Миэлла ырдаганда эл ыйлап… Апасы сыйлык тапшырып… Алкоого алынган тасма менен китеп (ВИДЕО)

Миэлла ырдаганда эл ыйлап… Апасы сыйлык тапшырып… Алкоого алынган тасма менен китеп (ВИДЕО)

Улуттук адабият күнүнө туш келген эскерүү…

Бүгүн, 12-декабрь — Улуттук адабият күнү. Адабияттын өсүп-өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын бири — Мелис ЭШИМКАНОВ менен Эрнис АСЕК уулу. Экөөнүн жазган макалалары, эсселери, аңгемелери «Мелис менен Эрнис» аттуу чакан китепке киргизилип, жакында жарык көрүп, окурмандардын купулуна толду. Алар китепти моокум кануу менен окугандарын билдиришти. Китепти издеп, сурагандар да болууда… Байланыш телефону: 0507310377.

«Унчукпай жүрүп эле адабият менен маданиятка эмгек өтөп койду…»

Аталган китепти түзгөн белгилүү тележурналист Данияр Исанов. Мыкты кесиптешибиз тууралуу белгилүү акын, мугалим Рахат Аманова «Фейсбуктагы» баракчасына мындай деп жазды:

Данияр Исанов — көмүскөдө жүргөн жазуучу. Унчукпай жүрүп эле адабият менен маданиятка эмгек өтөп койду, буйруса дагы көп эмгек жаратат. Данияр «Мелис менен Эрнис» деген жыйнактын автору. Мелис Эшимкановду эскерүү кечесинде Кыргыз драма театрдан сатып алып, түнү менен окуп чыгып, ушунчалык ырахат алдым. Мелис менен Эрнис Эшимкановдордун жазып, айтып кеткендерин топтоп чыгарыптыр. Ашыкча эч нерсеси жок. Кириш сөзүн да мыкты жазыптыр. Мелис ага менен Эрнистин айтып кеткендеринен сайтыбыздга үзүндү жарыяладык. Мыкты китеп болуптур. Даниярга ырахмат! Бар бол, жазуучу Исанов!

Рахаттын Данияр тууралуу жазганынын баары туура, ак сөз! Данияр китептен тышкары, эскерүүнүн башындагы тасманы да мыкты даярдаган. Бул тасманы окумуштуу, профессорлор мактап жатышат. Мелис Эшимканов менен Эрнис Асек уулу менен бир дагы күн иштебей туруп, ушундай эссе жазып, тасма тартып койгон Даниярга терең ыраазычылык билдиребиз! Гений ага-ининин арбагы ыраазы болсун!

Сыйлык сиздердики, сыймык биздики…

Эми сыйлыкка келсек, Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) сыйлыгы менен жазуучу, журналист Мамат Сабыров сыйланды.

Мелис Эшимканов атындагы фонд уюштурган сынакта үч медиа: “Азаттык” радиосу, «Политклиника», КЛООП басылма активдүү иш алып барганы үчүн сыйлыкка татыды. Журналисттер арасындагы баш байгени Элизат Садыралиевa (НТС телеканалы) менен Сайпидин Султаналиев (Temirov Live Ютуб каналы) жеңип алды. Ал эми студенттер арасындагы “Кыргыз журналистикасынын эртеңи” деген темада кыргыз, орус тилдеринде дил баян жазууда 1-орунду Азиза Капар кызы, 2-орунду Айпери Эшенкулова, 3-орунду Махабат Талантбекова ээледи.

Иш-чаранын аягында Асел Эшимканова Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков менен белгилүү публицист, Айтматов таануучу Эсенбай Нурушевге мааракелик медалды, чакан белектерин тапшырып, ыраазычылык билдирди. «Биздин фонддун эки ардактуу өкүлүнө да жалпыңыздардын алдында ыраазычылык билдиргим келет. Быйыл “Манас” орденинин ээси, композитор, публицист Түгөлбай Казаков 70 жашка толду. Ал эми Эсенбай Нурушев агабыз биздин быйылкы сынактардын комиссиясын жетектеп, калыс талдап берди. Качан бир нерсе сурансак же бир ишти тапшырсак, майын чыгара аткарып беришет. Муну мен Мелиске болгон сый-урматыңыздар деп билем«,-деди.

Сыйлык ээлерин куттуктайбыз! Сыйлык сиздердики, сыймык биздики.

Асел ЭШИМКАНОВА: «Күндүн суугу, убакыттын эртелигине карабай эскерүүгө келгендерге терең ыраазылык билдирем!»

Ошондой эле эскерүүгө келген элге, күйөрмандарга да ыраазычылык билдирди:

— Күндүн суугу, убакыттын эртелигине карабай ушул жерге Мелисти эскерүү үчүн чогулуп, келип бергениңиздер үчүн сиздерге терең таазим этем! Баарыңыздарга ыраазымын!

Бүгүнкү сыйлык ээлерин да чын дилден куттуктап, мындан ары да журналистикага, коомдун өнүгүшүнө салымыңыздар көп болсун демекчимин! Бара-бара ушул сынак, Мелистин сыйлыгы абройлуу деңгээлге көтөрүлсө деген изги тилегим бар.

Кийинки жылдардан тарта бул иш-чара илимий өңүт алып, окуу жайлардын журналистика факультеттеринин арасында илимий-практикалык конференциялар менен уланып, Мелис Эшимкановдун чыгармачылыгы тууралуу курстук, дипломдук иш, илимий эмгектерде жазылышына аракет көргүбүз келет.

Биздин Мелисибиз 60 жашка толмок… Көп сөздү айткым келет, ичим букка толуп турат… Юбилейди чогуу өткөрсөк, азыр баарыңыздарды бир курч сөзү менен таң калтырып же дагы бир куйкумдуу кеби менен ар бириңиздерди жылмаюуга бөлөмөк… 50гө толбой кетти, арман! Бирок артында балдары чоңоюп келе жатат. Эскерип, сөздөрүн, жоруктарын эстеген кесиптеш, достору, макалаларын эстеген окурмандары, элесин эскерген эли турат. Сиздер турганда Мелис унутулбайт!

Мелис кызы Миэлла: «Атакем ай»…

Эрнис АСЕК уулу: «Сезим мунары»…

Жолдошум Эрнистин «Сезим мунары», «Барактар», «Сыр» аттуу 3 ырына Кыргыз Эл артисти, мыкты композитор Атайбек Бөдөшов агабыз обон чыгарганын агабыздын жубайы Кыргыз Эл артисти Каныкей Эралиева эжебиз айтып, «Сезим мунары» аттуу ырдын тушоосун кесип берди. Атайбек байке менен Каныкей эжеге терең ыраазычылык билдиребиз!

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт!

«Ойлон. Ойлон. Ойлонгун.
Күтпө. Күткүн. Толгонгун.
“Келди” дебе, “Кетти” дебе эч качан,
мен боломун жана бармын, болгонмун» деп  жолдошум Эрнис «Башат» ырында жазгандай, «кетти» дебейбиз. Алар биздин эскерүүлөрүбүздө, китептерибизде жашайт.

Бар болуңуздар, дайыма биздин сайт менен бир болуңуздар!

Назира СААЛИЕВА

P.S. Эскерүүнүн толук чыгарылышын жакында жарыялайбыз!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.