ВИДЕО — Заманынын кырааны, басма сөздүн чыгааны Мелис Эшимкановду эскерүүгө чакырабыз! (Дарек)

ВИДЕО — Заманынын кырааны, басма сөздүн чыгааны Мелис Эшимкановду эскерүүгө чакырабыз! (Дарек)
Кыргыз тилдүү басма сөз патриархы, белгилүү мыкты саясатчы, коомдук ишмер, кыргыз эркин журналистикасынын «Атасы» атыккан Мелис Эшимкановдон ажыраганыбызга 11 жыл болду. Көзү тирүү болгондо 60 жашка чыкмак. 9-декабрда эскерели деп турабыз!

АРХИВ: Мелис Эшимкановсуз 11 жыл… 

Эрнис АСЕК уулу: «Кайран гана байкем, 50 жашка да чыкпай кетти»

«60ка чыгамбы, 70ге чыгамбы, кеп анда эмес экен, өмүрдү кандай өткөрдүӊ, кеп ошондо турбайбы» деп Мелис байкенин карачечекей иниси Эрниске айткан сөзү бар… «Кайран гана байкем, 50 жашка да чыкпай кетти…» деп оор үшкүрүнгөн жолдошум өзү да 50гө чыкпай… агасын арман кылып жүрүп күйүттөн кетти… 2 жыл 8 ай 22 күн болду. «Ага-ини кетти ээрчишип/, Кырк тогуз жаштын кырында/, Сүйлөшүп экөө алгандай» деп төкмө акын Жеңиш Жумакадыр кошокто жазгандай, 49 жашында кетишти… Арман, арман, арман!

Жаткан жериңер жайлуу болсун!

Урматтуу кыргыз элим! Мелис байкенин туулган күнүндө — 9-декабрда бир тууган ага-ини эскерилет, келиңиздер! Баарыңыздарды эскерүүгө чакырабыз жана күтөбүз!

Назира СААЛИЕВА

P.S. 9-декабрга чейин бир туугандар тууралуу эскерүүлөр берилип турат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.