боюнча маалыматы бардыгына, улуу-кичүүгө бирдей мамиле кылып, жетекечимин дебей, тура калып чайын өзү куйуп, ал-абалыңды сурап, агынан жарыла маектешип калчу элек. Анын мекенчил сезими, ар-намысы абдан күчтүү эле. Кыргыздын нарк, насили, баалуулуктары үчүн эч нерсесин аябаган март, жакшылыктын чынжырын үзбөй, аткарган иш-аракетин жалпы журтка жарыя кылбай жасаган, айкөл, жоомарт, кичипейил  бу дүйнөгө бир жаралган жан эле. Сендей асыл достун, жигиттин гүлүнүн ордун толтуруш кыйын экенин сезип, ичимден сыздап жүрөм…

Тилекти мен өзгөчө шедерврлерди жараткан сүрөтчүдөй, жан дүйнөнү козгогон көркөм сөздүн чебери залкар жазуучудай, санжыра менен тарыхты терең изилдеген  чыгаан тарыхчыдай, аалам сырларын билген, дүйнөнүн керемет жерлерин  аралаган арыбаган, талыбаган саякатчыдай, балдарга укмуштай сонун сыйкырдуу жомокторду айтып жаткан жомокчудай, жан-жаныбардын тилин, дилин билген даанышмандай, алыска чуркачу сай күлүктөрдү таптаган дулдул  саяпкердей, укмуштай таасир калтырган кино тасмаларды жартакан  режиссердой, техниканын да тилин билген чыгаан инженер, механиктей, айыл чарбанын, дыйканчылыктын сырын  терең билген багбандай, экономиканын, бизнестин битин сыккан  даңазалуу ишмердей, мен кызыккан спорттун сырларын билген кесипкөй адистей таасир калтырып, деги мунун билбегени жок, жер тыңшаар Маамытай, Толубай сынчыдай го деп оозум ачылчу эле. Сүйлөшө келгендей анын абдан билимдүү, интеллектүү экенин байкап, ага теңелиш кыйын экенин байкачумун.  Мындай сапаттарынан улам Тилектин кесиби адабиятчы, тилчи го деп ойлочумун. Көрсө, Кыргыз мамлекеттик Университетин география адистиги боюнча аяктап, өзү окуган жогорку окуу жайда окутуучу болуп, эгемендиктин алгачкы жылдары айласыздан ишкердикке аралашып, алгач гезиттерди кагаз менен камсыз кылып, кийин “Турар” басма үйүн негиздегенин кийин уктум.

Ошондой эле анын тармал узун чачтары, күлмүңдөгөн жароокер көздөрү, анан да сүйлөшүп аткан адамына чын дилден чечилген пейили кимди да болсо өзүнө тартып турчу эле.

Анан төбөсү көрүнгөн кишилердин каражаты жагынан кыйналып, китебин чыгара албай турганын көрүп, ажаат ачып, аларга жардамдашып, андан пайда көрөйүн дебей, чыгымга учураса  дагы китебин чыгарып, өзү да ушул аракетине баладай сүйүнүп, ыраазы болуп калганына көп ирет күбө болдум.

Тилек мындай кылдым, бул кишинин китебин чыгарып бердим деп мактанбаган, акчасына көппөгөн, байлыгына чиренбеген карапайым,  адамкерчилиги бийик, абдан жөнөкөй, элге жарыгы тийген жаратман жигит эле.

Экөөбүздүн  жаратылыш,  дене тарбия,  спорт, бильярд,  ден соолук,  анан балык уулоо тууралуу  сөзүбүз  түгөнчү эмес.

2018-жылы Түштүк Кореяда өткөн кышкы олимпиадалык оюндар барганымда узуну 50 сантимерт, туурасы 30 сантиметрлик кореялык фото ишмерлердин ушул өлкөнүн жаратылыш, кооздугу тууралуу чоң көлөмдүү толук түстүү фото альбом сыяктуу китебин атайын Тилекке  белек катары арнап алып келип берсем, «Каке биздин жерибиз Кореяныкынан дагы керемет. Алардын тоолору тайпак жапыз дөбөлөр да. Биздин ажайып кооз жерлерибизди, Ала-Тообузду, Ысык-Көл, Соң-Көл, Чатыр-Көл, Жылдыз-Көл баштаган Сары-Челек, Арсланбап жана башка жерлерибизди мындан дагы укмуш кылып, фото баян кылып чыгаралы. Мен дагы балык уулоого чыкканымда таңкы, кечки керемет учурларды тартып жүрөм. Биздин китепти эл аралык стандарт менен кыргыз жана англис тилдеринде чет өлкөлүктөр көрүп, ооздору ачылып, талап алгандай кылып чыгарабыз, -деген эле. Аттиң арман, ошол тилегибизге жетпей калдык!!! Балким инилери, карындаштары, уулдары бул тилегибизди ишке ашыраар.

