ВИДЕО — Сталбек Абдыраев эстафетаны алып баруучу Алмаз Касымалиевге узатты

ВИДЕО — Сталбек Абдыраев эстафетаны алып баруучу Алмаз Касымалиевге узатты

90 жылдык мааракеге арналган иш-чара уланууда… 

Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдык мааракесине арналган мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара Таластан башталып, А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында жыйынтыкталган. Бирок, иш-чаралар токтоло элек. Кечээ, 29-ноябрда Бишкек мамлекеттик унверситетте Байдылда Сарногоев эскерилди. Эскерүүгө Кыргыз Эл акыны Кыялбек Урманбетов, Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункулов,  БМУнун профессорлору: Бактыгүл Темирова, Эсентур Кылычов, акын Элдар Аттокуров, белгилүү журналист Данияр Исанов, Байдылда атабыздын уулу Бахтияр, небереси Дилбар жана мугалимдер, студенттер катышты.

Эскерүү кесиптешибиз Данияр Исанов тарткан тасма менен башталды:

«Байдылда Сарногоевдин ырына маани берип окуш керек!»

Койчуман Момункулов агабыз жогорудагы тасмада Байдылда Сарногоевди жоктогон кошокту Кыялбек Урманбетов жазганын, даректүү баянды Данияр Исанов тартканын айтып, авторлорду студенттерге тааныштырып, Байдылда атабыздын ырларын жатка айтып, маанилерин түшүндүрүп берди. Ал эми Кыялбек Урманбетов Байдылда Сарногоевдин ар бир ырына маани берип окуш керектигин, сөзүнүн тереңдигин баса белгилесе, Эсентур Кылычов Байдыкенин китеби ар бир кыргыздын китеп текчесинде, чоңдордун үстөлүндө турса деген тилегин айтты. Элдар Аттокуров тасмадагы Байдылда атабыздын Таластагы тамынын орду дагы деле бар экендигин айтып, ал сарайга айланбай, музейге айланса деген изги тилегин айтты. Иш-чаранын аягында студенттер Байдылда атабыздын обондуу ырларын ырдап беришти. Жыйынтыгында Байдылда уулу Бахтияр агабыз чыгып, уюштуруучуларга, студенттерге үй-бүлөсүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

Ал эми биз болсо…

Биздин сайт болсо 90 жылдык мааракеге карата май айынан бери эстафета уюштурганбыз. Ал окурмандардын суранычы менен 18-декабрга чейин узартылган. Эстафета жүрүшү баштапкы ыргагын жоготпой уланып жатат.

Акын Эркеайым Боталиева эжебизден эстафетаны алган Абдыраев Сталбек агабыз Байдылда атабыздын эки ырын окуп, Алмаз Касымалиев, Максат Тагаев жана Азамат Асанбековго узатыптыр.

ФРУНЗЕМ
Алтын шаарым, жашыл шаарым Фрунзем,
Алыс жүрсөм, сагындырган үйүм сен.
Ошолордун көпчүлүгү сеники,
өмүрүмдө канча жолу сүйүнсөм.

Ажыраса арбын эмес, аз гана,
Ата-энесин сагынгандай жаш бала.
Мен да сени көп эстеймин көрбөсөм,
Башка шаар сендей болбойт жакса да.

Ук, Фрунзем, караса да жүз кабат,
Көзүм талбай да, көрүүгө шыктанат.
Көп сагынып, сүйгөнүмдүн белгиси
Көчөлөрүн эне жыты жыттанат.

Байдылда САРНОГОЕВ

Эл акыны Кыялбек Урманбетов агабыз да эстафетага катышып, Мамлекеттик китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловго узаткан эле…

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу эстафетага катышуучулар, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт! Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардыгыңыздарга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп журналист, акын, котормочу маркум жолдошум Эрнис (Асек уулу) «Башат» ырында жазгандай, алар арабызда бар. Дегеним ырларында, биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Кыргыздын дагы бир чыгаан акын уулу Жолон Мамытов айтып кеткендей, «…Узун өмүр ырга болсун, ыр окуган элге болсун»!
Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.