ВИДЕО — Эстафета жыйынтыкталды. Гүлжигит Сатыбеков 4-класстын окуучусуна жооп берди…

ВИДЕО — Эстафета жыйынтыкталды. Гүлжигит Сатыбеков 4-класстын окуучусуна жооп берди…

Эстафетабыз жыйынтыкталды!

«Байдылда Сарногоев (өзүнүн аты-жөнү— Убайдылда Айтманбетов — авт.) кыргыз поэзиясында эч кимге окшобогон, эч кимди кайталабаган жана эч качан, эч ким тарабынан экинчи кайталанбай турган өзүнчө бир уникалдуу акын» деп Кыргыз Эл жазуучусу, адабий сынчы, профессор, маркум Кадыркул Даутов агабыз жазгандай уникалдуу, улут сыймыгы болгон алп акыныбыздын көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Улуу акындын мааракеси көз жаздымда калбай, мамлекеттик деӊгээлде иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чара туулган жери Таластан башталып, Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында (18-ноябрда) жыйынтыкталды. Андан кийин да, ар кайсы жерде бир топ иш-чаралар болду.

Бул мааракени утурлай биздин сайт (alakan.biz) «Байдылда Сарногоевдин ырларынан көркөм окуу» демилгесин көтөрүп, акын-жазуучу, ырчы, депутаттар, дегеле, окурман журтубузга социалдык тармактарга эстафета саамалыгын алып чыктык эле, бул демилгебиз коомчулукка жагып, колдоо тапты. Тагыраагы, биздин сайттын редакторунун орун басары, журналист Салима Салиева мындай демилгени «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырып, ал социалдык желедеги бир катар инсандардын атын белгилеп эстафетаны узаткан. Алгачкылардан болуп кабыл алып, саамалыктын башын Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Жакышов ачып берген.

Эстафетага катышкандарга терең ыраазычылык!

1.Руслан Жакышов
2. Жыргалбек Касаболотов
3. Шабдан Сулайманов
4. Мая Осмонкулова
5. Малик Аликеев
6. Нуржигит Кадырбеков
7. Айчүрөк Борукеева
8. Атахан Кожогулов
9. Кыялбек Урманбетов
10. Чынар Амираева
11. Улугбек Омокеев
12. Бешболуш Матисаков
13. Айкын Маматова
14. Калыбек Жунушалиев
15. Саадат Кудайбергенова
16. Жылдыз Алишерова
17. Максат Исакова
18. Нурлан Камчыбеков

19. Асан Жакшылыков
20. Кайыргүл Надырбекова
21. Стамгүл Турдалиева
22. Эркеайым Боталиева
23. Нурлан Калыбеков
24. Акбар Жанышбеков
25. Улан Орозалиев
26. Керимбек Кадыракунов
27. Максат Кулуев
28. Амантай Кутманалиев
29. Рысбай Исаков
30. Сыймык Бейшекеев
31. Шайырбек Абдырахманов
32. Султан Раев
33. Садык Шер
34. Бурул Доктурбекова
35. Сталбек Абдыраев
36. Нуржамал Султанбекова
37. Элдар Темирбеков (4-класстын окуучусу)

38. Гүлжигит Сатыбеков

«Залкар акыныбыз Байдылда Сарногоевдин жылы болуп аяктасын» деген изги тилегибиз талантты баалаган, Байдылда атабызды чындап сыйлаган жакшы адамдардын жардамы менен ишке ашып отурат. Ушинтип ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап акындардын экинчи өмүрүн узартып турган кандай жакшы! Бардык катышуучуларга сайтыбыздын эмгек жамаатыбыздын жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!

Эстафетабыздын кичинекей катышуусучу Элдар Темирбеков:

Гүлжигит Сатыбеков менен жыйынтыкталган эстафета

Эстафетаны Элдар кумирине узатып, жообун аябай күттү… Жаш таланттын шагы сынып калбасын деп биз КРнын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Гүлжигит Сатыбековдун телефонун издеп, араң таптык… Кесиптештер менен ырчылардын жиберген телефондору эскирип кеткенби, айтор, ээси башка болуп чыгып атты… 12-номур туура чыкты Кудай жалгап… байланышсак, сүйүктүү ырчыбыз Түркияда экендигин билдирди. Бишкекке келген соң мындай деп жазды: «Саламатсызбы Назира эже! Элдар инимдин видеосун көрүп чыктым, ийгилик каалайм. Жаңы эле келгем Бишкекке. Эс алып алайын, 8 саат аэропортто болдук рейсти жылдырып коюшуп… Бошогондо жооп берип, видеону жөнөтүп коёюн!».

Сөзүнө бекем турган кичипейил иним кечээ, 28-декабрда Байдылда Сарногоевдин «Бульварда» аттуу тамашалуу ырын ырдап жөнөттү:

Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда…

Урматтуу эстафетага катышуучулар, Сиздердей талантты баалаган адамдар турганда, Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт!

Сиздердей жакшы адамдар турганда, залкар акын Байдылда Сарногоев жазгандай улуу таланттардын «Жоктугу билинбес»…

ЖОКТУГУБУЗ БИЛИНБЕС

Түшүнбөдүм эмнеликтен экөөбүз,
Кээ бир кезде жаман, жакшы дешебиз.
Билгин курбум, миң жашаган киши жок,
Бул дүйнөдөн бир өтөрүн өтөбүз.
Калар артта, кадырлашып сыйлашуу,
Калар артта катарлашып бир басуу.
Тирүүлүктө канча болсо сыйлашуу,
Өлгөндө да шончо болор ыйлашуу.
Ажал келер уурулардай сыр айтпай,
Биз кетербиз, бирок калат турак жай.
Турак жайга тутка болот балабыз,
Караңгы үйдү жарык кылган чырактай.
Артыбызда өрнөк калса түңүлбөс…
Балдар менен тирүү жашаар тирүү кез.
Акыл-насаат сөзүбүздү эскерсе,
Анда биздин жоктугубуз билинбес.

Назира СААЛИЕВА

P.S. Эртең, 30-декабрда, Кудай буйруса жолугушабыз. Эстафета катышуучуларына Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин үй-бүлөсүнүн жана биздин сайттын чакан белектери бар. Даректи жазабыз. Биздин сайттан алыстабаңыздар!

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.