Эстафетага катышкандарга «Алакан» сайты терең ыраазычылык билдирет! (11 ВИДЕО)

Эстафетага катышкандарга «Алакан» сайты терең ыраазычылык билдирет! (11 ВИДЕО)

«Тандалма». «Каалга». «Мелис менен Эрнис»

Кечээ жолборс жылын узатып, коён жылын тосуп алдык. Ошол күндүн алдында — 30-декабрда тээ май айында Кыргыз Эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арнап баштаган эстафетабызды жыйынтыктадык.

Катышуучуларыбызга жөрөлгөсү кылып даярдаган чакан китеп-белектерибиз бар эле, аларды А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада Байдылда атабыздын небереси Дилбар экөөбүз тапшырдык. Чукул чакырып калганыбыздан бардык катышуучуларыбыз келе алган жок. Негизи эстафетабыз 18-декабрда эле жыйынтыкталмак. Болгону эстафета узатылып, кабардар болуп калган катышуучуларыбыз бар эле, балким, ыр окуп же ырдап жөнөтүп калышса, байкабай калтырып койбойлу деп жыйынтыкты жыл соңуна чейин бир аз кечеңдеттик…

Эң кенже катышуучубуз Элдарыбыз узаткан эстафетага жооп жетишип калса экен деп тынчсыздандык эле, ырчы жигит Гүлжигит Сатыбеков чет жактан келер менен жооп узатып, эстафетабызга финалдык жакшы маанай тартуулады…

Байдылда атабыздын небереси Дилбар…

Байдылда атабыздын үй-бүлөсүнүн атынан китеп-белекти тапшырган Дилбар Байдылда атабыздын экинчи кызы Карлыгач эженин кызы. Ажарына жараша жаркылдаган мүнөзү, сезимтал, назик жан дүйнөсү бар кыз. Жыл башынан бери таятасынын 90 жылдыгына арналып келаткан иш-чаралардын ар бирин кубануу менен кабыл алып, эстафетабыздын катышуучуларына Сарногоевдердин атынан ыраазычылык билдирип, Байдылда атабыздын «Тандалма» аттуу көлөмдүү ыр жыйнак китебин тапшырды.

Ал эми биздин «Алакан» сайтыбыз, ушул сайтты негиздеп, мага эстеликке калтырып, бул жашоодон эрте кеткен журналист, акын, котормочу, философ жолдошум Эрнис АСЕК уулунун «Каалга» аттуу ыр жыйнагын жана «Мелис менен Эрнис» китебин, чакан бир күндөлүк тапшырдык.
Эстафетабызга 7 облустан 38 адам катышып, Байдылда атабыздын ырларын окуп, обондуу ырларын ырдап беришкен. Жолу алысыраак Талас, Ош, Жалал-Абадда жашагандар жыйынтык иш-чарабызга келе албай калышып, ордуларына өкүл жиберишти… Ден соолугуна байланыштуу келе албай калгандар болду… Башта белгилегендей, чукул чакырып калганыбыздан кабардар болбой калгандар да болду, ал үчүн абдан кечирим сурайбыз. Биздин сайт азыр туруктуу бир дарекке жайгаша албай, «көчмөн» турмушта иштеп жаткандыктан, эстафета жыйынтыгы өтчү дарек-жай кечирээк такталып калды… Бишкекке келген учурларда (0707) 861792 телефонуна байланышып (ишемби, жекшемби күндөрү)
белектериңиздерди алып кетсеңиздер болот.

Ал эми алтындай убактыларын бөлүп жыйынтык иш-чарабызга келгендер жаңы жылдык маанай менен келип, ошол маанайды тартуулап узашты: Байдылда атабыздын ырларынан окуп, жакшы каалоо-тилектерин айтышты…

Жазуучулар Союзунун төрагасы, мыкты акын Нурлан Калыбеков иш-чарабыздын башын ачып, Байдылда атабызга арнаган ырын окуп, адабиятка байланыштуу көп жаңылыктарды айтып, эстафетанын Кочкордон келген эң кенже катышуучусу, 4-класстын окуучусу Элдар Темирбековго белек китептерди тапшырып, батасын берди.

Төмөндөгү тасмадан көрсөңүздөр болот:

Эстафетага катышкандарга терең ыраазычылык билдиребиз!

Талант баалаган, Байдылда атабызды сыйлаган, жок дебей эстафетага жооп берип, узатып катышып берген жакшыларга, асылдарга «Алакан» сайты терең ыраазычылык билдирет!

Сиздердей улут асылдарын, улут таланттарын баалаган адамдар турганда, кыргыз элим турганда Байдылда атабыз, дегеле кыргыздын мыкты таланттарынын аты да, даңкы да, баркы да кемибейт, өчпөйт, унутулбайт!
Айтмакчы, кечээ демейде жаабаган аппак кар азыраак себелеп эл көңүлүн көтөрүп, жаңы жылдык маанай тартуулады окшойт. Ушул жылда баарыңыздарга кардай аппак таза ой-тилек, максаттарды, жаратмандыкты, чың ден соолукту каалайбыз. Кудайдын буйругу жана колдоосу менен бардык муктаждыгыңыздар, кем-карчыңыздар эч кыйынчылыксыз чечилишине тилектешпиз. Бар болуңуздар, эл ичиндеги биз сыйлаган, биз сыймыктанган жакшыларым! Маркум жолдошум Эрнис айтып кеткендей, «Тирүүлүктүн өзү чоң майрам»

Назира СААЛИЕВА

P.S. Видеолорду тарткан 8-класстын окуучусу Каухар Мирлан кызы, сүрөттөрдү тартып, тасма жасаган 7-класстын окуучусу Акак Жакшылыкова.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.