Түрк тилинде жарык көргөн “Кыргыз поэзиясы антологиясына” кайсы акындар кирген? (Тизме)

Түрк тилинде жарык көргөн “Кыргыз поэзиясы антологиясына” кайсы акындар кирген? (Тизме)

Китепти өздөрү көргөндө кана, аттиң…

Рахат АМАНОВА: «Ой баккан, сөз баккан сөз ээлери… Үчөө…»

22-декабрь. Улуттук Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» жыйнагынын бет ачары 24-декабрда болорун айтып чакырганда кубануу менен кабыл алып, ыраазычылыгымды билдирдим. Ушул Нурлан 2 жыл мурун — 2020-жылдын 23-декабрында телефон чалып, Эрнистин ырларын сурап, түрк тилине которуларын кабарлаган. Жолдошумдун көзү өтүп кеткенден бери чыгармачылыгын оозунан түшүрбөй, кайсы жерге барбасын “Эрнис Асек мыкты котормочу болчу, ал гений болчу...” деп кийинки муунга какшап айтып келе жаткан Нурландын арты менен жогоруда аталган китепке Эрнистин ырлары да кирип калды ошентип…

23-декабрь. Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев агабыздан да Ватсабыма чакыруу келди. “Сөзсүз кел!” деп аяктаган агамдын СмСине сөзсүз барарымды билдирдим. Султан агабыз да Эрнистин чыгармачылыгын жогору баалап, барктап келет. Булгаковдун “Мастер менен Маргарита” романын которгон жолдошумдун китебине, “Каалга” аттуу ыр жыйнагына да баш сөз жазып берген. Султан агабыз менен Нурланга терең ыраазычылык билдирем. Эрнистин арбагы ыраазы болсун!

24-декабрь. Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепкананын Чыңгыз Айтматов атындагы кыргыз-түрк маданият борборуна бир чети кубануу, бир чети “китепти өзү көрсө кана, арман…” деген өкүт менен иш-чарага жөнөп калдым. “Менин ордумда Зайыр өзү отурганда эмне?”,  «Элмирбек да отурат эле го жадырап» деп ичтеринен сызып Зайырбек Ажыматовдун жубайы Анархан, Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат да келди…

Султан РАЕВ: «Эрнис, Элмирбек, Зайырдын китептери дагы чыгат»

Түрк тилине оодарылган «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» жыйнагынын бет ачарына алыстан ат арытып Кыргыз эл жазуучусу, Эл аралык Түрк маданияты уюмунун (ТҮРКСОЙ) баш катчысы Султан Раев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, орун басары Керимбек Кадыракунов, Кыргыз Эл акыны Меңди Мамазаирова, акындар: Атантай Акбаров, Атахан Кожогулов, Алтынбек Исмаилов, Аида Эгембердиева, Айжаркын Эргешова, маркум акын Зайырбек Ажыматовдун жубайы Анархан жана Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат жана алыскы Ош, Баткенден келген акын-жазуучулар катышты.

Иш-чара башын Нурланбек Калыбеков ачып, «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» алгачкы жолу, Султан Раевдин демилгеси менен ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан жарык көргөнүн айтып, Султан Акимовичке ыраазычылык билдирди. Бул ыр топтомуна үч муундун (улуу, орто, жаш) акындарынын ырлары киргенин жана 2020-жылы көзү өтүп кеткен үч акын: Эрнис Асек уулу, Элмирбек Иманалиев, Зайырбек Ажыматовдун да ырлары киргенин баса белгилеп өттү.

Башталганда эле аталган үч акындын жубайларына «Кыргыз поэзиясынын антологиясы» менен катар түрк тилинде жарыкка чыккан “Чыңгыз Айтматов жана мифология дүйнөсү”, “Сырдуу акын Жолон Мамытов” жана “ааламды кылыч менен багындырган” Чыңгыз ханга байланыштуу иликтөөлөр кирген китептерди Султан Раев тапшырып, алдыда дагы үч акындын китептери чыга турганы пландалганын айтып, «китепти түзүүгө бизге жардам кылгыла, келин балдар…» деп өтүндү… Жолдошторубуздун көзү өтүп кетсе да, чыгармачылыктарын баалап жаткандарына ыраазы болдук. «Дагы чыгарабыз»деген сөз кулагыбызга жагымдуу угулуп, жараланган жүрөгүбүзгө жылуулук тартуулады…

Айтмакчы, “Кыргыз поэзиясынын антологиясы” китебиндеги кыргыз акындарынын ырларын боордош түрк тилине Орхан Сөйлемез, Мустафа Саид Арслан, Дөне Арслан которуптур. 30 жыл аралыгында биринчи жолу кыргыз, түрк тилдеринде жарык көргөн 58 акындын ырлары кандай которулган, эмне артыкчылыгы, өзгөчөлүгү байкалды — аны котормо жаатында жүргөн мыктылар чечмелер. А биз азырынча ал акындардын тизмесин берип турабыз…