Жокемди жакшы көрчү…

Дагы бир окуя эсимден кетпейт. Мени менен бир группада окуп, далай жоруктары, акындык таланты, журналисттик дарамети менен жаамы журтка таанылган  ага досум Жолдошбек Зарлыкбеков актыкка моюн сунганда Тилек досума «көзү тирүүсүндө баркталбай  замандын оош-кыйышынан улам Жокемдин кол жазмасы китеп болуп чыкпай калды” десем,  «Мага дагы Айгүл Бакеева баштаган журналисттер айтышты эле. Жокенин кол жазмасын алып келчи, китеп кылып чыгарып берейин” деп айтканы дале эсимде. Ошондо Жолдошбекти ал аябай жакшы көрөрүн, анын талантын, ырларын бааларын билдим эле. Бул аманатын Жокемдин жесири Асия жеңеге айтып, өзүм дагы айрым ырларын чогултуп, эскерүү жазып, ырлар жыйнагын даярдап жаткан элек…  Ал түгүл «Ала-Тоо» журналына Жолдошбектин эскерген макаламды жана анын тандалган ырларын чыгарып да берген болчу.

Эгемен өлкөбүздүн адабиятында жаңы толкун пайда кылып, жаш таланттардын тушоосун кесүү максатында Тилек Мураталиев “Арча” адабий сыйлыгын да уюштуруп, мыкты калемгерлерге өз каражатынан акчалай 100 миң сомдон сыйлыктарды ыйгарып, адабий саамалыктарды даңазалады. Кыргызстандагы эң сапаттуу толук түстүү журналдардын, китептердин көбү «Турар» басма үйүнөн чыгып, өлкөдөгү басма тармагынын бренди болуп калышына Тилектин салымы тоодой.

Чыныгы меценаттыкты, демөөрчүлүктү сен чыгармачылыкка карата көрсөтүп, башкаларга өрнөк, үлгү болдуң эле. Чыгарма, эскерүү, мемуар жазган канча адамдын ажаатын ачып, китебин бекер же арзан чыгарып, канча деген мыкты чыгармаларды жарыкка чыгарып, кыргыз маданиятынын, адабиятынын бийиктиги болгон «Ала-Тоо» журналын өзүңдүн демилге менен  15 жылдан бери чыгарып, акын-жазуучулардын, калемгерлердин ыраазычылыгын, батасын алып турдуң эле. Анан дагы  балдар  үчүн  таанып-билүү, илим-билим, таалим-тарбия алуучу мыкты журнал чыгарсам деген оюң да бар болчу.

Кыргызда басмакана иштетип ишкерлик кылгандардын жоон тобун билем. Бирок сендей сезимталын, намыскөйлүгүн учурата элекмин. Себеби, сен терең билимдүү, интелектүү,  китептин кадырын билген, чыгармалардын да, китептердин да жакшы-жаманын анализдеп талдай билген мекенчил, кесипкөй адам элең. Сен ар жыл сайын чет өлкөлөрдөгү китеп-көргөзмөлөргө барып, Кыргызстандын атынан катышып, келишимдерди түзүп, эл достугуна да көпүрө болуп  да жүрдүң. Көп жылдан бери Бишкектеги балдар үйүнө демөөрчү болуп, ар дайым жардам берип жүргөнүңдү эч кимге айтпай, жарыя кылбай келгениң эле сенин кандай адам экениңден кабар берип турат.

Тилек үчүн чоңбу-кичинеби, атактуубу-андайга жете элекпи – баары бир, баарына тегиз мамиле кылчу. Кыргыз көркөм сөз дүйнөсүнө мынчалык көңүл бурган, ал үчүн акча-тыйынын аябаган, анан да андай ишин эч кимге саласал кылбай, аткарчусун унчукпай жасап койчу азамат элең.

Китеп дүйнөсү –калем кармаган пендени арбап алган  бир карасаң керемет, абдан түйшүктүү, азырыктуу тармак экен. Китеп жазсам эле элдин баары анымды талап кетип, өлкөгө таанымал болуп калам деп ойлогондор да жок эмес. Китеп жазуу, чыгаруу жумуштары жеңилдегени менен, окурман табуу, китепти сатып өткөрүү абдан түйшүктүү экен. Муну мен спорт, дене тарбиясы, олимпиада кыймылы тууралуу он алты китеп жазып, тобокелге баш байлап жүрүп, жон терим менен сезип келатам. Тилек дос демилгелеримди ар тараптан колдоп, ыгым-чыгымдарымды бир аз жеңилдетип,  китептеримди абдан кооз, сапаты эң мыкты чыгышына аракет кылып, жардамын аяган жок. Анын мага калтырган эстеликтери ушул китептерим болду окшойт.

