ЧУКУЛ КАБАР: Айбийкеге тезинен жардам керек! Жардам кылалы, кыргыз элим! (ВИДЕО)

ЧУКУЛ КАБАР: Айбийкеге тезинен жардам керек! Жардам кылалы, кыргыз элим! (ВИДЕО)

Кенжекан ЖУСУПБАЕВА: «Кызымдын өмүрү Кудайдын жана кыргыз элимдин колунда»

Биздин редакцияга Жусупбаева Кенжекан Садыровна аттуу айым кайрылып, капысынан жаман ооруга чалдыгып калган кызы тууралуу видеолорду, кагаздарды жибериптир…

Кенжекан айымга телефон чалып байланышканыбызда буларды айтты: «Кызым Мамбетова Айбийке Сапарбековна 2007-жылдын 3-июнунда туулган. Бишкектеги № 58 мектепте татынакай эле окуп жаткан. Быйыл 9-класста окумак. Окуу башталда ооруп калды. Учурда дарыланууда. Сентябрдын бешинде балдар онкологиясына түшүп калдык. Кызым аппак болуп кубарып кеткенинен улам гемоглобинин текшертсек 70ке түшүп кетиптир.

Врач гематологго жиберди, ал АКБга («апластическая» или «адинамическая» костная болезнь) жиберди, «анализ тапшыргыла» деп. Тапшырсак эле канынан рактын белгилери чыгып калды. Ал кагазды врачка алып барсак, «Балдар онкологиясына жаткыла» деди. Жаттык. Бир жумадан кийин эле химиотерапия башталды. Биринчи курсту эки айда бүтүп, он күн эс алдык. Экинчи курстун он күнүн бүтүп үйгө келдик. Биринчи күнү кайра барабыз. Чек өлкөгө барып дарыланууга 65 миң доллар керек болуп жатат. Элге кайрылып кетет элем, айланайын, кыргыз элим, кызымдын өмүрү Кудайдын жана сиздердин колуңуздарда. Биз азыр 50-100 сомго да муктажпыз. 10 сомдон болсо да жардам берсеңиздер, керектелген сумма чогулуп калабы деген үмүт менен сиздерге кайрылып жатабыз. Мен кызымдын жанындамын. Жолдошум Сапарбектин 0702360672 ушул номуруна которсоңуздар болот. Алдын ала ыраазычылык билдиребиз»,-дейт Кенжекан айым.

ВИДЕО

МУКТАЖ АДАМДЫ КЫЙЫНЧЫЛЫККА КАЛТЫРБАГАН БООРУКЕР, КАЙРЫМДУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ! «Көп түкүрсө көл болот» дейт. Келгиле, 9-класстын окуучусу Айбийкенин өмүрүн сактап калуу үчүн жабыла жардам кылалы!

Кыргыз журту эч качан жаш балдарга кайдыгер караган эмес. Жүрөктү тыңшап, акыл калчап, колдон келген жардамыбызды аябайлы! 

РЕКВИЗИТТЕР:

4215 8901 1716 7475 DEMIR bank (B.S.M)
4169 5853 5448 9212 optima bank (B.S.M)
+996702360672 Мбанк. Батырбеков Сапарбек.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.