Анара СЫДЫГАЛИЕВА: «14 баланын энесимин, бир балам гана тирүү калган…» (Архив, видео)

Анара СЫДЫГАЛИЕВА: «14 баланын энесимин, бир балам гана тирүү калган…» (Архив, видео)

Семетейдин ролун 15 жыл катары менен аткарган Азиз…

Акыркы учурда  Бишкектеги Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты Азиз Мурадиллаев көптөн бери «боор циррозунан» жабыркап келип, акыры (17-декабрда) акка моюн сунду… Кабыргабыз кайышып турат… Анткени ал 44 жашта гана эле… 1978-жылдын 12-июнунда андагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарында туулган Азиз театр ишмерлери Үсөн Мурадиллаев менен Анара Сыдыгалиеванын жалгыз уулу болчу… Ата-энесинин жолун жолдогон Азиз Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайын ийгиликтүү аяктап, 21 жыл сахнада эмгектенди. «Манастын уулу Семетей» спектаклинде Семетейдин ролун 15 жыл катары менен аткарган. Мындан тышкары, 40тан ашык спектаклде ойногон. Бир топ киного да тартылып, роль жараткан: «Каракыз», «Сүйүү сынагы», «Апамдын махабаты», «Чиркин өмүр», «Жараланган турна», «Президент жана бомж», «Курманжан датка», «Ата».
Өмүрлүк жары Элвира Жумалиева да театрда иштеген. Экөө 26 жыл бирге түтүн булатып, эки уулдуу болушкан.

Алты жыл мурун башталган дарт…

Эске сала кетсек, мындан 6 жыл мурун (2016-жылы) дарыгерлер Азизге боордун «4-даражадагы циррозу» диагнозун койгон. Андагы президент Алмазбек Атамбаев актёрдун операциясына 500 миң сом, кийин 414 миң сом бөлсө, Жогорку Кеңештин депутаттары да бир күндүк маянасын (231, 8 миң сом) которгон. Мындан сырткары, ырчылар концерт-марафон өткөрүп акча чогулткан. Биринчи операциясы Москвада, экинчиси Стамбулда жасалган.