  1. Эсенгул Ибраев
  2. Советбек Байгазиев
  3. Анатай Өмүрканов
  4. Сагын Акматбекова
  5. Шайлообек Дүйшеев
  6. Тынчтыкбек Нурманбетов
  7. Атакул Жакыпов
  8. Калчоро Көкүлов
  9. Керимбек Кадыракунов
  10. Бактыгүл Чотурова
  11. Бурулкан Сарыгулова
  12. Кыялбек Урманбетов
  13. Самидин Стамбеков
  14. Фатима Абдалова
  15. Атантай Акбаров
  16. Кожогелди Култегин
  17. Жедигер Саалаев
  18. Өмүрбек Тиллебаев
  19. Өмүрбүбү Бегалиева
  20. Толукбек Байзак
  21. Болдукан Жумабековна
  22. Динара Бейшеналиева
  23. Жыпаркүл Исабаева
  24. Венера Бөлөкбаева
  25. Атахан Кожогулов
  26. Тайир Ашырбай
  27. Таштанбек Чакиев
  28. Эрнис Асек уулу
  29. Жыргалбек Касаболотов
  30. Айнагүл Базарбаева
  31. Назгүл Осмонова
  32. Айжаркын Эргешова
  33. Нурланбек Калыбеков
  34. Бакытбек Абдразаков
  35. Сагынбүбү Берганалиева
  36. Аида Эгембердиева
  37. Зайырбек Ажыматов
  38. Сайрагүл Жолборсова
  39. Алиман Абдыкеримова
  40. Самара Насырова
  41. Элмирбек Иманалиев
  42. Нарсулуу Гургубаева
  43. Афина Бакирова
  44. Алтынбек Исмаилов
  45. Кыял Тажиева
  46. Эрлан Жумагазиев
  47. Калича Жакыпова
  48. Нуриз Өмүрбаева
  49. Бердибек Жамгырчиев
  50. Нурзат Мокенова
  51. Улукбек Омокеев
  52. Гүлзат Кудайбердиева
  53. Нуркыз Рыскул кызы
  54. Мелис Маматжанов
  55. Мирлан Алтымыш уулу
  56. Акжол Доронбек уулу
  57. Ырысгүл Изатова
  58. Максат Жангазиев

Эрнис АСЕК уулунун түрк тилине которулган 3 ыры

Асманда жана көөдөндө

күмбөздүн үстүндө Ай, асманда Ай, аралап жүрө бердим мүрзөлөрдү караңгыда;

өмүр бою аралап келаткансыйм мүрзөлөрдү караңгыда;

жаштар бийлейт, кулак көзөйт музыка;

китепкана ээн калган эски шаардай;

тымтырстыкка тамчы, тамчы «чып» этет;

жаштар бийлейт;

үйүгүшкөн иттердей топ-топ болуп улан-кыздар көчөлөрдө чылым чегип, бербей келет калааны;

чакчелекей будуң-чаң;

чаң топодо кежир бала ойногон;

сасык байпак чокоюна жайылган;

күүгүмдө күмүш болбой кемпирдин бырыш жүзү;

сымаптай кармалбаган бакыт бийлеп;

тоголонуп көмөчү жомоктогу;

«пыш-шш» этип отко тийген суу куурайдай жаштар бийлейт;

күмбөздүн үстүндө Ай, асманда Ай, асманда көлөкөсү пайгамбардын, көөдөндө көлөкөсү жиншайтандын…

1988-жыл

СЕН                          

Сен эне сүтүн ичпестен, эчки сүтүн ичип жүрүп чоңойдуң,
Сен аңтарылгыр атаңдын асты-башын көрүп жүрүп чоңойдуң.
Сен чоң энеңдин чолпон сөзүн угуп жүрүп чоңойдуң,
Сен кинодогу кейипкердин кейпин кийип жүрүп чоңойдуң.
Сен чын эле чоңойдуңбу,
Сен кышында кыйналдыңбы жөнү жок.
Сен жазында жашыдыңбы эби жок,
Сен жайында жайнадыңбы чеги жок.
Сен күзүндө күйүктүңбү теги жок,
Жок жок жок.

Канат турса кайкып эч бир уча албай,
Канат сынса учпай дагы тура албай,
Өзгөлөргө өчөштүңбү жөнү жок,
Өз дүйнөңдү өзүң такыр куралбай?

Каалгамдын сыртына нени жазып кеттиң Сен
А короомдун бурчунан нени казып кеттиң Сен
Киргизбедим капкараңгы бөлмөмө
Таарындың да, менден качып кеттиң Сен

Тизелген чүкө турат алдыңда, а колуңда сака Жок
Суу алганы бардың окшойт булакка, а колуңда чака Жок
Үйгө келсең эркелетчү апа Жок
Үйгө келсең акыл айтчу ата Жок
Айта турган сөзүң Жок
Көрө турган көзүң Жок
Өз денеңде өзүң Жок

ким күнөөлүү
кирпигиңди бирден жулуп кеткендер
кийимиңди барча-барча кескендер
кийинкиңди аргамжыдай эшкендер

күнөөлүү эмес алар
төрөлүүнүн төрү болот ар качан
а өмүрдүн өртү болот ар качан
а өлүмдүн өзөгү жок эч качан

ким айтты аны сага
таңдай болуп аткандар
күндөй болуп баткандар
көрдү казып жаткандар

шылдыраган булак ким Сен
шыбыр уккан кулак ким Сен
так секирген улак ким Сен
ташыркап бүткөн туяк ким Сен

чатырыңан «чып» дей түшкөн тамчы Жок
балтырыңа «чак» дей түшкөн камчы Жок
Сенде Сенде

баары бар да
баары жок
жок жок жок.