Чыгаан басма ишкер Тилек Мураталиев 2020-жылдын 20-августунда жүрөк оорусунан көз жумган эле. Ал 1960-жылы 16-ноябрда Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун Кызыл-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Тилек Мураталиев Кыргызстандагы басма иши боюнча алгылыктуу ишмердиги үчүн 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, 2016-жылы «Даңк» медалы менен сыйланган. Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун жооптуу катчысы болчу. Тилек досубуз артында өлбөс, өчпөс из, эмгек калтырып кетти. Досторуң, бир туугандарың барында сенин иштерин, мурастарын унутулбай улантылат, ошодой эле жаркын элесиңе арналып  ар жыл сайын эл аралык бильярд турнириң дагы өткөрүлүп турат.

Сенин жаркын элесиң ар убак жүрөгүбүздө терең сакталып, эч убакта унутулбайсың!

Кабыл МАКЕШОВ

Багы ачылбай келаткан «Мастер менен Маргарита»…

Жогоруда айтылгандай, Тилек агабыз чыгармачыл адамдарга демөөрчүлүктү ченемсиз кылганын укканыбыз бар. Бир гана мыкты котормону чыгарууга жетишпей калды. Дегеним, мыкты котормочу, акын, философ, журналист маркум жолдошум Эрнис Асек уулу атактуу Михаил Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын эки айда которгон. 2019-жыл эле… Тилек байке «чыгарып берем» деп Эрнистен сурап алган болчу… Ал мындай болгон, Тилек байкенин басмаканасына барып калдык, Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигинин суранычы менен «Имам Али. Кызыл тилдин кыл чокусу (Нахж-ул-Балаге)» аттуу китептин чыгып-чыкпасы тууралуу билели деп. Эрнис орус тилинен кыргыз тилине которуп, катасын оӊдоп берген, бирок. эч нерсе оӊдолбоптур болчу, ошону билели деп барганбыз. Анда дагы кириш сөзүнө аталган элчиликтин андагы маданий өкүлү Али Хакимпур «Эрнис Асек уулу китепти чыгарууга сунуш киргизген» деп жазып коюптур. Окуп алып таӊгалганбыз, «эмне деген саясат бул?» деп… Бизди азыркы ЖК депутаты Нуржигит Кадырбеков аркылуу издеп тапкан Элеонора Нусубалиева аттуу кыз эле. Бул кыз Нуржигиттен мыкты котормочу керек десе, ал Эрнисти айтып, менин телефонумду бериптир. Ал кыз мага чалганда, мен алардын заказын жолдошума айтсам, которууга макул болгон. Ушундай болгонун Элеонорага айтсам, кечирим сурап, одоно ката кеткенин айтып, оӊдойбуз деген. Тилекке каршы, оӊдолбоптур, басмаканага барганда ошондой эле кеткенин көрүп кейигенбиз. Баса белгилеп айтып коеюн, Эрнис эч качан эч кимге «мен ушуну котором» деп барчу эмес жана барган эмес! Эрнисти эптеп издеп таап, заказ кылышчу… Эми бул чыр китеп боюнча чындык «18 миӊ аалам. Эрнис Асек уулу» аттуу китепке кенен жазылды.

«Имам Алинин накыл кептерин, каттар, афоризмдерин ким которду экен деп котормочуну карасам эле Эрнис сенин фамилияӊ жүрөт деп жолдошумдун колун бекем кысып, «мыкты которупсуӊ» деген эле Тилек байке. «Сенин котормочу экениӊди билбепмин» деп таӊгалып, «Дагы кайсыны котордуӊ эле?» деп сураганда, М.Булгаковдун «Мастер менен Маргарита» романын котордум» дегенде, менин оозум ачылып калган. Ошондо уктум, эки айда эле которуп салганын… Тилек байке кубануу менен кабыл алып, «Даярбы? Анда мага бер, мен чыгарып берем» деген. Эрнис да кубанып, китептин мукабасын өзү жасап, «Турар» басмаканасына 2019-жылы жайында тапшырган эле. Күтүп жүрүп, 2020-жылдын 29-январында дүйнө салды. Ошол эле жылдын 20-августунда Тилек байкенин көзү өтүп кетти… Экөө бир жылда кетти… Бул жыл канча деген адамдын башын жеген жыл болгону менен элдин эсинде калды…

Эми багы ачылбай келаткан жолдошумдун «Мастер менен Маргарита» котормосу буйруган күнү жарык көрүп калаар. Бул китептин баш сөзүн кайын агам Мелис Эшимкановдун жакын досу, Кыргыз эл жазуучусу Султан Раев жазган. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Мыкты инсандарды эсен болуп, эстей жүрөлү, туугандар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.