Апасынын АРХИВдеги маеги…

Азиздин апасы Анара Сыдыгалиевадан журналист Динара Чокоева 2016-жылы интервью алыптыр. Кесиптешибиз андагы маегин жана сүрөттү «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады. Толугу менен төмөндө:
Негизи Азиз Мурадилаев бул ооруга 2016-жылы кабылган. Анда да элдин жардамы менен керектелүүчү акча чогулуп, бактыга жараша операция болбой эле боор өзү иштеп кеткен. Чогулган акчаны болсо кесиптеши Мурат Мамбетовдун уулуна тапшырышкан.
— Анара айым, уулуңуз бул ооруга кандайча кабылып калды экен?
— Азиздин ден соолугу чың, оору дегенди көп билбеген бала болчу. 2008- жылдын аягында, кыштын күнү театрдан гастролго жөнөтүшкөн. Ошондо аймактарды кыдырып, ар кимдин үйүндө жатып жүрүшүптүр. Жыйынтыгында гастролдон С гепатитин жугузуп келди. Бул оору кан аркылуу жугат экен, Азиз өзү устарадан жукту окшойт деп божомолдоп жүрөт. Жаңы жугузуп келген учурда да аябай ооруган. Дарыланды, бирок кутула албай койду. Аталган оорунун вирусун өлтүргөн дары кийин эле чыкпадыбы. Ал чыккыча кызыл өңгөчүнүн кан тамыры кеңейип кеткен, бара-бара боорун жабыркатып, боордун циррозуна айланды.
— Азиз байке сиздин жалгыз балаңыз, ээ?
— Ооба, Азиз карачечекей жалгыз уулум, андан башка кызым да жок. Баягы эле театр деп, эл аралап спектакль коюп ысык-суукка карабай талаа-түздө жүрүп кош бойлуу болгон сайын балдарым түшүп калып же ичимден өлүп кала берчү. Кудай алдында он төрт баланын энесимин, бир балам гана тирүү калып, он үч баламды жоготком.
— Уулуңуздун да оор кесипти тандап актёр болушуна каршы болдуңуз беле?
— Атасы экөөбүз тең өмүр бою театрда иштедик да. Азиз бизди ээрчип кичинесинен сахнага чыгып жүрдү. Сахна оору эмеспи, анын даамын татып калган бала алыстай албай калды. Ырас, атасы экөөбүз тең абдан каршы болдук. Жолдошумдун достору “юридикалык жакка тапшыр, акчасын биз өзүбүз төлөйбүз” деп жакшы эле айтышты. Бирок Азиз “мен өзүмдү актёрлуктан башка кесипте элестете албайм” деп каалабай койду. Училищеде окуп жүрүп 18 жашында өзү менен чогуу окуган келиним Элвира экөө баш кошушту. Ал да актриса болгондуктан кубандым. Анткени башка кесиптин ээси болуп Азиздин чыгармачылыгын түшүнбөгөн бирөө болсо, чыр-чатактын баары ошондон чыкмак да. Келиним өзү да абдан түшүнүктүү, уулумдун чыгармачылыгын жакшы түшүнөт, бирөөнүн баласы болсо да, өз балам кылып алгам. Ал жагынан көйгөй жок. Мени эки неберелүү кылышкан, азыр ошолордун таттуу күндөрүн көрүп атам. Өзүм жалгыз эле балалуу болуп калгандыктан аларга “көп балалуу болгула” деп айтып келем.
— Азиз байке атасынан канча жашында калды?
– Атасы каза болгондо Азиз 19 гана жашта болчу. Ошондо Сабира Күмүшалиева эже “бала эле бойдон кетти” деп ыйлап келе жатса, ичимден “бизди бала дейт да” деген элем. Көрсө, чынында эле жолдошум жаш кетиптир. Аны арадан он сегиз жыл өтүп эми сезип атам. Азыр 42 жаштагы балдарды көргөндө “ий, байкушум, ушундай жаш кезинде кетип калган турбайбы” деп жүрөгүм ооруйт. Азиздин атасы табиятынан бат ачуусу келип, бат тараган, тез сынып калма киши болчу. Бирок ден соолугу мыкты эле. 23 жыл чогуу жашадык, ал арада бир жолу сокур ичеги болду. Мен боюмдан түшүп улам ооруканага жатсам “жаш киши да ооруйбу?” деп калчу. Анан 1997-жылдары кино тармагы солгундап, театрдан бизге айлык бербей ушунчалык кыйналдык. Анан мен Политехникалык институттун жанындагы “Каминка” деген базарга чыгып жарма сатып калгам. Ошол жактан жолдошум достору менен өтүп келе жатып мени көрүп калышат. Алар “Эмгек сиңирген артисттер качантан бери жарма сатып калышкан” десе, ал сөзгө абдан намыстаныптыр. Таасирдүү жерлерде иштеген достору бар эле, “эми алар угуп калса эмне болот?” деп бир жума тынчсызданып жүрдү. Ошонун баары оор тийгенби, айтор, мээсине кан куюлуп кетип капысынан эле 1998-жылы каза болуп калды. Эркинбаева деген режиссёр “Кыргыз драмтеатрынын тарыхындагы биринчи чыныгы артист Сатыбалды Далбаев болсо, экинчиси Үсөн Мурадилаев” деп айтчу. Чынында абдан таланттуу актёр эле.
Динара ЧОКОЕВА

Аткарылган аманат… Коштошуу зыйнаты…

Азиз Мурадиллаев менен коштошуу зыйнаты эртең, 19-декабрда, саат 10.30да Кыргыз драма театрында болуп, сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Кыргыз драма театры билдирди.

Маркумдун акыркы сөзү «Ала-Арчага» коюу болгонунун кечээ Ассоль Молдокматова жазып чыккан. Анын айтымында, Азиз мындай аманатын аялына айткан. Ассоль дароо президенттин жардамчысы Эрнис Ашырбаевге билдирсе, ал бул маселени тез арада президент Садыр Жапаровго жеткирип, маркумдун аманаты аткарылган. Буга чейин, 4-декабрда Ассоль айым президент Азиздин дарылануусуна 42 миң доллар бөлгөнүн, ушуну менен акча чогултуу токтотулганын, элден жыйналган бир миллион 21 миң сом актердун жубайына тапшырыларын билдирген. Чогулган каражат боюнча маркумдун жубайы Элвира айым менен апасы Анара эже баш-аягын жыйып алгандан кийин өздөрү маалымат берерин, азырынча алардын оор жоготуусун туура түшүнүп турууну суранган постун бүгүн «Фейсбукка» калтырды. 

«Алакан» сайтынын эмгек жамааты маркумдун апасы Анара Сыдыгалиевага, жубайы Элвира Жумалиевага, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.