1991-жыл

Сагындым

Тирүү туруп, өлүк болдум канча ирет?

А жүрөгүм тирилбестей сезилет.

Кантип эми жалынамын Теңирге,

«Көз ирмемдик өмүр мага берчи» деп.

 

Өлүк туруп, тирүү болдум канча ирет?

А жүрөгүм түбөлүктөй сезилет.

Кантип эми жалынамын Теңирге,

«Көз ирмемдик өлүм мага берчи» деп.

 

Билбейм не деп мен кудайга жалындым.

Билбейм кандай… өрт… дүйнөгө кабылдым.

Бир билгеним: буркан-шаркан түшүргөн

Өмүр сени, өлүм сени САГЫНДЫМ.

1991-жыл

Алкыш. Ак бата

Мындан тышкары, Касым Тыныстановдун “Касым ырлары”, Атантай Акбаровдун ырлар жыйнагы басылып чыкканы айтылды жана Атантай агабызга тапшырылды.

Султан Раев кыргыз адабиятын, акын-жазуучуларды түрк дүйнөсүнө кеңири таанытуу башкы максат экенин белгилеп, эмки жылы (2023-жылы) түрк тилдүү өлкөлөрдө адабий, маданий бир топ иш-чаралар пландалып жатканын билдирди.

Иш-чара аягында акын-жазуучулар Эл аралык Түрк маданияты уюмунунун (ТҮРКСОЙ) баш катчылыгына Султан Раев баргандан бери кыргыз адабиятында жандануу болуп, бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатканын бир ооздон баса белгилешип, алкап, «бул кызматка 20 жыл отуруп, кыргыз адабиятын дагы алдыга жылдыра бер!» деген ак батаны беришти…

Чынында эле Султан агабыз менен Нурлан Калыбеков жакшы иштеп жатышат. Канчадан бери Жазуучулар союзунун олчойгон карызы бар болчу, ал жок болгонун иш-чарада Нурлан кабарлады. Кубандык. Кызматка да иш билги адам келген кандай жакшы. Нурлан 2019-жылдан бери Жазуучулар союзун жетектеп келет, келгенден бери бир топ акын-жазуучуларга сыйлык берип, китептерин чыгарууга жардам берип келатат. Дагы далай алдыда жакшы иштер болору пландалганын билдирди. Адабият, маданиятты алдыга жылдырып келаткан Султан агабыз менен Нурланга бекем ден соолук, ийгилик каалайбыз!

«Мелис менен Эрнис»…

Кетип жатканда Султан байке менен Нурланга «Мелис менен Эрнис» аттуу китепти белек кылдым…

Бул китепти Асел жеңем маркум кайын агам Мелис Эшимкановдун 60 жылдык юбилейине (9-декабрдагы эскерүүгө) карата чыгарган. Демөөрчүлүк кылган — белгилүү ишкер агабыз  Аскар Салымбеков.

Китепти түзгөн — белгилүү тележурналист Данияр Исанов. Китепке кызыккандар да, алгандар да «Даниярга канча бердиңер?» деп сурап жатышат. Кесиптешибиз бизден 1 тыйын да алган жок. Ал алгач кайын агам тууралуу мыкты тасма тартты. Кийин рекламалык роликтерди даярдады. Аягында китепти түзүп, ага-ини тууралуу эссе жазып, «Эки мыкты инсандын арбагы ыраазы болсун!» деди…

Ага-ини бир туугандар менен чогуу иштебесе да, алар менен чогуу жүрбөсө да жүрөгүн салып эссе жазып, эскерүүгө чын ыкласы менен жардам кылган Даниярга чексиз ыраазычылыгымды билдирсем, ал мындай деди: «Назира, мен сенин карызыңдан кутулдум. Себеби, убагында сага бата кыла алган жокмун, жылдыгында да бара алган жокмун, иштен бошобой… Агабызга топурак сала алган жокмун… Акыркы сапарга узатууга Ат-Башыга барган жокмун, анда да иштен бошобой… Топурак салуу, бата кылуу менин парызым, карызым эле… Сен эми мага ыраазы бол! Сен ыйласаң жаман болом аябай… Ыйлаба! Эрнисиңди кое бер!»  «Баарына акылым жеткени менен жүрөгүм кое бербей жатат. Ашынан кийин кое берем, ага чейин ыйлап турайынчы…» деп суранган күндөрүм да болууда… 2023-жылдын 29-январында байымдын ашы өтөт, Кудай буйруса!

Назира СААЛИЕВА

P.S. «Мелис менен Эрнис» китебин алам дегендер 0507310377 телефонуна чалсаңыздар болот. 

One thought on “Түрк тилинде жарык көргөн “Кыргыз поэзиясы антологиясына” кайсы акындар кирген? (Тизме)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.