Чынара САРБАГЫШЕВА: «Биз, кыргыздар, Аданадагы фестивалда башка улуттарга үлгү боло алдык»

Чынара САРБАГЫШЕВА: «Биз, кыргыздар, Аданадагы фестивалда башка улуттарга үлгү боло алдык»

Аданада түрк дүйнөсүнүн фестивалы өттү

Түркиянын Адана шаарында 25-ноябрдан 29-ноябрга чейин Чүкүрова Адабиятчылар Дернегинин жетекчиси Халиса Текбаштын уюштуруусунда «ТҮРК ДҮНҮЙӨСҮ. МУЗЫКА ЖАНА ПОЭЗИЯ» фестивалы жетинчи жолу өткөрүлдү. Максаты – түрк тилдүү элди маданият, адабият аркылуу жакындатуу, бири-бири менен тааныштыруу.

Аталган фестивалга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Ирак жана Кипрден акын, жазуучу, котормочулар, ырчылар келишти. Уюштуруучулар конокторду Адана шаарынын чет жакасында жайгашкан, көркөмү көздү суктанткан жерлерге, Ак деңиздин жээгиндеги токойго алып барышты. Ал жерде акындар котормочулары менен биргеликте ырларын окушту. Чыгармаларын түрк элинин башка тилдерине которуу жана редакторлор менен сүйлөшүп, журналдарга жарыялоо иштери боюнча макулдашышты.

Жамгыр менен коштолгон фестиваль башталды. Бул берекенин жышааны дедим. Биз желегибизди татыктуу желбиретели, кыргыз деген атыбызга татыктуу бололу деп аракеттендик. Айнура Абдырахманова менен Венера Сагындыкова өзгөчө үн, өзгөчө форма менен элдин көңүл борборунда болуп, кыргыз элинин классикалык, заманбап ырларын ырдап, шаңга бөлөштү. Руслан Баймуратов техникалык тарабын тейлеп чуркап жүрдү. Кыскасы, биз, кыргыздар достукту, биримдикти, мээримдүүлүктү, дегеле жан дүйнөнүн бийиктигин көрсөтүп, башка улуттарга үлгү боло алдык«,- дейт акын Чынара Сарбагышева”.

Ал эми Бишкектен келген ырчы Айнура Абдырахманова иш-чаранын уюштуруучусу Халиса Текбаш айымга, жардамчыларына ыраазычылыгын билдирди. «Фестивалдын ар бир ирмемин сактап калууга аракеттенген фотограф Саид Атай мырзага, суранычыбызды жерге таштабай, фестивалдан сырткары кыргыздардын чогултуп, шарт түзүп берген Байрам Йылмаз менен Сабаш Саркайа мырзага терең ыраазычылык билдирем»,-дейт Айнура айым.

Котормочулук менен алектенген конок Кундуз Мамбетова мындай аруу тилегин билдирди: Биз бири-бирибиз менен жакындан таанышып, пикир алыштык, тилдерибизди  толук түшүнбөсөк дагы бири-бирибизге жылуу мамиле, сый-урматты көрдүк. Бул фестиваль улуттар арасына Достук көпүрө болду. Мүмкүнчүлүк болгондо чыгармачыл инсандарга биздин өлкөнү дагы таанытып, мындай иш-чараларды Кыргызстанда уюштуруп өткөрөбүз деген оюбуз бар. Чыгармачыл инсандарды  беш күн бою тейлеп, коноктогон Адана райондук администрациясына ыраазычылык билдиребиз”.

Иш-чарага катышкан Айнура Абдырахманова, Венера Сагындыкова, Калмурат Куламшаев, Хатича Акимжан жана Руслан Баймуратов «Янги Обоз» бирикмесинин медалы менен сыйланышты. Ал эми Шаршенбек Ажыбеков, Жолдошбек Моңолдоров, Чынара Сарбагышева «Түрк Элдеринин Биримдиги» медалы менен сыйланды.

Дагы айта кетчү нерсе, Адана шаарына караштуу коноктор барган райондордо түрк тилдүү мамлекеттерге арналган аянттар бар экен. Ал жерде түрк мамлекеттеринин желектери көтөрүлгөн. Ал эми Козан району желектердин астына ошол мамлекеттин гербин жана ага тийиштүү  негизги маалыматтарды да коюуну максат кылууда.

Чынара САРБАГЫШЕВА, Айсулуу КӨКӨЕВА

P.S. Түркиядан ушундай жакшы жаңылыктар менен дайыма бөлүшүп, биздин сайтка салып турган акын Айсулуу Көкөевага терең ыраазычылык билдиребиз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.